Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Ahzāb   Ayah:
يَسۡـَٔلُكَ ٱلنَّاسُ عَنِ ٱلسَّاعَةِۖ قُلۡ إِنَّمَا عِلۡمُهَا عِندَ ٱللَّهِۚ وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا
Оо, пайгамбар! Мушриктер жана ошондой эле жөөттөр четке кагуу менен жана жалганга чыгаруу үчүн сенден: «Анын убактысы качан?» – деп кыямат тууралуу сурашат. Аларга: «Кыямат тууралуу Аллах гана билет. Мен ал тууралуу эч нерсе билбеймин» – деп айткын. Оо, пайгамбар! Сен кандай билмек элең, балким кыяматка аз калгандыр?
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ ٱللَّهَ لَعَنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمۡ سَعِيرًا
Чындыгында Аллах каапырларды Өз ырайымынан алыстатты жана кыямат күнү аларды күткөн жалындаган тозокту даярдады.
Arabic explanations of the Qur’an:
خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ لَّا يَجِدُونَ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
Алар үчүн даярдалган ошол тозок азабында алар түбөлүк калышат. Алар ал жайда пайда келтирген дос да, аларды азаптан куткарган колдоочу да таба алышпайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَوۡمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمۡ فِي ٱلنَّارِ يَقُولُونَ يَٰلَيۡتَنَآ أَطَعۡنَا ٱللَّهَ وَأَطَعۡنَا ٱلرَّسُولَا۠
Алардын жүздөрү тозок отунда ары-бери оодарылып (азапталган) кыямат күнү алар катуу өкүнүчтөн, катуу күйүттөн мындай деп айтышат: «Аттиң, биз дүйнө жашоосунда Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Ага моюн сунганыбызда жана пайгамбар Раббиси тараптан алып келген нерседе ага моюн сунганыбызда!».
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالُواْ رَبَّنَآ إِنَّآ أَطَعۡنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَآءَنَا فَأَضَلُّونَا ٱلسَّبِيلَا۠
Алар арзыбаган жалган далилди айтып мындай дешет: «Раббибиз! Чындыгында биз өзүбүздүн башчыларыбызга, элибиздеги улуу адамдарга баш ийгенбиз, мына ошолор бизди туура жолдон адаштырышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
رَبَّنَآ ءَاتِهِمۡ ضِعۡفَيۡنِ مِنَ ٱلۡعَذَابِ وَٱلۡعَنۡهُمۡ لَعۡنٗا كَبِيرٗا
Раббибиз! Бизди туура жолдон адаштырган ал башчыларга жана улууларга бизге берген азаптан эки эсе көп азап бер. Анткени алар бизди адаштырды. Ошондой эле аларды Өз ырайымыңдан өтө алыстат».
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ ءَاذَوۡاْ مُوسَىٰ فَبَرَّأَهُ ٱللَّهُ مِمَّا قَالُواْۚ وَكَانَ عِندَ ٱللَّهِ وَجِيهٗا
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Пайгамбарыңарга зыян бербегиле! Болбосо силер Мусага зыян бергендердей болуп каласыңар, алар анын денесин айтып айыпташкан, Аллах аны алардын айткан сөздөрүнөн аруулаган. Ошондон кийин ал алардын айткан сөзүнөн таза экендиги анык болгон. Муса Аллахтын алдында барктуу, анын суранычы кайтарылбайт, анын аракети ийгиликсиз калбайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَقُولُواْ قَوۡلٗا سَدِيدٗا
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштап Андан корккула жана туура чындык сөздөрдү сүйлөгүлө!
Arabic explanations of the Qur’an:
يُصۡلِحۡ لَكُمۡ أَعۡمَٰلَكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡۗ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدۡ فَازَ فَوۡزًا عَظِيمًا
Эгерде силер Аллахтан корксоңор жана туура сөз сүйлөсөңөр, Ал силердин иш-аракеттериңерди оңдойт, аларды кабыл кылат, күнөөлөрүңөрдү өчүрөт, алар үчүн жазалабайт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, анда ал теңдешсиз улуу жеңишке жетиптир. Ал жеңиш Аллахтын ыраазылыгы жана бейишке кирүү.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّا عَرَضۡنَا ٱلۡأَمَانَةَ عَلَى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱلۡجِبَالِ فَأَبَيۡنَ أَن يَحۡمِلۡنَهَا وَأَشۡفَقۡنَ مِنۡهَا وَحَمَلَهَا ٱلۡإِنسَٰنُۖ إِنَّهُۥ كَانَ ظَلُومٗا جَهُولٗا
Чындыгында Биз шарият милдеттерин асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштаганыбызда алар аны моюнга алуудан баш тартышты жана анын акыбетинен коркушту. Бирок аны инсан мойнуна алды. Чындыгында ал мойнуна алган нерсенин акыбетин билбеген өзүнө зыян берүүчү пенде.
Arabic explanations of the Qur’an:
لِّيُعَذِّبَ ٱللَّهُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡمُشۡرِكِينَ وَٱلۡمُشۡرِكَٰتِ وَيَتُوبَ ٱللَّهُ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمَۢا
Аллах эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды эки жүздүүлүктөрү жана ширк кылышкандыктары себептүү аларды азапташ үчүн, ошондой эле мойнуна алган аманат милдеттерин эң жакшы деңгээлде аткарышкан ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тооболорун кабыл кылыш үчүн Аллахтын тагдыры менен аны инсан мойнуна алды. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• اختصاص الله بعلم الساعة.
Кыяматтын качан болушун Аллах гана билет.

• تحميل الأتباع كُبَرَاءَهُم مسؤوليةَ إضلالهم لا يعفيهم هم من المسؤولية.
Ээрчигендер өздөрүнүн адашуу жоопкерчилигин башчыларына түртүүсү аларды жоопкерчиликтен куткарбайт.

• شدة التحريم لإيذاء الأنبياء بالقول أو الفعل.
Пайгамбарларга сөз же иш-аракет менен зыян берүү кескин тыйылган.

• عظم الأمانة التي تحمّلها الإنسان.
Инсандын өз мойнуна алган аманаты өтө чоң.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Ahzāb
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close