Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 塔哈   段:
وَأَنَا ٱخۡتَرۡتُكَ فَٱسۡتَمِعۡ لِمَا يُوحَىٰٓ
Оо, Муса! Менин буйруктарымды жеткириш үчүн Биз сени тандадык. Эми Мен сага вахий кылган нерселерге кулак сал.
阿拉伯语经注:
إِنَّنِيٓ أَنَا ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعۡبُدۡنِي وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِذِكۡرِيٓ
«Албетте Мен Аллахмын! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мага гана сыйын жана Мени эстөө үчүн намазды толук аткар!
阿拉伯语经注:
إِنَّ ٱلسَّاعَةَ ءَاتِيَةٌ أَكَادُ أُخۡفِيهَا لِتُجۡزَىٰ كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا تَسۡعَىٰ
Ар бир жан кылган жакшы-жаман иштеринин сыйлык-жазасын алыш үчүн кыямат кайым сөзсүз келет жана болот. Мен анын убактысын жашырып койгом, аны эч бир макулук билбейт. Бирок пайгамбар айткан анын белгилерин билишет.
阿拉伯语经注:
فَلَا يَصُدَّنَّكَ عَنۡهَا مَن لَّا يُؤۡمِنُ بِهَا وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ فَتَرۡدَىٰ
Сени ага ишенүүдөн жана жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүүдөн ага ишенбеген жана напсилери каалаган арам нерселерди ээрчиген каапырлар сени тосуп коюшпасын! Болбосо ал себептүү сен кыйроого учурайсың.
阿拉伯语经注:
وَمَا تِلۡكَ بِيَمِينِكَ يَٰمُوسَىٰ
Оо, Муса! Оң колуңдагы эмне?».
阿拉伯语经注:
قَالَ هِيَ عَصَايَ أَتَوَكَّؤُاْ عَلَيۡهَا وَأَهُشُّ بِهَا عَلَىٰ غَنَمِي وَلِيَ فِيهَا مَـَٔارِبُ أُخۡرَىٰ
Муса айтты: «Бул менин таягым. Басканда таянамын жана койлорума жалбырак күүп беремин. Мындан башка да пайдалары көп».
阿拉伯语经注:
قَالَ أَلۡقِهَا يَٰمُوسَىٰ
Аллах айтты: «Оо, Муса! Аны жерге ташта!».
阿拉伯语经注:
فَأَلۡقَىٰهَا فَإِذَا هِيَ حَيَّةٞ تَسۡعَىٰ
Муса аны таштады эле, ал сойлогон чоң жыланга айланды.
阿拉伯语经注:
قَالَ خُذۡهَا وَلَا تَخَفۡۖ سَنُعِيدُهَا سِيرَتَهَا ٱلۡأُولَىٰ
Аллах Мусага айтты: «Таякты кайра ал! Анын жыланга айланганынан коркпо! Сен аны колуңа алганда Биз аны баштапкы абалына келтирип коёбуз».
阿拉伯语经注:
وَٱضۡمُمۡ يَدَكَ إِلَىٰ جَنَاحِكَ تَخۡرُجۡ بَيۡضَآءَ مِنۡ غَيۡرِ سُوٓءٍ ءَايَةً أُخۡرَىٰ
Жана колуңду колтугуңа сал, ал ала оору эмес аппак нурдуу болуп чыгат. Бул сенин экинчи керемет белгиң болот.
阿拉伯语经注:
لِنُرِيَكَ مِنۡ ءَايَٰتِنَا ٱلۡكُبۡرَى
Оо, Муса! Биз кудуретибизди жана сен Аллах тараптан жиберилген элчи экендигиңди билдирген улуу керемет-белгилерибизди көргөзүш үчүн Биз сага ушул эки белгини көргөздүк.
阿拉伯语经注:
ٱذۡهَبۡ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ
Оо, Муса! Фараонго бар! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти.
阿拉伯语经注:
قَالَ رَبِّ ٱشۡرَحۡ لِي صَدۡرِي
Муса айтты: «Раббим! Ызаларга чыдаш үчүн, менин көкүрөгүмдү кенен кыл!
阿拉伯语经注:
وَيَسِّرۡ لِيٓ أَمۡرِي
Иштеримди жеңил кыл!
阿拉伯语经注:
وَٱحۡلُلۡ عُقۡدَةٗ مِّن لِّسَانِي
Чечендик менен таза сүйлөөгө жөндөм бер!
阿拉伯语经注:
يَفۡقَهُواْ قَوۡلِي
Сенин буйруктарыңды жеткиргенде сөздөрүмдү түшүнүүлөрү үчүн.
阿拉伯语经注:
وَٱجۡعَل لِّي وَزِيرٗا مِّنۡ أَهۡلِي
Мага өз үй-бүлөмдөн иштериме жардам кылган жардамчы бер!
阿拉伯语经注:
هَٰرُونَ أَخِي
Имрандын уулу Харун бир тууганымды.
阿拉伯语经注:
ٱشۡدُدۡ بِهِۦٓ أَزۡرِي
Ал себептүү белимди кубаттуу кыл.
阿拉伯语经注:
وَأَشۡرِكۡهُ فِيٓ أَمۡرِي
Аны пайгамбарчылыкта мени менен шерик кыл!
阿拉伯语经注:
كَيۡ نُسَبِّحَكَ كَثِيرٗا
Сени көп-көп аруулашыбыз үчүн.
阿拉伯语经注:
وَنَذۡكُرَكَ كَثِيرًا
Жана Сени көп-көп зикир кылышыбыз үчүн.
阿拉伯语经注:
إِنَّكَ كُنتَ بِنَا بَصِيرٗا
Чындыгында Сен бизди көрүп турасың. Биздин ишибиздин эч бири Сага жашыруун эмес».
阿拉伯语经注:
قَالَ قَدۡ أُوتِيتَ سُؤۡلَكَ يَٰمُوسَىٰ
Аллах айтты: «Оо, Муса! Биз сага сураганыңдын баарын бердик».
阿拉伯语经注:
وَلَقَدۡ مَنَنَّا عَلَيۡكَ مَرَّةً أُخۡرَىٰٓ
Биз сага мындан башка дагы жакшылыктарды кылганбыз.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• وجوب حسن الاستماع في الأمور المهمة، وأهمها الوحي المنزل من عند الله.
Маанилүү иштерге жакшылап кулак салуу милдет. Алардын эң маанилүүсү – Аллах тараптан түшкөн вахий.

• اشتمل أول الوحي إلى موسى على أصلين في العقيدة وهما: الإقرار بتوحيد الله، والإيمان بالساعة (القيامة)، وعلى أهم فريضة بعد الإيمان وهي الصلاة.
Мусага түшкөн эң биринчи вахий ишенимдин эки негизин өзүнө камтыган: Аллахтын жалгыздыгын моюнга алуу жана кыямат кайымга ишенүү. Ошондой эле ыймандан кийин эле чоң мааниге ээ болгон намазды өзүнө камтыган.

• التعاون بين الدعاة ضروري لإنجاح المقصود؛ فقد جعل الله لموسى أخاه هارون نبيَّا ليعاونه في أداء الرسالة.
Ыйманга чакыргандар максатка жетүүдө бири-бирине жардам берүүсү зарыл. Аллах Мусага бир тууганы Харунду пайгамбарлык милдетти аткарууда жардамчы кылды.

• أهمية امتلاك الداعية لمهارة الإفهام للمدعوِّين.
Адамдарды ыйманга чакыруучу айткандарын жакшы түшүндүрүп берүүчү жөндөмгө ээ болуусу маанилүү.

 
含义的翻译 章: 塔哈
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭