Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: Zumer   Ajeti:
قُلۡ إِنِّيٓ أُمِرۡتُ أَنۡ أَعۡبُدَ ٱللَّهَ مُخۡلِصٗا لَّهُ ٱلدِّينَ
Оо, пайгамбар! Айт: «Аллах мени чын ыкластан Ага гана ибадат кылууга буйруду.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَأُمِرۡتُ لِأَنۡ أَكُونَ أَوَّلَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Жана бул үммөттөн мени эң биринчи болуп Ага баш ийип, Аны ээрчигендерден болууга буйруду».
Tefsiret në gjuhën arabe:
قُلۡ إِنِّيٓ أَخَافُ إِنۡ عَصَيۡتُ رَبِّي عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
Оо, пайгамбар! Айт: «Эгер мен Аллахка баш ийбестик кылып, Ага моюн сунбасам, анда мага улуу кыямат күндөгү азап жетишинен коркомун».
Tefsiret në gjuhën arabe:
قُلِ ٱللَّهَ أَعۡبُدُ مُخۡلِصٗا لَّهُۥ دِينِي
Оо, пайгамбар! Айт: «Мен чын ыкластан ибадат кылып Аллахка гана сыйынам. Андан башка эч кимге сыйынбайм.
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَٱعۡبُدُواْ مَا شِئۡتُم مِّن دُونِهِۦۗ قُلۡ إِنَّ ٱلۡخَٰسِرِينَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ وَأَهۡلِيهِمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ أَلَا ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡخُسۡرَانُ ٱلۡمُبِينُ
Эй, мушриктер! Силер дагы Андан башка каалаган кудайларга сыйына бергиле (коркутуу максатта айтылган буйрук)». Оо, пайгамбар! Айт: «Чыныгы жоготууга учурагандар – алар өздөрүн жана үй-бүлөсүн зыянга учураткандар. Алар өздөрү гана бейишке киргени себептүү же алар менен бирге тозокко түшкөнү себептүү алардан бөлөк болгону үчүн аларды жолуктурбайт. Мына ушул эч кандай бүдөмүксүз ачык-айкын адашуу эмеспи!
Tefsiret në gjuhën arabe:
لَهُم مِّن فَوۡقِهِمۡ ظُلَلٞ مِّنَ ٱلنَّارِ وَمِن تَحۡتِهِمۡ ظُلَلٞۚ ذَٰلِكَ يُخَوِّفُ ٱللَّهُ بِهِۦ عِبَادَهُۥۚ يَٰعِبَادِ فَٱتَّقُونِ
Алар үчүн үстүлөрүндө түтүн, жалын жана ысыктык болот жана астыларында да түтүн, жалын жана ысыктык болот». Мына ушул айтылган азап менен Аллах пенделерин коркутат. Оо, пенделерим! Менин буйруктарыма баш ийип, тыюуларымды таштап Менден корккула!
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَٱلَّذِينَ ٱجۡتَنَبُواْ ٱلطَّٰغُوتَ أَن يَعۡبُدُوهَا وَأَنَابُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ لَهُمُ ٱلۡبُشۡرَىٰۚ فَبَشِّرۡ عِبَادِ
Ал эми айкелдерге сыйынуудан жана Аллахтан башка бардык сыйынылган нерселерден алыстагандарга жана тообо кылып Аллахка кайткандарга өлгөндө, кабырда жана кыяматта бейиш тууралуу куш кабар айтылат. Оо, пайгамбар! Пенделериме сүйүнчүлө!
Tefsiret në gjuhën arabe:
ٱلَّذِينَ يَسۡتَمِعُونَ ٱلۡقَوۡلَ فَيَتَّبِعُونَ أَحۡسَنَهُۥٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ هَدَىٰهُمُ ٱللَّهُۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمۡ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Ал эми сөзгө кулак салып, анын жакшы-жаманын айырмалап, пайдасы бар жакшы сөздөрдү ээрчигендерге – мына ушундай сыпаттагы адамдарга Аллах туура жолго карай ийгилик берет, мына ушулар туура акыл жүгүрткөндөр.
Tefsiret në gjuhën arabe:
أَفَمَنۡ حَقَّ عَلَيۡهِ كَلِمَةُ ٱلۡعَذَابِ أَفَأَنتَ تُنقِذُ مَن فِي ٱلنَّارِ
Оо, пайгамбар! Кимге каапырлыктан жана адашуудан баш тартпаганы үчүн азап сөзү милдет болсо, сен аны туура жолго салууга жана ийгилик берүүгө эч кандай айла таба албайсың. Оо, пайгамбар! Сен ушундай сыпаттагы адамды тозоктон куткара аласыңбы?
Tefsiret në gjuhën arabe:
لَٰكِنِ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ رَبَّهُمۡ لَهُمۡ غُرَفٞ مِّن فَوۡقِهَا غُرَفٞ مَّبۡنِيَّةٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ لَا يُخۡلِفُ ٱللَّهُ ٱلۡمِيعَادَ
Бирок Раббисинин буйруктарына баш ийип, тыюуларын таштап Андан корккондор үчүн биринин үстүнө бири курулган бийик бөлмөлөр бар, алардын алдыларынан дарыялар агып турат. Бул Аллахтын аларга берген анык убадасы. Аллах убадасын бузбайт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَسَلَكَهُۥ يَنَٰبِيعَ فِي ٱلۡأَرۡضِ ثُمَّ يُخۡرِجُ بِهِۦ زَرۡعٗا مُّخۡتَلِفًا أَلۡوَٰنُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَىٰهُ مُصۡفَرّٗا ثُمَّ يَجۡعَلُهُۥ حُطَٰمًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكۡرَىٰ لِأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Силер көрүп билесиңер, Аллах асмандан жамгыр суусун түшүрүп, аны булактарга жана агындарга киргизди. Кийин ал суу аркылуу түркүн түстөгү эгиндерди чыгарды. Кийин ал кургады. Эй, назар салуучу! Сен аны жапжашыл болгондон кийин саргайганын көрөсүң. Анан аны как кургагандан кийин сынма жана майдаланма кылып койду. Чындыгында бул айтылгандарда жүрөгү тирүү адамдар үчүн эскертмелер бар.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• إخلاص العبادة لله شرط في قبولها.
Ибадатты чын ыкластан Аллах үчүн кылуу анын кабыл болуш шарттарынан.

• المعاصي من أسباب عذاب الله وغضبه.
Күнөөлөр Аллахтын азабына жана каарынасебеп болот.

• هداية التوفيق إلى الإيمان بيد الله، وليست بيد الرسول صلى الله عليه وسلم.
Ыйманга карай туура жолго салуу пайгамбардын колунда эмес, Аллахтын гана колунда.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: Zumer
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll