Check out the new design

Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'igikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu. * - Ishakiro ry'ibisobanuro


Ibisobanuro by'amagambo Isura: Al Maidat   Umurongo:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا قُمۡتُمۡ إِلَى ٱلصَّلَوٰةِ فَٱغۡسِلُواْ وُجُوهَكُمۡ وَأَيۡدِيَكُمۡ إِلَى ٱلۡمَرَافِقِ وَٱمۡسَحُواْ بِرُءُوسِكُمۡ وَأَرۡجُلَكُمۡ إِلَى ٱلۡكَعۡبَيۡنِۚ وَإِن كُنتُمۡ جُنُبٗا فَٱطَّهَّرُواْۚ وَإِن كُنتُم مَّرۡضَىٰٓ أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٍ أَوۡ جَآءَ أَحَدٞ مِّنكُم مِّنَ ٱلۡغَآئِطِ أَوۡ لَٰمَسۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَلَمۡ تَجِدُواْ مَآءٗ فَتَيَمَّمُواْ صَعِيدٗا طَيِّبٗا فَٱمۡسَحُواْ بِوُجُوهِكُمۡ وَأَيۡدِيكُم مِّنۡهُۚ مَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيَجۡعَلَ عَلَيۡكُم مِّنۡ حَرَجٖ وَلَٰكِن يُرِيدُ لِيُطَهِّرَكُمۡ وَلِيُتِمَّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Оо, ыймандуулар, намаз окумакчы болуп турсаңар жана кичи дааратыңар жок болсо, анда бетиңерди жууп, колуңарды чыканагы менен бирге жууп, башыңарды суу колуңар менен сыйпап масх тартып жана бутуңарды балтырдан ажыратып турган томугу менен бирге жууп даарат алгыла. А эгер чоң дааратыңар жок болсо, анда жуунгула. Эгер оорулуу болуп, оорунун күчөөсүнөн же айыкпай калуусунан корксоңор, же дениңер таза бирок сапарда жүрсөңөр, анан даарат ушатып же башка себеп менен кичи дааратыңар бузулса, же аялдарыңарга кошулуп чоң дааратыңар бузулса, кийин дааратка же жуунуга суу таба албасаңар, анда жер кыртышын максат кылып аны колуңар менен чаап, бетиңерди анан колуңарды сүртүп чыккыла. Аллах Таала өкүмдөрүндө силерге зыяны тие турган учурда да сууну колдонууну буйруп кыйынчылык туудурууну каалабайт. Оору же суу жок болгондо суунун ордуна топуракты колдонууну силерге шарият кылып, жакшылыгын толуктады, мындай жакшылыкка каапырлык кылбай, шүгүр кылаарсыңар
Ibisobanuro by'icyarabu:
وَٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ وَمِيثَٰقَهُ ٱلَّذِي وَاثَقَكُم بِهِۦٓ إِذۡ قُلۡتُمۡ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Аллах Таала силерди исламга багыттаган жакшылыгын эстегиле. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) менен "Сенин айтканыңды уктук жана сенин буйругуңа баш ийдик" деп, жыргалда да, кууралда да аны угуп баш ийүүгө берген ант-убадаңарды эстегиле. Аллах Тааланын буйруктарын, анын ичинде ант-келишимди аткарып, тыйгандарынан тыйылып, Ага такыба болгула. Аллах Таала чынында жүрөктөгү сырларды Билүүчү, андан эч нерсе Ага жашыруун калбайт
Ibisobanuro by'icyarabu:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُواْ قَوَّٰمِينَ لِلَّهِ شُهَدَآءَ بِٱلۡقِسۡطِۖ وَلَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شَنَـَٔانُ قَوۡمٍ عَلَىٰٓ أَلَّا تَعۡدِلُواْۚ ٱعۡدِلُواْ هُوَ أَقۡرَبُ لِلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Оо, Аллахка жана Анын элчисине ишенген ыймандуулар, Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн Анын акыларын бергиле, күбө өткөндө жабыр кылбастан, адилеттик менен өткүлө, кайсы бир коомду жек көрүүңөр аларга адилетсиз күбө өтүүгө түртүп койбосун. Адилеттик доско да душманга да бирдей болуусу керек, аларга адиеттүуболгула. Адилеттүүлүк Аллахтан коркондуктун белгиси, адилетсиздик Аллахка кыр көрсөтүүнүн (коркпогондун) белгиси. Буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахка такыба болгула, Аллах силер кылган ишиңерден Кабардар, кийин ошол кылганыңарга жараша сыйлайт же жазалайт.
Ibisobanuro by'icyarabu:
وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٌ عَظِيمٞ
Аллахка жана Анын элчисине иненип, жакшы иштерди кылгандарга Аллах Таала алардын күнөөсүн кечирерин жана бейишке киргизип сыйларын убада кылды, Аллах Таала берген убадасынан эч тайбайт
Ibisobanuro by'icyarabu:
Inyungu dukura muri ayat kuri Uru rupapuro:
• الأصل في الطهارة هو استعمال الماء بالوضوء من الحدث الأصغر، والغسل من الحدث الأكبر.
Негизи кичи дааратсыздыктан тазаланууда жана чоң дааратсыздыктан жуунуда суу колдонулат

• في حال تعذر الحصول على الماء، أو تعذّر استعماله لمرض مانع أو برد قارس، يشرع التيمم (بالتراب) لرفع حكم الحدث (الأصغر أو الأكبر).
Сууну табууда же оору, ызгаар суук, сууну алууга тоскоолдук сыяктуу себептер болсо, кичи жана чоң дааратсыздыктан тазалануу үчүн топуракты пайдаланып таямум кылуу шарият болду

• الأمر بتوخي العدل واجتناب الجور حتى في معاملة المخالفين.
Бардык учурда, а түгүл душмандарга мамиле кылганда да жабыр кылбоо жана адилеттүү болуу буйрулган

 
Ibisobanuro by'amagambo Isura: Al Maidat
Urutonde rw'amasura numero y'urupapuro
 
Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'igikirigiziya, bikaba ari incamacye y'ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu. - Ishakiro ry'ibisobanuro

Byasohowe n'ikigo Tafsir of Quranic Studies Center.

Gufunga