Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 优素福   段:
قَالُوٓاْ أَضۡغَٰثُ أَحۡلَٰمٖۖ وَمَا نَحۡنُ بِتَأۡوِيلِ ٱلۡأَحۡلَٰمِ بِعَٰلِمِينَ
Алар айтышты: «Көргөн түшүңүз чаташкан түш экен. Эгер ушундай болсо, анда ал жорулбайт. Биз чаташкан түштөрдү жоруй албайбыз».
阿拉伯语经注:
وَقَالَ ٱلَّذِي نَجَا مِنۡهُمَا وَٱدَّكَرَ بَعۡدَ أُمَّةٍ أَنَا۠ أُنَبِّئُكُم بِتَأۡوِيلِهِۦ فَأَرۡسِلُونِ
Ошондо зындандан аман чыккан шарап куюучу Юсуфтун түштү жакшы жоруганын жана анын абалын көп убакыттан кийин эсине түшүрүп: «Мен сиздерге падышанын көргөн түшү кандай жоруларын түш жоруганды жакшы билген бирөөдөн сиздерге суратып берейин. Оо, падыша! Мени Юсуфка жибериңиз, түшүңүздү жорутуп келейин» – деди.
阿拉伯语经注:
يُوسُفُ أَيُّهَا ٱلصِّدِّيقُ أَفۡتِنَا فِي سَبۡعِ بَقَرَٰتٖ سِمَانٖ يَأۡكُلُهُنَّ سَبۡعٌ عِجَافٞ وَسَبۡعِ سُنۢبُلَٰتٍ خُضۡرٖ وَأُخَرَ يَابِسَٰتٖ لَّعَلِّيٓ أَرۡجِعُ إِلَى ٱلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَعۡلَمُونَ
Аман чыкканы Юсуфка келип айтты: «Оо, Юсуф! Оо, чынчыл жигит! Бирөө түшүндө жети семиз уй көрүп, аларды жети арык уй жеп жаткан экен. Ошондой эле жети даана жашыл машак жана жети даана куураган машак көрүптүр. Бизге бул түштү жоруп бер. Мен падышага жана анын жанындагыларга барып айтайын. Балким алар падышанын түшүнүн маанисин билишер жана сенин артыкчылыгыңды жана кадырыңды баамдашар.
阿拉伯语经注:
قَالَ تَزۡرَعُونَ سَبۡعَ سِنِينَ دَأَبٗا فَمَا حَصَدتُّمۡ فَذَرُوهُ فِي سُنۢبُلِهِۦٓ إِلَّا قَلِيلٗا مِّمَّا تَأۡكُلُونَ
Юсуф бул түштү жоруп мындай деди: «Жети жыл бою жакшылап буудай эгесиңер. Ошол жети жылдын ар бир жылында жыйнаган түшүмдөн өзүңөргө жете тургандай аз гана бөлүгүн жегенге жанчып алып, ал эми калган бөлүгүн курттап кетпеш үчүн машагы менен калтырасыңар.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ يَأۡتِي مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ سَبۡعٞ شِدَادٞ يَأۡكُلۡنَ مَا قَدَّمۡتُمۡ لَهُنَّ إِلَّا قَلِيلٗا مِّمَّا تُحۡصِنُونَ
Андан соң ошол мол түшүмдүү жети жылдан кийинки жети жыл кургакчылык болот. Ошол жылдары адамдар мол түшүмдүү жылдары жыйнап сактап койгон түшүмдүн аз гана бөлүгүн урукка алып калышат да калганын өздөрү жешет.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ يَأۡتِي مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ عَامٞ فِيهِ يُغَاثُ ٱلنَّاسُ وَفِيهِ يَعۡصِرُونَ
Андан соң ошол кургакчылык жылдардан кийинки жылы көп жамгыр жаайт, эгиндер көктөйт жана адамдар жүзүм, зайтун, кант камышы сымал керектүү жемиштердин ширелерин сыгып алышат».
阿拉伯语经注:
وَقَالَ ٱلۡمَلِكُ ٱئۡتُونِي بِهِۦۖ فَلَمَّا جَآءَهُ ٱلرَّسُولُ قَالَ ٱرۡجِعۡ إِلَىٰ رَبِّكَ فَسۡـَٔلۡهُ مَا بَالُ ٱلنِّسۡوَةِ ٱلَّٰتِي قَطَّعۡنَ أَيۡدِيَهُنَّۚ إِنَّ رَبِّي بِكَيۡدِهِنَّ عَلِيمٞ
Падышанын түшүн Юсуф кандай жоруганын уккандан кийин жан-жөкөрлөрүнө: «Аны зындандан чыгаргыла да мага алып келгиле!» – деди. Юсуфка падышадан элчи келгенде ал ага айтты: «Башчы кожоюнуңа барып колдорун кесишкен аялдардын окуясын сурагын. Чындыгында Раббим алардын мени азгырганын Билүүчү. Ага бул нерсенин эч бири жашыруун эмес». Ал муну зындандан чыгардан мурун өзүнүн актыгын билдириш үчүн айтты.
阿拉伯语经注:
قَالَ مَا خَطۡبُكُنَّ إِذۡ رَٰوَدتُّنَّ يُوسُفَ عَن نَّفۡسِهِۦۚ قُلۡنَ حَٰشَ لِلَّهِ مَا عَلِمۡنَا عَلَيۡهِ مِن سُوٓءٖۚ قَالَتِ ٱمۡرَأَتُ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡـَٰٔنَ حَصۡحَصَ ٱلۡحَقُّ أَنَا۠ رَٰوَدتُّهُۥ عَن نَّفۡسِهِۦ وَإِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Падыша (Малик) аялдарга кайрылып: "Эмне үчүн Юсуфту өзүңөр менен бузуку ишке баруусун талап кылдыңар?" деди. Аялдар: "Аллахка ант болсун, биз анын эч жамандыгын көрбөдүк, ага жалаа жабылып жатат" деп жооп беришти. Ошондо ызаттуу кишинин аялы (Зулайка) айыбын моюнуна алып: "Чындык ачыкка чыкты, мен аны азгырууга аракет кылгам, ал мени азгырган эмес, анын өзүнүн тазалыгы жана менин жалган жалаам тууралуу айтканы чындык" деди.
阿拉伯语经注:
ذَٰلِكَ لِيَعۡلَمَ أَنِّي لَمۡ أَخُنۡهُ بِٱلۡغَيۡبِ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي كَيۡدَ ٱلۡخَآئِنِينَ
Вазирдин аялы айтты: «Мен аны өзүм азгырганымды жана күйөөм жокто ага кыянаттык кылбаганым чын деп айткан сөзүн мойнума алып жатканымды Юсуф билсин. Мен мындан жалган айткандар менен айла-амал кылгандарга Аллах ийгилик бербесин түшүндүм».
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• من كمال أدب يوسف أنه أشار لحَدَث النسوة ولم يشر إلى حَدَث امرأة العزيز.
Юсуфтун вазирдин аялы менен болгон окуяны айтпастан, аялдар менен болгон окуяны айтканы – анын толук адептүүлүгүнөн.

• كمال علم يوسف عليه السلام في حسن تعبير الرؤى.
Юсуф пайгамбардын түштү туура жоруу боюнча илиминин толуктугу.

• مشروعية تبرئة النفس مما نُسب إليها ظلمًا، وطلب تقصّي الحقائق لإثبات الحق.
Зулумдук менен жалган жалаага кабылган адамды актоонун жана чындыкты тастыкташ үчүн баарын терең карап чыгууну талап кылуунун уруксаттыгы.

• فضيلة الصدق وقول الحق ولو كان على النفس.
Чындыктын артыкчылыгы жана адамга жакпаса дагы чындыкты айтуу.

 
含义的翻译 章: 优素福
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭