Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'a'raf   Aya:
وَلَمَّا رَجَعَ مُوسَىٰٓ إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ غَضۡبَٰنَ أَسِفٗا قَالَ بِئۡسَمَا خَلَفۡتُمُونِي مِنۢ بَعۡدِيٓۖ أَعَجِلۡتُمۡ أَمۡرَ رَبِّكُمۡۖ وَأَلۡقَى ٱلۡأَلۡوَاحَ وَأَخَذَ بِرَأۡسِ أَخِيهِ يَجُرُّهُۥٓ إِلَيۡهِۚ قَالَ ٱبۡنَ أُمَّ إِنَّ ٱلۡقَوۡمَ ٱسۡتَضۡعَفُونِي وَكَادُواْ يَقۡتُلُونَنِي فَلَا تُشۡمِتۡ بِيَ ٱلۡأَعۡدَآءَ وَلَا تَجۡعَلۡنِي مَعَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Муса Аллах Таала менен сүйлөшүп коомуна келгенде, музоого сыйынып кетишкенин көрүп, аларга ачууланып, кайгырып: "Эй, коом, мен жокто кыйроону жана бактысыздыкты шаштырган турган өтө жаман иш кылыпсыңар, мени күтпөй, музоого сыйынууга бет алдыңарбы?!" - деди. Ачуусунун жана кайгысынын катуулугуан колундагы тактайларын жерге таштап, бир тууганы Харундун чач-сакалынан силкилдетип, музоого сыйынып кеткен коомду өзгөрпөй, алар менен бирге жүргөнүнө айыптай баштады. Харун Мусадан кечирим сурап, ага жагынып: "Эй, апмадын уулу, булар мени алсыз санап, кордошту, аз жерден өлтүрүп коёюн дешти, мени душмандарыма ылайык жаза менен жазалаба, аччуң менен мени Аллахтан башкага ибадат кылган коомдогу залымдардын катарына кошпо" - деди.
Tafsiran larabci:
قَالَ رَبِّ ٱغۡفِرۡ لِي وَلِأَخِي وَأَدۡخِلۡنَا فِي رَحۡمَتِكَۖ وَأَنتَ أَرۡحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Муса Раббисине дуба кылып: "Эй, Раббим, мени кечир, бир тууганым Харунду да кечир, бизди ырайымыңа ал жана ар тараптан ырайымыңа бөлө, Сен , оо, Раббим, бизге бардык ырайым кылуучулардан ырайымдуусуң" - деди.
Tafsiran larabci:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ ٱلۡعِجۡلَ سَيَنَالُهُمۡ غَضَبٞ مِّن رَّبِّهِمۡ وَذِلَّةٞ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُفۡتَرِينَ
Музоону кудай деп эсептеп, ага ибадат кылгандар Раббисинин катуу ачуусуна кабылат жана Рабисин ачуулантканы, Аны кемсинткени себептүү бул дүйнөдө кордукка кабылышат. Мына ушундай жаза менен Аллахка жалган ойлоп тапкандарды жазалайбыз.
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ ثُمَّ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِهَا وَءَامَنُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ
Аллахка ширк келтирип, күнөө кылып жаман иштерди жасагандар, бул иштеринен кийин, Аллахка ыйман келтирип, кылып жүргөн күнөө иштерден арылып, Аллахка тобо кылса, эй, элчи, ширктен ыйманга, күнөөдөн ибадатка кайткан тободон кийин Раббиң алардын күнөөсүн кечирүү, жана айыбын жашыруу менен аларга Кечиримдүү жана Ырайымдуу.
Tafsiran larabci:
وَلَمَّا سَكَتَ عَن مُّوسَى ٱلۡغَضَبُ أَخَذَ ٱلۡأَلۡوَاحَۖ وَفِي نُسۡخَتِهَا هُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّلَّذِينَ هُمۡ لِرَبِّهِمۡ يَرۡهَبُونَ
Мусанын ачуусу тараганда ачуусу келгенде ыргытып жиберген тактайларын алды. Бул тактайларда адашуудан кайтаруучу туура жол, чындык тууралуу баян, Раабисинен коркуп, Анын азабынан чочулагандар үчүн ырайым болору тууралуу жазылган эле.
Tafsiran larabci:
وَٱخۡتَارَ مُوسَىٰ قَوۡمَهُۥ سَبۡعِينَ رَجُلٗا لِّمِيقَٰتِنَاۖ فَلَمَّآ أَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ قَالَ رَبِّ لَوۡ شِئۡتَ أَهۡلَكۡتَهُم مِّن قَبۡلُ وَإِيَّٰيَۖ أَتُهۡلِكُنَا بِمَا فَعَلَ ٱلسُّفَهَآءُ مِنَّآۖ إِنۡ هِيَ إِلَّا فِتۡنَتُكَ تُضِلُّ بِهَا مَن تَشَآءُ وَتَهۡدِي مَن تَشَآءُۖ أَنتَ وَلِيُّنَا فَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَاۖ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡغَٰفِرِينَ
Арасындагы келесоо, кем акылдары музоого сыйынып кеткени үчүн Раббисинен кечирим суроого Муса коомундагы жакшы адамдардан жетимишти тандап алды. Анан Аллах белгилеген убакка барышты. Баргандан кийин Аллахка оройлук кылып, Мусадан Аллахты өз көздөрү менен көрүүнү талап кылышты. Ошондо жер титиреп, катуу чагылган түшүп кыйрап жок болушту. Муса Раббисине жалынып: "Оо, Раббим, эгер буларды, булар менен бирге мени жок кылууну каалаганыңда, биз бул жерге келе электе эле жок кылат элең. Эми бул акылы тайыздардын айынан бизди жок кыласыңбы? Коомумдун музоого ибадат кылып кетүүсү, каалаган адамыңды адаштыруу, каалаган адамыңды туура жолго салуу үчүн сыноо, Сен биздин ишибизди башкаруучусуң, биздин күнөөбүздү кечир, кенен ырайымың менен ырайым кыл, Сен күнөө-каталарды эң жакшы кечиресиң.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• في الآيات دليل على أن الخطأ في الاجتهاد مع وضوح الأدلة لا يعذر فيه صاحبه عند إجراء الأحكام عليه، وهو ما يسميه الفقهاء بالتأويل البعيد.
Аяттарда, ачык далилдер менен өкүм кылганда ката кетирген адам ал өкүмдөр аткарылганда кечирилбейт, муну аалымдар "тавиил ал-баид" деп аташат.

• من آداب الدعاء البدء بالنفس، حيث بدأ موسى عليه السلام دعاءه فطلب المغفرة لنفسه تأدُّبًا مع الله فيما ظهر عليه من الغضب، ثم طلب المغفرة لأخيه فيما عسى أن يكون قد ظهر منه من تفريط أو تساهل في رَدْع عَبَدة العجل عن ذلك.
Дуба кылганда биринчи өзүнө дуба кылуу жакшы, Муса пайгамбар дуба кылганда сылыктык менен алгач өзүнүн ачууга алдырганына кечирим тилеп, андан соң бир тууганы аларды музоого ибадат кылуудан тыюуда алсыздык кылып, кош көңүл болгону үчүн ага кечирим тиледи.

• التحذير من الغضب وسلطته على عقل الشخص؛ ولذلك نسب الله للغضب فعل السكوت كأنه هو الآمر والناهي.
Ачуудан жана анын адамдын акылын кетире турган козутуусунан сактануу зарыл, ошон үчүн Аллах бул учурда унчукпай калууну милдет кылган, ал буйруучу да, тыюучу да.

• ضرورة التوقي من غضب الله، وخوف بطشه، فانظر إلى مقام موسى عليه السلام عند ربه، وانظر خشيته من غضب ربه.
Аллахтын ачуусунан сактануу, анын күч-кубатынан коркуу зарыл. Муса пайгамбардын Раббисинин алдындагы абалын, Раббисинин ачуусунан коркконун карап көр.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'a'raf
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa