Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: El Isra   Ajeti:

Исра

Qëllimet e sures:
تثبيت الله لرسوله صلى الله عليه وسلم وتأييده بالآيات البينات، وبشارته بالنصر والثبات.
Аллахтын Өз элчисин ачын-айкын аяттар менен колдоп, бекемдөөсү жана жеңиш менен сүйүнчүлөөсү.

سُبۡحَٰنَ ٱلَّذِيٓ أَسۡرَىٰ بِعَبۡدِهِۦ لَيۡلٗا مِّنَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ إِلَى ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡأَقۡصَا ٱلَّذِي بَٰرَكۡنَا حَوۡلَهُۥ لِنُرِيَهُۥ مِنۡ ءَايَٰتِنَآۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ
Аллах Өзүнөн башка эч кимдин кудурети жетпеген кудурети себептүү улук жана аруу болду. Аллах Өзүнүн кулу Мухаммадды Аллах тааланын кудуретине далил болгон кээ бир белгилерибизди көрүш үчүн түндүн бир бөлүгүндө ал ойгоо абалда денеси жана руху менен Аль-Харам мечитинен айланасы пайгамбарлардын ордулары жана мөмө-жемиштер менен берекелүү болгон Байтул-Макдис мечитине алып бардык. Чындыгында Ал Угуучу жана угулган үндөрдүн эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Көрүүчү жана көрүнгөн нерселердин эч бири Ага жашыруун эмес.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَجَعَلۡنَٰهُ هُدٗى لِّبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَلَّا تَتَّخِذُواْ مِن دُونِي وَكِيلٗا
Биз Мусага Тооратты бердик жана аны Исраил урпактарына туура жолду көргөзүүчү кылдык. Биз Исраил урпактарына айттык: “Силер өзүңөрдүн ишиңерди тапшырган Менден башка колдоочу кылып албагыла. Тескерисинче жалгыз Мага таянгыла”.
Tefsiret në gjuhën arabe:
ذُرِّيَّةَ مَنۡ حَمَلۡنَا مَعَ نُوحٍۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَبۡدٗا شَكُورٗا
Силер Биз Нух менен кошо топон сууга чөгүп кетүүдөн куткарып жакшылык кылгандардын урпактарысыңар. Бул жакшылыкты эстеп жүргүлө! Жалгыз Аллахка баш ийип жана сыйынып шүгүр кылгыла. Бул нерседе Нухту ээрчигиле. Чындыгында ал Аллах таалага көп-көп шүгүр кылуучу болгон.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَقَضَيۡنَآ إِلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ لَتُفۡسِدُنَّ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَّتَيۡنِ وَلَتَعۡلُنَّ عُلُوّٗا كَبِيرٗا
Биз Исраил урпактарына аян кылып, чындыгында алар күнөө кылып жана акыйкатты четке кагып жерде сөзсүз эки жолу бузукулук кылышарын Тооратта билдирдик. Алар адамдарга зулумдук жана душмандык кылышып, адамдардын үстүнөн өздөрүн бийик көрүшүп, аларга болгон текебердиктин чегинен ашышат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ أُولَىٰهُمَا بَعَثۡنَا عَلَيۡكُمۡ عِبَادٗا لَّنَآ أُوْلِي بَأۡسٖ شَدِيدٖ فَجَاسُواْ خِلَٰلَ ٱلدِّيَارِۚ وَكَانَ وَعۡدٗا مَّفۡعُولٗا
Алардан биринчи бузукулук болгондо, алардын үстүнөн Биздин күчтүү жана каардуу пенделерибизди башкартып койдук, аларды өлтүрүп куугунтуктады. Жашаган жайларын кыдырышып, барган жерлерин бузушту. Бул нерсеге Аллахтын убадасы болгон, ал сөзсүз ишке ашат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
ثُمَّ رَدَدۡنَا لَكُمُ ٱلۡكَرَّةَ عَلَيۡهِمۡ وَأَمۡدَدۡنَٰكُم بِأَمۡوَٰلٖ وَبَنِينَ وَجَعَلۡنَٰكُمۡ أَكۡثَرَ نَفِيرًا
Эй, Исраил урпактары! Андан кийин силер Аллахка тообо кылганыңарда, силерди башкаргандардын үстүнөн жеңишке жеткирип, силерге мамлекетиңерди кайтардык. Мал-мүлкүңөрдү тартып, балдарыңарды кул кылып алгандан кийин силерге жардам бердик. Ошондой эле саныңарды душманыңардан да көп кылып койдук.
Tefsiret në gjuhën arabe:
إِنۡ أَحۡسَنتُمۡ أَحۡسَنتُمۡ لِأَنفُسِكُمۡۖ وَإِنۡ أَسَأۡتُمۡ فَلَهَاۚ فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ ٱلۡأٓخِرَةِ لِيَسُـُٔواْ وُجُوهَكُمۡ وَلِيَدۡخُلُواْ ٱلۡمَسۡجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٖ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوۡاْ تَتۡبِيرًا
Оо, Исраил урпактары! Эгерде силер иштериңерди жакшы кылып, талаптагыдай аткарсаңар, анда сыйлыгы өзүңөргө эле кайтат. Аллах силердин ишиңерге муктаж эмес. А эгер ишиңерди жаман кылсаңар, анын акыбети өзүңөргө зыян. Кылган жакшы ишиңер Аллахка пайда бербейт, жаман ишиңер зыян бербейт. Эгерде экинчи жолу дагы бузукулук кыла турган болсоңор, силерди душманыңардын колуна салып беребиз. Алар силерге кордук көрсөтөт жана силерге көрсөткөн түрдүү кордуктардан улам кыйналганыңар жүзүңөргө чыгат. Ошондой эле алар Байтул-Макдиске киришип, аны биринчи жолкусунда талкалашкандай бул ирет да талкалашат жана алар багынткан жерлердин баарысын кыйратып жок кылышат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• في قوله: ﴿الْمَسْجِدِ الْأَقْصَا﴾: إشارة لدخوله في حكم الإسلام؛ لأن المسجد موطن عبادةِ المسلمين.
Аллахтын “Аль-Акса мечити” деген сөзү Ислам өкүмүнө кирерине белги. Анткени мечит мусулмандардын ибадат кылган жери.

• بيان فضيلة الشكر، والاقتداء بالشاكرين من الأنبياء والمرسلين.
Шүгүр кылуунун артыкчылыгын баяндоо жана шүгүр кылган пайгамбарлар менен элчилерди ээрчүү.

• من حكمة الله وسُنَّته أن يبعث على المفسدين من يمنعهم من الفساد؛ لتتحقق حكمة الله في الإصلاح.
(Адамдарды) оңдоп-түзөөдөгү Аллахтын даанышмандыгын ачыкка чыгаруу үчүн, бузукуларга аларды тыюучу адамды жибергени – Аллахтын даанышмандуулугунан жана Анын сүннөт жолдорунан.

• التحذير لهذه الأمة من العمل بالمعاصي؛ لئلا يصيبهم ما أصاب بني إسرائيل، فسُنَّة الله واحدة لا تتبدل ولا تتحول.
Исраил урпактарына түшкөн нерсеге кабылбаш үчүн бул үммөттү да күнөө иштерди кылуудан эскертүү. Аллахтын жолу жалгыз жана ал эч качан өзгөрбөйт.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: El Isra
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll