Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 优素福   段:
قَالَ يَٰبُنَيَّ لَا تَقۡصُصۡ رُءۡيَاكَ عَلَىٰٓ إِخۡوَتِكَ فَيَكِيدُواْ لَكَ كَيۡدًاۖ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ لِلۡإِنسَٰنِ عَدُوّٞ مُّبِينٞ
Якуб баласы Юсуфка мындай деп айтты: “Эй, балам! Бул түшүңдү агаларыңа айтпа. Түшүнүп калып сени көрө албай жүрбөсүн. Көралбастыктын айынан сага айла-амал кылып жүрбөсүн. Чындыгында, шайтан адамга ачык душман болду”.
阿拉伯语经注:
وَكَذَٰلِكَ يَجۡتَبِيكَ رَبُّكَ وَيُعَلِّمُكَ مِن تَأۡوِيلِ ٱلۡأَحَادِيثِ وَيُتِمُّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكَ وَعَلَىٰٓ ءَالِ يَعۡقُوبَ كَمَآ أَتَمَّهَا عَلَىٰٓ أَبَوَيۡكَ مِن قَبۡلُ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡحَٰقَۚ إِنَّ رَبَّكَ عَلِيمٌ حَكِيمٞ
Оо, Юсуф! Сен бул түштү көрүшүң менен сени Раббиң тандап алат. Жана сага түш жорууну үйрөтөт жана сага пайгамбарлык берет. Ата-бабаларың Ибрахим жана Исхак пайгамбарларга Өз жакшылыктарын толуктап бергендей эле сага да жакшылыктарын толуктап берет. Чындыгында, Раббиң жараткан маклуктарын Билүүчү. Башкаруусунда Даанышман.
阿拉伯语经注:
۞ لَّقَدۡ كَانَ فِي يُوسُفَ وَإِخۡوَتِهِۦٓ ءَايَٰتٞ لِّلسَّآئِلِينَ
Чынында Юсуф туурасында жана анын агалары туурасындагы кабарларда сураган адамдар үчүн сабактар жана эскертемелер бар.
阿拉伯语经注:
إِذۡ قَالُواْ لَيُوسُفُ وَأَخُوهُ أَحَبُّ إِلَىٰٓ أَبِينَا مِنَّا وَنَحۡنُ عُصۡبَةٌ إِنَّ أَبَانَا لَفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ
Анын агалары өз ара сүйлөшкөн кезде бири-бирине мындай деп айтышты: “Биздин бир тууганыбыз Юсуф биз көпчүлүк болсок да атабызга бизге караганда сүйкүмдүү
阿拉伯语经注:
ٱقۡتُلُواْ يُوسُفَ أَوِ ٱطۡرَحُوهُ أَرۡضٗا يَخۡلُ لَكُمۡ وَجۡهُ أَبِيكُمۡ وَتَكُونُواْ مِنۢ بَعۡدِهِۦ قَوۡمٗا صَٰلِحِينَ
Юсуфту өлтүргүлө же алыс жерге алып барып жок кылгыла. Ошондо атаңардын жүзү силерге бурулуп силерди толук жакшы көрүп калат. Силер Юсуфту өлтүрүп же жок кылгандан кийин кылган күнөөңөр үчүн тообо кылып жакшы адамдардан болосуңар.
阿拉伯语经注:
قَالَ قَآئِلٞ مِّنۡهُمۡ لَا تَقۡتُلُواْ يُوسُفَ وَأَلۡقُوهُ فِي غَيَٰبَتِ ٱلۡجُبِّ يَلۡتَقِطۡهُ بَعۡضُ ٱلسَّيَّارَةِ إِن كُنتُمۡ فَٰعِلِينَ
Агаларынын бирөөсү айтты: “Юсуфту өлтүрбөгүлө. Бирок аны кудуктун түбүнө таштап жибергиле. Кудуктун жанынан өткөн мусапырлар аны алып кетишет. Ошондо аны өлтүрүүдөн бир аз жеңилирээк болот. Эгерде ушул туурасында айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда ушундай кылгыла”.
阿拉伯语经注:
قَالُواْ يَٰٓأَبَانَا مَا لَكَ لَا تَأۡمَ۬نَّا عَلَىٰ يُوسُفَ وَإِنَّا لَهُۥ لَنَٰصِحُونَ
Качан алар Юсуфту алыска алып барып таштайбыз деген бир сөзгө келишкенде атасы Якубка келип мындай деп айтышты: “Оо, атаке! Эмнеге Юсуфту бизге берип ишене албайсыз? Биз ага ырайым кылып зыян келген нерседен сактайбыз. Юсуф сизге кайтып келгиче биз аны сактап жана коргоп боорукерлик менен алып барып келебиз. Юсуфту биз менен жөнөтүүгө сизди эмне тосуп жатат?”.
阿拉伯语经注:
أَرۡسِلۡهُ مَعَنَا غَدٗا يَرۡتَعۡ وَيَلۡعَبۡ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ
Эртең Юсуфту биз менен барып тамак жеп эс алып ойноп келүүсүнө уруксат бериңиз. Биз ага жеткен бардык зыяндардан аны сактап жүрөбүз.
阿拉伯语经注:
قَالَ إِنِّي لَيَحۡزُنُنِيٓ أَن تَذۡهَبُواْ بِهِۦ وَأَخَافُ أَن يَأۡكُلَهُ ٱلذِّئۡبُ وَأَنتُمۡ عَنۡهُ غَٰفِلُونَ
Якуб балдарына мындай деп айтты: “Юсуф менен барганыңар мени капаландырат. Анткени ал менден ажырагандыгына сабыр кыла албаймын. Силер ойноп эс алып жатып андан кабарсыз калганда аны карышкыр жеп кетишинен коркомун.
阿拉伯语经注:
قَالُواْ لَئِنۡ أَكَلَهُ ٱلذِّئۡبُ وَنَحۡنُ عُصۡبَةٌ إِنَّآ إِذٗا لَّخَٰسِرُونَ
Алар атасына айтышты: “Эгерде ага карышкыр кол сала турган болсо, биз жамаат болуп туруп аны коргой албасак, анда бизден эч кандай пайда жок. Аны карышкырдан коруй албасак, анда биз зыянга учурап калабыз.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• ثبوت الرؤيا شرعًا، وجواز تعبيرها.
Түштүн шариятта келгендиги анык жана аны жорууга уруксат.

• مشروعية كتمان بعض الحقائق إن ترتب على إظهارها شيءٌ من الأذى.
Кээ бир акыйкатты ачык айтууда кандайдыр бир зыян болсо, аны жашыруу шариятта уруксат.

• بيان فضل ذرية آل إبراهيم واصطفائهم على الناس بالنبوة.
Ибрахим пайгамбардын урпагынын артыкчылыгы жана алардын адамдарга пайгамбар болуп тандалуусун баяндоо.

• الميل إلى أحد الأبناء بالحب يورث العداوة والحسد بين الإِخوة.
Балдарынын бирөөсүн жакшы көрүп ага жан тартуу, бир туугандардын арасында душманчылык менен көрө албастык жаратат.

 
含义的翻译 章: 优素福
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭