Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'Jathiyah   Aya:
وَبَدَا لَهُمۡ سَيِّـَٔاتُ مَا عَمِلُواْ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Алардын дүйнөдө кылган каапырлык жана күнөөлөр сыяктуу жамандык иштери ачыкка чыкты жана аларга эскертилген кезде шылдыңдашкан азап баштарына келди.
Tafsiran larabci:
وَقِيلَ ٱلۡيَوۡمَ نَنسَىٰكُمۡ كَمَا نَسِيتُمۡ لِقَآءَ يَوۡمِكُمۡ هَٰذَا وَمَأۡوَىٰكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن نَّٰصِرِينَ
Аллах аларга айтты: «Силер бул күнгө кезигериңерди унутканыңар жана ага ыйман келтирип, жакшылык иштерди камдабаганыңар сыяктуу Биз бүгүн силерди тозокко таштайбыз. Силердин баш калкалар жайыңар тозок. Силерди Аллахтын азабынан коргой турган эч бир жардамчы болбойт.
Tafsiran larabci:
ذَٰلِكُم بِأَنَّكُمُ ٱتَّخَذۡتُمۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ هُزُوٗا وَغَرَّتۡكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَاۚ فَٱلۡيَوۡمَ لَا يُخۡرَجُونَ مِنۡهَا وَلَا هُمۡ يُسۡتَعۡتَبُونَ
Силер азапталып жаткан бул азаптын себеби, силер Аллахтын аяттарын шылдыңдап азил-тамаша туткансыңар жана силерди жашоо жыргалчылыктары алдап койду. Эми бүгүн Аллахтын аяттарын шылдыңдаган ал каапырлар тозоктон чыгышпайт. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана Раббисин ыраазы кыла тургандай жакшылык иштерди кылуу үчүн дүйнө жашоосуна да кайтышпайт.
Tafsiran larabci:
فَلِلَّهِ ٱلۡحَمۡدُ رَبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَرَبِّ ٱلۡأَرۡضِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Асмандардын менен жердин жана бүткүл макулуктардын Раббиси болгон Аллахка гана мактоолор болсун!
Tafsiran larabci:
وَلَهُ ٱلۡكِبۡرِيَآءُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Асмандардагы улуулук жана кудуреттүүлүк Ага гана таандык. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• الاستهزاء بآيات الله كفر.
Аллахтын аяттарын шылдыңдоо каапырлык.

• خطر الاغترار بلذات الدنيا وشهواتها.
Дүйнө жыргалчылыктарына жана ырахаттарына азгырылуунун коркунучу.

• ثبوت صفة الكبرياء لله تعالى.
Аллах текеберлик сыпатына ээ экендигин тастыктоо.

• إجابة الدعاء من أظهر أدلة وجود الله سبحانه وتعالى واستحقاقه العبادة.
Дубага жооп берүү – Аллах тааланын барлыгын жана сыйынууга татыктуулугун билдирген ачык-айкын далилдерден.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'Jathiyah
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa