Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: Zumer   Ajeti:

Аз-Зумар

Qëllimet e sures:
الدعوة للتوحيد والإخلاص، ونبذ الشرك.
Бир Кудайга сыйынуу ишенимине жана ыкластуулукка чакыруу, ширк кылуудан тыюу.

تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ
Куран китеби эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман Аллах тараптан гана түшкөн.
Tefsiret në gjuhën arabe:
إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ فَٱعۡبُدِ ٱللَّهَ مُخۡلِصٗا لَّهُ ٱلدِّينَ
Оо, пайгамбар! Биз сага акыйкатты камтыган Куранды түшүрдүк. Андагы кабарлардын баарысы чындык жана өкүмдөрдүн баарысы адилеттүү. Андыктан ширкти таштап, жалгыз Аллахка гана чын ыкластан сыйын!
Tefsiret në gjuhën arabe:
أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلۡخَالِصُۚ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ
Ширктен таза болгон дин Аллахка гана таандык! Ал эми Аллахтан башка кудайларды жана тагуттарды колдоочу тутуп аларга сыйынгандар бул кылгандарынын шылтоосу катары мындай деп айтышат: «Биз аларга бизди Аллахка бир аз болсо да жакындатсын, муктаждыктарыбызды Ага айтсын жана Анын алдында бизге ортомчулук кылышсын деп гана сыйынабыз». Чындыгында Аллах Ага гана сыйынган ыймандуулар менен мушрик каапырлардын ортосундагы Аллахты жалгыздоого байланышкан талаш-тартыштары тууралуу кыяматта өкүм кылат. Аллахтын шериги бар деп жана Анын жакшылыктарын танып кеткендерге Ал акыйкатка карай ийгилик бербейт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
لَّوۡ أَرَادَ ٱللَّهُ أَن يَتَّخِذَ وَلَدٗا لَّٱصۡطَفَىٰ مِمَّا يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ سُبۡحَٰنَهُۥۖ هُوَ ٱللَّهُ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّارُ
Эгерде Аллах балалуу болушун каалаганда, анда жараткандардын арасынан Өзү каалаганын тандап, аны бала кылып алмак. Аллах мушриктердин айткандарынан аруу! Ал Өз затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Жалгыз. Бул нерселерде Анын шериги жок. Ал бүткүл макулуктарды Багынтуучу.
Tefsiret në gjuhën arabe:
خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۖ يُكَوِّرُ ٱلَّيۡلَ عَلَى ٱلنَّهَارِ وَيُكَوِّرُ ٱلنَّهَارَ عَلَى ٱلَّيۡلِۖ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِي لِأَجَلٖ مُّسَمًّىۗ أَلَا هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡغَفَّٰرُ
Ал асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жаратты. Залымдар айткандай жөндөн-жөн эле жараткан жок. Түндү күндүзгө киргизет, күндүздү түнгө киргизет. Алардын бири келсе, экинчиси кетет. Жана Күндү менен Айды моюн сундурду. Ал экөөсүнүн ар бири бул жашоо бүтө турган белгиленген убакытка чейин жүрөт. Чындыгында Ал Өз душмандарынан өч алган жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• الداعي إلى الله يحتسب الأجر من عنده، لا يريد من الناس أجرًا على ما يدعوهم إليه من الحق.
Аллахка даават кылган адам сооп-сыйлыкты Андан гана үмүт кылат. Акыйкатка чакырганы үчүн адамдардан сыйлык күтпөйт.

• التكلّف ليس من الدِّين.
Ашыкча убаракерчилик динден эмес.

• التوسل إلى الله يكون بأسمائه وصفاته وبالإيمان وبالعمل الصالح لا غير.
Аллахка ортомчулук кылуу (тавассул) Анын ысым-сыпаттары, ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди ортого салуу менен гана болот.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: Zumer
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll