Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'Jathiyah   Aya:
قُل لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ يَغۡفِرُواْ لِلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ أَيَّامَ ٱللَّهِ لِيَجۡزِيَ قَوۡمَۢا بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Оо, пайгамбар! Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин чынчыл деп билгендерге айт: «Аллахтын жакшылыктарына же жамандыктарына көңүл бурбаган каапырлардын силерге келтирген зыяндарын кечиргиле. Чындыгында Аллах сабыр кылган бардык ыймандууларга жана чектен ашкан каапырларга дүйнөдө кылган иштерине жараша сыйлыгын же жазасын берет».
Tafsiran larabci:
مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ أَسَآءَ فَعَلَيۡهَاۖ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمۡ تُرۡجَعُونَ
Кимде-ким жакшылык иш кылса, анда анын кылган жакшылык ишинин арты өзүнө пайда. Аллах анын кылган иш-аракетине муктаж эмес. Ал эми ким жамандык иш кылса, анда анын кылган жамандык ишинин арты өзү зыян. Анын кылган жамандыгы Аллахка эч зыян келтирбейт. Кийин акыретте Биз силерге өзүңөр татыктуу болгон сыйлык же жазаны бериш үчүн Бизге гана кайтасыңар.
Tafsiran larabci:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحُكۡمَ وَٱلنُّبُوَّةَ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَفَضَّلۡنَٰهُمۡ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ
Биз Исраил урпактарына Тооратты, адамдардын ортосунда аны менен адилеттүү өкүм кылууну бердик, Ибрахимдин урпактары көпчүлүк пайгамбарларды алардан чыгардык, аларга түрлүү-түрлүү адал нерселерди ырыскы кылдык жана аларды өз заманында ааламда артык кылдык.
Tafsiran larabci:
وَءَاتَيۡنَٰهُم بَيِّنَٰتٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡرِۖ فَمَا ٱخۡتَلَفُوٓاْ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقۡضِي بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Жана Биз аларга акыйкатты жалгандан айырмалаган далилдерди бердик. Аларга пайгамбарыбыз Мухаммаддын жиберилиши менен далилдер келгенден кийин гана талашып-тартышышты жана аларды мындай кайым айтышууга бийликке жана кадыр-баркка жанталашуудан улам бири-бирине болгон зулумдук гана түрткү берди. Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кыяматта алардын дүйнөдө талашып-тартышкан нерселерине өкүм чыгарып, алардын кимиси акыйкатта, кимиси жалганда болгонун ачыктайт.
Tafsiran larabci:
ثُمَّ جَعَلۡنَٰكَ عَلَىٰ شَرِيعَةٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡرِ فَٱتَّبِعۡهَا وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ
Кийин Биз сенден мурунку пайгамбарларыбызга буйруган Өз буйругубуз менен сени ыйманга жана жакшылык иштерге чакырган жолдо кылдык. Эми сен ушул шариятты ээрчи. Акыйкатты билбегендердин каалоолорун ээрчибе. Анткени алардын каалоолору акыйкаттан адаштырат.
Tafsiran larabci:
إِنَّهُمۡ لَن يُغۡنُواْ عَنكَ مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـٔٗاۚ وَإِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلِيَآءُ بَعۡضٖۖ وَٱللَّهُ وَلِيُّ ٱلۡمُتَّقِينَ
Эгерде сен алардын каалоолорун ээрчисең, анда акыйкатты билбегендер Аллахтын азабын сенден тосо алышпайт. Чындыгында бардык диндеги залымдар ыймандууларга каршы бири-бирин колдоп жардам беришет. Аллах болсо Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбаларды колдойт.
Tafsiran larabci:
هَٰذَا بَصَٰٓئِرُ لِلنَّاسِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞ لِّقَوۡمٖ يُوقِنُونَ
Биз пайгамбарыбызга түшүргөн бул Куран адамдарга акыйкатты жалгандан айырмалап көргөзгөн айкындоочу, акыйкатка багыттоочу жана ишенген адамдар үчүн ырайымдуулук. Анткени мына ошолор Раббисин ыраазы кылуу үчүн ал аркылуу туура жолго түшүшөт.
Tafsiran larabci:
أَمۡ حَسِبَ ٱلَّذِينَ ٱجۡتَرَحُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن نَّجۡعَلَهُمۡ كَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَوَآءٗ مَّحۡيَاهُمۡ وَمَمَاتُهُمۡۚ سَآءَ مَا يَحۡكُمُونَ
Дене-мүчөлөрү менен каапырлык жана күнөөлөрдү кылгандар сыйлык же жаза алууда Биз аларды Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар сыяктуу кылып, аларды дүйнө менен акыретте бирдей кылат деп ойлоп жатышабы? Алардын бул өкүмү кандай жаман!
Tafsiran larabci:
وَخَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّ وَلِتُجۡزَىٰ كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Аллах асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жана ар бир жан өзү кылган жакшылык же жамандык иштин сыйлык-жазасын алыш үчүн жаратты. Аларды жөндөн-жөн эле жараткан эмес. Аллах алардын жакшылыктарын кемитип же күнөөлөрүн көбөйтүп зулумдук кылбайт.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• العفو والتجاوز عن الظالم إذا لم يُظهر الفساد في الأرض، ويَعْتَدِ على حدود الله؛ خلق فاضل أمر الله به المؤمنين إن غلب على ظنهم العاقبة الحسنة.
Эгерде зыян берген адам жер бетинде бузукулук кылбаса жана Аллахтын чектеринен чыкпаса, анда аны кечирүү Аллах ыймандууларга буйруган асыл сыпаттардан, эгер мунун арты жакшылыкка алып барат дегендей ой басымдуулук кылган болсо.

• وجوب اتباع الشرع والبعد عن اتباع أهواء البشر.
Шариятты ээрчүү жана адамдардын каалоолорун ээрчүүдөн алыс болуу милдет.

• كما لا يستوي المؤمنون والكافرون في الصفات، فلا يستوون في الجزاء.
Ыймандуулар менен каапырлар сыпат жактан тең болушпаган сыяктуу сыйлык же жаза алууда да тең эмес.

• خلق الله السماوات والأرض وفق حكمة بالغة يجهلها الماديون الملحدون.
Аллах асмандарды жеткиликтүү даанышмандыкка ылайык жараткан. Аны атеисттер, материалисттер билишпейт.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'Jathiyah
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa