Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'hashr   Aya:

Хашр

daga cikin abunda Surar ta kunsa:
إظهار قوة الله وعزته في توهين اليهود والمنافقين، وإظهار تفرقهم، في مقابل إظهار تآلف المؤمنين.
Жөөттөрдү жана эки жүздүүлөрдү алсыратууда Аллахтын күч-кубатын жана кудуретин көрсөтүү жана мусулмандардын биримдигинин жанында алардын бөлүнүп-жарылуусун көрсөтүү.

سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Асмандагы жана жердеги бүткүл макулуктар Аллахты улукташты жана Ага ылайык келбеген нерселерден аруулашты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана кудуреттүүлүгүндө Даанышман.
Tafsiran larabci:
هُوَ ٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مِن دِيَٰرِهِمۡ لِأَوَّلِ ٱلۡحَشۡرِۚ مَا ظَنَنتُمۡ أَن يَخۡرُجُواْۖ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُم مَّانِعَتُهُمۡ حُصُونُهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَأَتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِنۡ حَيۡثُ لَمۡ يَحۡتَسِبُواْۖ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعۡبَۚ يُخۡرِبُونَ بُيُوتَهُم بِأَيۡدِيهِمۡ وَأَيۡدِي ٱلۡمُؤۡمِنِينَ فَٱعۡتَبِرُواْ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ
Ал Аллахка каапырлык кылган жана Анын элчисин жалганга чыгарган Бану Надир уруусун Мединадагы өз турак-жайларынан Мединадан Шамга карай биринчи сүргүн катары чыгарды. Алар Тоорат ээлери болгон жөөттөр. Алар келишимди бузуп, мушриктер менен бирге ага каршы болгондон кийин Шам жергесине куугунтукталды. Оо, ыймандуулар! Силер алардын күч-кубаттуулугу жана коргонуусу себептүү аларды өз турак-жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы курган чептери аларды Аллахтын кудурети менен жазасынан коргойт деп ойлошкон. Аллах Өз элчисине алар менен согушууну жана турак-жайларынан кууп чыгууну буйруган кезде Аллахтын күч-кубаты алар ойлобогон тараптан келди. Аллах алардын жүрөктөрүнө катуу коркунуч салды. Алар мусулмандар пайдаланбасын деп турак-жайларынын ичин өз колу менен бузуп талкалашты. Ал эми мусулмандар болсо аны сыртынан талкалашты. Эй, көзү бар адамдар! Аларга каапырлыктары себептүү башына түшкөн нерседен сабак алгыла жана алардай болбогула! Болбосо, силер да алар жазалангандай жаза аласыңар.
Tafsiran larabci:
وَلَوۡلَآ أَن كَتَبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡجَلَآءَ لَعَذَّبَهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابُ ٱلنَّارِ
Эгер Аллах аларга турак-жайларын таштап чыгып кетүүнү буйрубаганда, (анда Бану Курайза уруусу сыяктуу) аларды блу дүйнөдө өлтүрүү жана туткунга түшүрүү менен азаптамак. А акыретте болсо, аларды азап күтүп турат, алар анда түбөлүк калышат.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• المحبة التي لا تجعل المسلم يتبرأ من دين الكافر ويكرهه، فإنها محرمة، أما المحبة الفطرية؛ كمحبة المسلم لقريبه الكافر، فإنها جائزة.
Мусулманды каапырдын дининен баш тартууга жана аны жек көрүүгө түрткү бербеген сүйүү арам болуп эсептелет. Ал эми мусулмандын каапыр тууганына болгон табиятындагы сүйүүгө уруксат.

• رابطة الإيمان أوثق الروابط بين أهل الإيمان.
Ыйман байланышы – ыймандуулардын ортосундагы эң күчтүү байланыш.

• قد يعلو أهل الباطل حتى يُظن أنهم لن ينهزموا، فتأتي هزيمتهم من حيث لا يتوقعون.
Кээде жалганчылар үстөмдүк кылып, биз эми эч качан жеңилбейбиз деп ойлоп башташы мүмкүн. Ошондо алардын жеңилүүсү алар күтпөгөн тараптан келет.

• من قدر الله في الناس دفع المصائب بوقوع ما دونها من المصائب.
Кичине кыйынчылыктарды кылуу менен чоң кыйынчылыктардан куткаруу – Аллахтын адамдарга кылган тагдырынан.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'hashr
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa