Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'hashr   Aya:
وَٱلَّذِينَ جَآءُو مِنۢ بَعۡدِهِمۡ يَقُولُونَ رَبَّنَا ٱغۡفِرۡ لَنَا وَلِإِخۡوَٰنِنَا ٱلَّذِينَ سَبَقُونَا بِٱلۡإِيمَٰنِ وَلَا تَجۡعَلۡ فِي قُلُوبِنَا غِلّٗا لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ رَبَّنَآ إِنَّكَ رَءُوفٞ رَّحِيمٌ
Алардан кийин келип жана аларды кыяматка чейин жакшылыкта ээрчигендер айтышат: «Раббибиз! Бизди кечир жана Аллахка жана Анын элчисине бизден мурун ыйман келтирген диндеш бир туугандарыбызды кечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуулардын эч бирине карата көрө албастыкты жана жек көрүүнү салба. Раббибиз! Чындыгында Сен пенделериңе Боорукерсиң, аларга Ырайымдуусуң».
Tafsiran larabci:
۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نَافَقُواْ يَقُولُونَ لِإِخۡوَٰنِهِمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ لَئِنۡ أُخۡرِجۡتُمۡ لَنَخۡرُجَنَّ مَعَكُمۡ وَلَا نُطِيعُ فِيكُمۡ أَحَدًا أَبَدٗا وَإِن قُوتِلۡتُمۡ لَنَنصُرَنَّكُمۡ وَٱللَّهُ يَشۡهَدُ إِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Оо, пайгамбар! Ичине каапырлыкты жашырып, сыртынан ыйманды көргөзгөндөрдү карабайсыңбы, алар бурмаланган Тооратты ээрчиген каапыр жолдогу бир туугандары жөөттөргө: «Үйүңөрдө калгыла, биз силерди жардамсыз таштабайбыз, силерди сатып кетпейбиз. Эгерде силерди ал жактан кууп чыкса, биз дагы силер менен бирге чыгабыз. Бизди силер менен чыгып кетүүдөн тыюуну каалагандарга баш ийбейбиз. Эгерде силер менен согушса, анда биз дагы аларга каршы силерге жардам беребиз» – деп айтышат. Аллах эки жүздүүлөрдүн «жөөттөр кууп чыгарылса, биз дагы кошо чыгабыз, аларга согуш ачылса, алар менен бирге согушабыз» деген сөздөрүндө анык жалганчылар экенине күбөлүк берет.
Tafsiran larabci:
لَئِنۡ أُخۡرِجُواْ لَا يَخۡرُجُونَ مَعَهُمۡ وَلَئِن قُوتِلُواْ لَا يَنصُرُونَهُمۡ وَلَئِن نَّصَرُوهُمۡ لَيُوَلُّنَّ ٱلۡأَدۡبَٰرَ ثُمَّ لَا يُنصَرُونَ
Эгерде мусулмандар жөөттөрдү кууп чыгышса, алар менен бирге чыгышпайт. Эгерде алар менен согушса, аларды колдоп жардам беришпейт. Эгерде мусулмандарга каршы аларды колдоп жардам беришсе, алардан качып жөнөшмөк. Ошондон кийин эки жүздүүлөргө колдоо болмок эмес. Тескересинче, Аллах аларды кордукка салмак.
Tafsiran larabci:
لَأَنتُمۡ أَشَدُّ رَهۡبَةٗ فِي صُدُورِهِم مِّنَ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَفۡقَهُونَ
Оо, ыймандуулар! Силер эки жүздүүлөрдүн жана жөөттөрдүн жүрөктөрүнө Аллахтан да катуураак коркунуч салдыңар. Алардын силерден катуу корккондугу жана Аллахтан болгон коркунучтарынын аздыгы тууралуу бул айтылгандардын себеби, алар түшүнбөгөн жана аңдабаган коом. Эгерде алар түшүнгөндө, анда коркууга жана сестенүүгө Аллах гана татыктуу экенин билишмек. Ошондуктан Ал силерге алардын үстүнөн бийлик берди.
Tafsiran larabci:
لَا يُقَٰتِلُونَكُمۡ جَمِيعًا إِلَّا فِي قُرٗى مُّحَصَّنَةٍ أَوۡ مِن وَرَآءِ جُدُرِۭۚ بَأۡسُهُم بَيۡنَهُمۡ شَدِيدٞۚ تَحۡسَبُهُمۡ جَمِيعٗا وَقُلُوبُهُمۡ شَتَّىٰۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَعۡقِلُونَ
Оо, ыймандуулар! Жөөттөр силер менен бирге чептер менен корголгон шаарлардын ичинде же дубалдардын арт жагында гана согушушат. Алар коркоктугу үчүн силер менен бетме-бет чыга алышпайт. Алардын ич ара душмандыктары себептүү күч-кубаттуулугу өздөрүнүн ортосунда гана күчтүү. Сен алардын сөзү жана катары бир деп ойлойсуң, бирок акыйкатта алардын жүрөктөрү бытыранды жана ар башка. Бул пикир келишпестик жана душмандык алардын акыл жүгүртпөгөнү себептүү. Эгерде алар акыл жүгүртүшкөндө, анда акыйкатты билишмек жана аны ээрчишмек, ал тууралуу талашып-тартышмак эмес.
Tafsiran larabci:
كَمَثَلِ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ قَرِيبٗاۖ ذَاقُواْ وَبَالَ أَمۡرِهِمۡ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Бул жөөттөрдүн каапырлыктагы жана башына түшкөн азаптагы мисалы, жакындагы эле алардан мурунку Мекке мушриктеринин мисалына окшойт. Алар каапырлыктын эң жаман акыбетин татып, Бадр күнү өлтүрүлгөнү өлтүрүлдү, туткундалганы туткундалды. Алар үчүн акыретте кыйноочу азап бар.
Tafsiran larabci:
كَمَثَلِ ٱلشَّيۡطَٰنِ إِذۡ قَالَ لِلۡإِنسَٰنِ ٱكۡفُرۡ فَلَمَّا كَفَرَ قَالَ إِنِّي بَرِيٓءٞ مِّنكَ إِنِّيٓ أَخَافُ ٱللَّهَ رَبَّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Алардын эки жүздүүлөргө кулак салганы шайтанга окшош. Ал инсанга каапырлыкты кооз кылып көргөздү. Качан ал анын кооз көргөзгөнү себептүү каапыр болгондо: «Мен сенин каапыр болгонуңа катышым жок. Мен макулуктардын Раббисинен коркомун» – деп айтты.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• رابطة الإيمان لا تتأثر بتطاول الزمان وتغير المكان.
Ыйман байланышына убакыттын узактыгы жана жердин өзгөрүшү таасир этпейт.

• صداقة المنافقين لليهود وغيرهم صداقة وهمية تتلاشى عند الشدائد.
Эки жүздүүлөрдүн жөөттөр жана башкалар менен достугу элес сымал. Ал кыйынчылык жаралганда жок болуп кетет.

• اليهود جبناء لا يواجهون في القتال، ولو قاتلوا فإنهم يتحصنون بِقُرَاهم وأسلحتهم.
Жөөттөр коркок келишет, согушта бетме-бет чыгышпайт. Эгерде согушса, анда алар шаарларында жана курал-жарактары менен коргонушат.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'hashr
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa