Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'a'raf   Aya:
حَقِيقٌ عَلَىٰٓ أَن لَّآ أَقُولَ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّۚ قَدۡ جِئۡتُكُم بِبَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ فَأَرۡسِلۡ مَعِيَ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Муса дагы: "Мен Андан келгендиктен, Ал тууралуу жалаң гана чындыкты айтууга милдеттүүмүн. Силерге пайгамбарлыгымдын чындыгына жана Раббим тарабынан жиберилген элчи экендигиме ачык-айкын далилдерди алып келдим. Эми Исраил урпактарын туткундан чыгарып мени менен жибер" - деди.
Tafsiran larabci:
قَالَ إِن كُنتَ جِئۡتَ بِـَٔايَةٖ فَأۡتِ بِهَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Фараон Мусага: "Эгер айткандарың чын болсо, Аллахтан алып келдим деп жаткан далилдериңди көрсөт" - деди.
Tafsiran larabci:
فَأَلۡقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعۡبَانٞ مُّبِينٞ
Муса колундагы таягын ыргытты эле, чоң жыланга айланып карап тургандарга даана көрүндү
Tafsiran larabci:
وَنَزَعَ يَدَهُۥ فَإِذَا هِيَ بَيۡضَآءُ لِلنَّٰظِرِينَ
Көйнөгүнүн көкүрөгүндөгү же колтугунан ылдыйыраагындагы чөнтөгүнөн колун чыгарса, пес оорусу жок эле колу аппак болуп чыкты жана аппактыгынан карап тургандарга нурданып көрүндү.
Tafsiran larabci:
قَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِ فِرۡعَوۡنَ إِنَّ هَٰذَا لَسَٰحِرٌ عَلِيمٞ
Мусанын таягы жыланга айланганын жана колдору пес оорусу жок агарып калганын көргөн коомдун башчы, чоңдору: "Муса сыйкыр илимин мыкты билген сыйкырчы экен" - дешти.
Tafsiran larabci:
يُرِيدُ أَن يُخۡرِجَكُم مِّنۡ أَرۡضِكُمۡۖ فَمَاذَا تَأۡمُرُونَ
"Бул иштери менен ал силерди Мисирден, жериңеден чыгарганы жатат" - деди Фараон, анан Мусанын иши тууралуу кеңеш сурап: "Муну эмне кылууга кеңеш бересиңер?" - деди
Tafsiran larabci:
قَالُوٓاْ أَرۡجِهۡ وَأَخَاهُ وَأَرۡسِلۡ فِي ٱلۡمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ
Алар Фараонго: "Муса менен Харунду коё туруп, Мисирдеги баардык шаарларга андагы сыйкырчыларды алып келүүгө киши чаптыр" - дешти.
Tafsiran larabci:
يَأۡتُوكَ بِكُلِّ سَٰحِرٍ عَلِيمٖ
Жиберген адамдарың шаарлардагы баардык сыйкыр ишин мыкты билген чебер сыйкырчыларды таап келсин
Tafsiran larabci:
وَجَآءَ ٱلسَّحَرَةُ فِرۡعَوۡنَ قَالُوٓاْ إِنَّ لَنَا لَأَجۡرًا إِن كُنَّا نَحۡنُ ٱلۡغَٰلِبِينَ
Фараон сыйкырчыларды чогултуп келүүгө киши чаптырды. Сыйкырчылар Фараонго келип: эгер Мусанын сыйкырына үстөмдүк кылып жеңип чыгышса, аларга сыйлык берилеби деп сурашты
Tafsiran larabci:
قَالَ نَعَمۡ وَإِنَّكُمۡ لَمِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ
Фараон аларга: "Ооба, силерге сыйлык жана сый бар, силер менин мансабымда мага жакын адамдар болосуңар" - деди.
Tafsiran larabci:
قَالُواْ يَٰمُوسَىٰٓ إِمَّآ أَن تُلۡقِيَ وَإِمَّآ أَن نَّكُونَ نَحۡنُ ٱلۡمُلۡقِينَ
Мусаны жеңип аларына бекем ишенген сыйкырчылар бой көтөрө текеберленип: "Эй, Муса, сен тандачы кана, өзүң биринчи таштоону каалайсыңбы, же биз биринчи таштайлыбы?" - дешти.
Tafsiran larabci:
قَالَ أَلۡقُواْۖ فَلَمَّآ أَلۡقَوۡاْ سَحَرُوٓاْ أَعۡيُنَ ٱلنَّاسِ وَٱسۡتَرۡهَبُوهُمۡ وَجَآءُو بِسِحۡرٍ عَظِيمٖ
Раббисинин жардамына бекем ишенген Муса аларга маани бербестен: "Таяк жана жибиңерди силер биринчи таштагыла" - деди. Алар таяктарын жана жиптерин таштаганда, адамдардын көздөрүн боёп, үрөй учура турган күчтүү сыйкырды эл көзүнө көрсөтүштү.
Tafsiran larabci:
۞ وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَلۡقِ عَصَاكَۖ فَإِذَا هِيَ تَلۡقَفُ مَا يَأۡفِكُونَ
Ошондо Аллах пайгамбары Мусага: "Эй, Муса, колуңдагы таякты ташта" - деп аян кабар берди. Муса таягын таштады, ошондо ал чоң жыланга айланып, тигилердин эл көзүнө сойлогон жыландай көрүнгөн таяк жана жиптерин оп тартып жутуп койду.
Tafsiran larabci:
فَوَقَعَ ٱلۡحَقُّ وَبَطَلَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Чындык ачыкка чыкты, Муса пайгамбардын алып келген дини чындык экени ал эми сыйкырчылардын жасаган сыйкыры жалган экени анык болду.
Tafsiran larabci:
فَغُلِبُواْ هُنَالِكَ وَٱنقَلَبُواْ صَٰغِرِينَ
Алар жеңилип, талкаланып, уят болуп кайтышты, Муса аларды бул жерде жеңип алды.
Tafsiran larabci:
وَأُلۡقِيَ ٱلسَّحَرَةُ سَٰجِدِينَ
Сыйкырчылар Аллахтын улуу кудуретин жана ачык белгилерин көрүшкөн соң, Кемчиликсиз Аллах Таалага сажда кылып жыгылышты.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• من حكمة الله ورحمته أن جعل آية كل نبي مما يدركه قومه، وقد تكون من جنس ما برعوا فيه.
Ар бир пайгамбарга анын эли алек болгон далил белгини берип жиберүүсү Аллах Тааланын даанышмандыгынан

• أنّ فرعون كان عبدًا ذليلًا مهينًا عاجزًا، وإلا لما احتاج إلى الاستعانة بالسحرة في دفع موسى عليه السلام.
Фараон алсыз, кор болгон, байкуш пенде эле, болбосо, Муса пайгамбардан кутулууда сыйкырчыларга муктаж болмок эмес.

• يدل على ضعف السحرة - مع اتصالهم بالشياطين التي تلبي مطالبهم - طلبهم الأجر والجاه عند فرعون.
Ал эми талабын дароо аткарган шайтандар менен байланышканына карбастан, Фарондон сыйлык жана мансап үмүт кылуусу сыйкырчылардын алсыз, байкуш экендигин айгинелейт

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'a'raf
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa