Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: El Isra   Ajeti:
وَإِمَّا تُعۡرِضَنَّ عَنۡهُمُ ٱبۡتِغَآءَ رَحۡمَةٖ مِّن رَّبِّكَ تَرۡجُوهَا فَقُل لَّهُمۡ قَوۡلٗا مَّيۡسُورٗا
Аллахтын сага ырыскы берүүсүн күтүп сенде аларга бере турган эч нерсең жок болгондугу үчүн аларга бир нерсе берүүдөн тыйылган болсоң, анда аларга көңүл оорутпаган жумшак сөз айт. Мисалы, аларга ырыскыңар кенен болсун деп дуба кыл же эгерде Аллах сага байлык берип калса, силерге да берем деп убада кыл.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَا تَجۡعَلۡ يَدَكَ مَغۡلُولَةً إِلَىٰ عُنُقِكَ وَلَا تَبۡسُطۡهَا كُلَّ ٱلۡبَسۡطِ فَتَقۡعُدَ مَلُومٗا مَّحۡسُورًا
Садака кылуудан колуңду тыйба. Акча сарптоодо ысырап кылба. Эгерде колуңду садака берүүдөн тыйсаң, анда сараңдык кылгандыгың үчүн адамдардын жемесинде каласың жана ысырап кылгандыгың үчүн бергенге эч нерсе таппай садака бере албай каласың.
Tefsiret në gjuhën arabe:
إِنَّ رَبَّكَ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرَۢا بَصِيرٗا
Чындыгында Раббиң чоң бир даанышмандык үчүн каалаганына ырыскыны көбөйтүп берет жана каалаганына азайтып берет. Ал пенделерин көрүп билип турат. Алардан Ага эч нерсе жашыруун эмес. Аларга Өзү каалаган нерсе менен иш жүргүзөт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَا تَقۡتُلُوٓاْ أَوۡلَٰدَكُمۡ خَشۡيَةَ إِمۡلَٰقٖۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُهُمۡ وَإِيَّاكُمۡۚ إِنَّ قَتۡلَهُمۡ كَانَ خِطۡـٔٗا كَبِيرٗا
Эгерде балдарыбызды баксак, кийин ачка калабыз деп коркуп аларды өлтүрбөгүлө. Биз аларга да жана силерге да ырыскы берүүнү Өзүбүздүн кепилдигибизге алабыз. Аларды өлтүрүү чоң күнөө. Анткени алардын күнөөсү жок жана аларды өлтүрүүгө түрткөн себеп да жок.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَا تَقۡرَبُواْ ٱلزِّنَىٰٓۖ إِنَّهُۥ كَانَ فَٰحِشَةٗ وَسَآءَ سَبِيلٗا
Зынанын өзүнөн жана ага кызыктыра турган нерселерден да алыс болгула. Ал жамандыктын жеткен чеги. Ал ата-тектин бузулуп кетүүсүнө жана Аллахтын азабына алып баргандыгы үчүн жаман жол болду.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَا تَقۡتُلُواْ ٱلنَّفۡسَ ٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۗ وَمَن قُتِلَ مَظۡلُومٗا فَقَدۡ جَعَلۡنَا لِوَلِيِّهِۦ سُلۡطَٰنٗا فَلَا يُسۡرِف فِّي ٱلۡقَتۡلِۖ إِنَّهُۥ كَانَ مَنصُورٗا
Аллах ыйман себептүү же коргоо кепилдиги берилгендиги себептүү аны өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрбөгүлө. Бир гана динден чыгып же үйлөнгөндөн кийин зына кылып же өч алуу менен өлүмгө татыктуу болуп калса өлтүрүлсө боло берет. Кимде-ким өлтүрүүнү адал кылбаган себеп менен зулум чеккен абалда өлтүрүлсө, анда Биз маркумдун мураскорлорунун бирөөсүнө өлтүрүүчүнүн үстүнөн бийлик беребиз. Ошондо ал андан өч алам деп өлтүрүүсүн талап кылса болот. Ошондой эле ага эч бир нерсе талап кылбай эле кечирип койсо болот. Же кечирип кун алса да болот. Ал өлтүрүүчүнү Аллах адал кылган чектен ашып ашыкча кескилеп салбасын, же ал өлтүрбөгөн нерсе менен аны өлтүрбөсүн, же өлтүрүүчүдөн башка адамды өлтүрбөсүн. Чындыгында ал жардам берилген адам.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَا تَقۡرَبُواْ مَالَ ٱلۡيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ أَشُدَّهُۥۚ وَأَوۡفُواْ بِٱلۡعَهۡدِۖ إِنَّ ٱلۡعَهۡدَ كَانَ مَسۡـُٔولٗا
Аталары өлгөн жаш балдардын мал-мүлктөрүн пайдаланбагыла. Бир гана ага пайда болуп көбөйө турган болсо жана сакталып тура турган болсо, анда анын акылы толуп чоңойгонго чейин пайдалансаңар болот. Аллах менен силердин ортоңордогу келишимди жана силер менен Анын пенделеринин ортосундагы келишимдерди бузбай же кемитпей аткаргыла. Чындыгында Аллах убада берген адамдан убадасын аткардыбы же аткарбадыбы сурайт. Эгерде аткарган болсо, анда ага сыйлыгын берет, а эгер аткарбаган болсо, анда ага жазасын берет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ إِذَا كِلۡتُمۡ وَزِنُواْ بِٱلۡقِسۡطَاسِ ٱلۡمُسۡتَقِيمِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ وَأَحۡسَنُ تَأۡوِيلٗا
Эгерде өзүңөрдөн башка бирөөгө тараза тартып берсеңер кемитпестен толук тарткыла. Эч нерсени кемитпеген туура тараза менен тарткыла. Ушундай өлчөгөнүңөр жана таразага тартканыңар силер үчүн бул дүйнөдө жана акыретте жакшы. Анын акыбети тараза өлчөмдөрүндө азайтып тартуудан жакшы.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَا تَقۡفُ مَا لَيۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٌۚ إِنَّ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡبَصَرَ وَٱلۡفُؤَادَ كُلُّ أُوْلَٰٓئِكَ كَانَ عَنۡهُ مَسۡـُٔولٗا
Оо, адам баласы! Билбестен туруп ээрчибе! Күмөндүү ойлордон, божомолдордон этият бол! Чындыгында адам кулагы, көзү жана жүрөгү менен кылган жакшылыктары жана жамандыктары үчүн суралат, жакшылыгы үчүн сооп алат, жамандыгы үчүн жазаланат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَا تَمۡشِ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَحًاۖ إِنَّكَ لَن تَخۡرِقَ ٱلۡأَرۡضَ وَلَن تَبۡلُغَ ٱلۡجِبَالَ طُولٗا
Жер бетинде текеберленип, бой көтөрүп баспа! Сен текеберлене бассаң да, бул басыгың менен жерди тешип жибере албайсың жана бул турпатың менен тоолор тиреген бийиктиктерге да жете албайсың! Анда кайсыга текеберленип жатасың?!
Tefsiret në gjuhën arabe:
كُلُّ ذَٰلِكَ كَانَ سَيِّئُهُۥ عِندَ رَبِّكَ مَكۡرُوهٗا
Оо, инсан! Жогоруда айтылган нерселерден жаман деп саналгандары Раббиңдин алдында тыйылган. Ал аны кылган адамга ыраазы эмес, тескерисинче, ага каарданат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• الأدب الرفيع هو رد ذوي القربى بلطف، ووعدهم وعدًا جميلًا بالصلة عند اليسر، والاعتذار إليهم بما هو مقبول.
Жакын туугандарга жумшактык менен жооп кайтаруу, бакубатчылыкта алар менен карым-катнашты кубаттоо жана үзүрлүү абалдарда алардан кечирим суроо – улуу адептерден болуп эсептелет.

• الله أرحم بالأولاد من والديهم؛ فنهى الوالدين أن يقتلوا أولادهم خوفًا من الفقر والإملاق وتكفل برزق الجميع.
Аллах таала балдарга ата-энесинен да мээримдүү. Ошондуктан Ал кедейликтен, жокчулуктан коркуп ата-энелерди өз балдарын өлтүрүүсүнөн тыйды жана бүт баарынын ырыскысын Өз мойнуна алды.

• في الآيات دليل على أن الحق في القتل للولي، فلا يُقْتَص إلا بإذنه، وإن عفا سقط القصاص.
Кылмышкерди өлтүрүү укугу өлгөн адамдын жакындарына гана берилет жана алардын уруксаты менен гана өч алынат. Эгер аны кечип жиберишкен болсо, анда өч алынбайт. Буга аяттарда далилдер келди.

• من لطف الله ورحمته باليتيم أن أمر أولياءه بحفظه وحفظ ماله وإصلاحه وتنميته حتى يبلغ أشده.
Жетимдин жоопкерчилигин алган адамдарга ал бой жеткенге чейин анын мал-мүлкүн жок кылбай сактоого жана туура пайдаланып аны көбөйтүүгө болгон Аллахтын буйругу – Анын жетимдерге болгон мээримдүүлүгүнөн жана ырайымдуулугунан.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: El Isra
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll