Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 优素福   段:
فَلَمَّا سَمِعَتۡ بِمَكۡرِهِنَّ أَرۡسَلَتۡ إِلَيۡهِنَّ وَأَعۡتَدَتۡ لَهُنَّ مُتَّكَـٔٗا وَءَاتَتۡ كُلَّ وَٰحِدَةٖ مِّنۡهُنَّ سِكِّينٗا وَقَالَتِ ٱخۡرُجۡ عَلَيۡهِنَّۖ فَلَمَّا رَأَيۡنَهُۥٓ أَكۡبَرۡنَهُۥ وَقَطَّعۡنَ أَيۡدِيَهُنَّ وَقُلۡنَ حَٰشَ لِلَّهِ مَا هَٰذَا بَشَرًا إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا مَلَكٞ كَرِيمٞ
Вазирдин аялы алардын жамандагандарын жана ал жөнүндө ушактагандарын укканда алар өздөрү Юсуфту көрүшсүн, анан аны жемелегенин токтотушат деп аларга адам жиберип чакыртты. Алар үчүн төшөктөрдү салып, жаздыктарды коюп атайын жай даярдады да келген аялдардын ар бирине мөмө-жемиш кесип жесин деп бирден бычак берип: «Булардын алдына чык!» – деп Юсуфка айтты. Алар аны көрүшөрү менен ушунчалык улуктап, анын сулуулугуна акыл-эстен тана таңданышып, акыры ушунчалык суктангандарынан мөмө-жемиш кесиш үчүн берилген бычактар менен колдорун кесе башташты. Алар: «Аллах аруу! Бул бала адамзаттан эмес. Бул анык эле кереметтүү периштелердин бири го!» – дешти.
阿拉伯语经注:
قَالَتۡ فَذَٰلِكُنَّ ٱلَّذِي لُمۡتُنَّنِي فِيهِۖ وَلَقَدۡ رَٰوَدتُّهُۥ عَن نَّفۡسِهِۦ فَٱسۡتَعۡصَمَۖ وَلَئِن لَّمۡ يَفۡعَلۡ مَآ ءَامُرُهُۥ لَيُسۡجَنَنَّ وَلَيَكُونٗا مِّنَ ٱلصَّٰغِرِينَ
Аялдар өздөрүнө эмне болгонун көрүшкөндө вазирдин аялы аларга айтты: «Аны сүйүп калганым үчүн силер мени айыптаган жигит ушул! Мен андан сурандым, аны азгырыштын айласын издедим, бирок ал баш тартты. Эгерде ал мен талап кылганды келечекте кылбай турган болсо, анда ал сөзсүз зынданга кирет жана кордолгондордон болот».
阿拉伯语经注:
قَالَ رَبِّ ٱلسِّجۡنُ أَحَبُّ إِلَيَّ مِمَّا يَدۡعُونَنِيٓ إِلَيۡهِۖ وَإِلَّا تَصۡرِفۡ عَنِّي كَيۡدَهُنَّ أَصۡبُ إِلَيۡهِنَّ وَأَكُن مِّنَ ٱلۡجَٰهِلِينَ
Юсуф пайгамбар Раббисине дуба кылып айтты: «Оо, Раббим! Алар мени чакырып жаткан бузукулукка караганда коркутуп жатышкан зынданы мага сүйүктүүрөөк. Эгерде Сен мени алардын айла-амалдарынан куткарбасаң, аларга тартылып кетем. А эгер аларга тартылып кетсем, анда наадандардан болуп калам жана алар менден каалап жатышкандарын ишке ашырышат».
阿拉伯语经注:
فَٱسۡتَجَابَ لَهُۥ رَبُّهُۥ فَصَرَفَ عَنۡهُ كَيۡدَهُنَّۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Аллах анын дубасын кабыл кылды. Аны вазирдин аялы менен шаардык аялдардын айла-амалдарынан куткарды. Чындыгында Аллах таала Юсуфтун дубасын жана ар бир дуба кылуучунун дубасын Угуучу, анын жана башкалардын абалдарын Билүүчү.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ بَدَا لَهُم مِّنۢ بَعۡدِ مَا رَأَوُاْ ٱلۡأٓيَٰتِ لَيَسۡجُنُنَّهُۥ حَتَّىٰ حِينٖ
Вазир жана анын жан-жөөкөрлөрү далилдердин негизинде Юсуфтун күнөөсүз экендигин көрүшкөндөн кийин бул уят иш элге жайылып кетпесин деп белгисиз мөөнөткө аны зынданга отургузуу тууралуу ойго макулдашышты.
阿拉伯语经注:
وَدَخَلَ مَعَهُ ٱلسِّجۡنَ فَتَيَانِۖ قَالَ أَحَدُهُمَآ إِنِّيٓ أَرَىٰنِيٓ أَعۡصِرُ خَمۡرٗاۖ وَقَالَ ٱلۡأٓخَرُ إِنِّيٓ أَرَىٰنِيٓ أَحۡمِلُ فَوۡقَ رَأۡسِي خُبۡزٗا تَأۡكُلُ ٱلطَّيۡرُ مِنۡهُۖ نَبِّئۡنَا بِتَأۡوِيلِهِۦٓۖ إِنَّا نَرَىٰكَ مِنَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Аны зынданга отургузушту. Аны менен кошо эки жигит да отурду. Ошолордун бирөөсү Юсуфка: «Мен түшүмдө шарап жасаш үчүн жүзүм сыгып жатыптырмын» – деди, ал эми экинчиси болсо: «А мен түшүмдө башыма нан көтөрүп баратыпмын, андан чымчыктар жеп жатышыптыр» – деп түштөрүн айтып: «Оо, Юсуф! Эми түшүбүздү жоруп берчи. Биз сени жакшылыгын аябаган адамдардан деп ойлойбуз» – дешти.
阿拉伯语经注:
قَالَ لَا يَأۡتِيكُمَا طَعَامٞ تُرۡزَقَانِهِۦٓ إِلَّا نَبَّأۡتُكُمَا بِتَأۡوِيلِهِۦ قَبۡلَ أَن يَأۡتِيَكُمَاۚ ذَٰلِكُمَا مِمَّا عَلَّمَنِي رَبِّيٓۚ إِنِّي تَرَكۡتُ مِلَّةَ قَوۡمٖ لَّا يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ كَٰفِرُونَ
Юсуф айтты: «Экөөңөргө падыша жана башкалар тараптан берилген тамагыңар келгенге чейин силерге анын акыйкатын жана кандай болорун айтып берейин. Мына бу мен билген түш жоруу касиети мага Раббим үйрөткөн нерселерден. Бул көзү ачыктык же жыздыз төлгө эмес. Чындыгында мен Аллахка ыйман келтирбеген коомдун динин таштадым. Анткени алар акыретке ишенишпейт.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• بيان جمال يوسف عليه السلام الذي كان سبب افتتان النساء به.
Аялдардын азгырылышына себеп болгон Юсуф пайгамбардын сулуулугун баяндоо.

• إيثار يوسف عليه السلام السجن على معصية الله.
Юсуф пайгамбардын Аллахка баш ийбесттик кылуудан зынданга түшүүнү артык көрүүсү.

• من تدبير الله ليوسف عليه السلام ولطفه به تعليمه تأويل الرؤى وجعلها سببًا لخروجه من بلاء السجن.
Аллахтын Юсуф пайгамбарга түш жорууну үйрөтүүсү жана аны зындандагы балээлерден кутулуп чыгуусуна себеп кылуусу – Анын ага кылган мээримдүүлүгүнөн жана чечимдеринен.

 
含义的翻译 章: 优素福
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭