Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 塔哈   段:

Taxa

每章的意义:
السعادة باتباع هدى القرآن وحمل رسالته، والشقاء بمخالفته.
Бактылуулук - Курандын жолун ээрчип, динди карманууда, бактысыздык - ага каршы чыгууда

طه
Таа-хаа. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
阿拉伯语经注:
مَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ لِتَشۡقَىٰٓ
Оо, пайгамбар! Биз сага бул Куранды коомуңдун сага ыйман келтирбей баш тартканына кейип өз жаныңды кыйнаш үчүн түшүргөн жокпуз.
阿拉伯语经注:
إِلَّا تَذۡكِرَةٗ لِّمَن يَخۡشَىٰ
Биз аны Аллахтан корккон адамдарга эскертме катары түшүрдүк.
阿拉伯语经注:
تَنزِيلٗا مِّمَّنۡ خَلَقَ ٱلۡأَرۡضَ وَٱلسَّمَٰوَٰتِ ٱلۡعُلَى
Аны Жерди жараткан жана бийик асмандарды жараткан Аллах түшүрдү. Ал – ыйык Куран. Анткени ал Улуу Зат тараптан түшкөн.
阿拉伯语经注:
ٱلرَّحۡمَٰنُ عَلَى ٱلۡعَرۡشِ ٱسۡتَوَىٰ
Ал Ырайымдуу, Өзүнүн улуктугуна ылайык деңгээлде Аршка көтөрүлдү жана бийиктеди.
阿拉伯语经注:
لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَمَا تَحۡتَ ٱلثَّرَىٰ
Жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда Асмандардагы, Жердеги жана топурак астындагы бардык жаратылгандар жалгыз Ага гана таандык.
阿拉伯语经注:
وَإِن تَجۡهَرۡ بِٱلۡقَوۡلِ فَإِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلسِّرَّ وَأَخۡفَى
Оо, пайгамбар! Сен үнүндү чыгарып же шыбырап сүйлөсөң да Аллах анын баарын билет. Ал сырларды жана андан да жашыруун болгон ичтеги ойлорду билет. Бул нерселердин эч бири Ага жашыруун эмес.
阿拉伯语经注:
ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ لَهُ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰ
Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын Өзүнө гана кемчиликсиз эң көркөм ысымдар таандык.
阿拉伯语经注:
وَهَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ مُوسَىٰٓ
Оо, пайгамбар! Сага Имрандын уулу Мусанын кабары келди.
阿拉伯语经注:
إِذۡ رَءَا نَارٗا فَقَالَ لِأَهۡلِهِ ٱمۡكُثُوٓاْ إِنِّيٓ ءَانَسۡتُ نَارٗا لَّعَلِّيٓ ءَاتِيكُم مِّنۡهَا بِقَبَسٍ أَوۡ أَجِدُ عَلَى ٱلنَّارِ هُدٗى
Ал жолдо баратып бир маалда отту көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде туруп тургула! Мен от көрдүм. Мүмкүн барып чок алып келермин же жолду көргөзгөн бирөө-жарымды табармын» – деди.
阿拉伯语经注:
فَلَمَّآ أَتَىٰهَا نُودِيَ يَٰمُوسَىٰٓ
Ал отко жакын келгенде Аллах таала: «Оо, Муса!» – деп чакырды.
阿拉伯语经注:
إِنِّيٓ أَنَا۠ رَبُّكَ فَٱخۡلَعۡ نَعۡلَيۡكَ إِنَّكَ بِٱلۡوَادِ ٱلۡمُقَدَّسِ طُوٗى
«Мен сенин Раббиңмин! Мени менен сырдашып сүйлөшүү үчүн бут кийимиңди чеч! Чындыгында сен ыйык Тува өрөөнүндөсүң.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• ليس إنزال القرآن العظيم لإتعاب النفس في العبادة، وإذاقتها المشقة الفادحة، وإنما هو كتاب تذكرة ينتفع به الذين يخشون ربهم.
Ыйык Куран ибадат кылууда жанды кыйнаш үчүн же ага ашыкча машакаттарды жаратыш үчүн түшкөн эмес. Чындыгында ал Раббисинен корккондор пайда алган эскертме Китеп.

• قَرَن الله بين الخلق والأمر، فكما أن الخلق لا يخرج عن الحكمة؛ فكذلك لا يأمر ولا ينهى إلا بما هو عدل وحكمة.
Аллах жаратуу менен буйрук берүүнү бирге айтты. Жаратуу даанышмандык чегинен чыкпаган сыяктуу эле Аллах эмнеге буйрубасын же эмнеден тыйбасын, ошол нерсе да адилеттик жана даанышмандык болуп эсептелет.

• على الزوج واجب الإنفاق على الأهل (المرأة) من غذاء وكساء ومسكن ووسائل تدفئة وقت البرد.
Күйөө үчүн аялын тамак-аш, кийим-кечек, турак-жай жана суукта жылытуу менен аны камсыздоо парз болуп саналат.

 
含义的翻译 章: 塔哈
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭