Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: As-Sajdah   Ayah:

сажда

Purposes of the Surah:
بيان حقيقة الخلق وأحوال الإنسان في الدنيا والآخرة.
Жаратылыштын акыйкаты жана инсандын дүйнө-акыреттеги абалын баяндаган.

الٓمٓ
Алиф. Лаам. Миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
Arabic explanations of the Qur’an:
تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ لَا رَيۡبَ فِيهِ مِن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Мухаммад алып келген бул Куран ааламдардын Раббиси тараптан түшкөн. Мында эч кандай шек жок.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۚ بَلۡ هُوَ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٖ مِّن قَبۡلِكَ لَعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ
Ал каапырлар: «Чындыгында Мухаммад муну Раббисинин атынан өзү ойлоп тапкан» – дешет. Бул иш алар айткандай эмес. Тескерисинче бул Раббиң тараптан түшкөн эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат. Эй, пайгамбар! Сенден мурун аларга Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбар келбеген коомду эскерткин. Балким алар акыйкатка түшүп, аны ээрчишет жана аны аткарышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ مَا لَكُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِيّٖ وَلَا شَفِيعٍۚ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ
Аллах Өзү асмандар менен жерди жаратты жана ал экөөсүнүн арасындагыларды алты күндө жаратты. Ал аны бир көз ирмемден да аз убакытта жаратып коюуга кудуреттүү. Кийин Ал Өзүнүн улуулугуна ылайык деңгээлде Аршка бийиктеди жана көтөрүлдү. Эй, адамдар! Силер үчүн Раббиңердин алдында ишиңерди колго алган колдоочу да, ортомчу болгон шапаат кылуучу да жок. Ойлонбойсуңарбы, башкаларга сыйынбай силерди жараткан Аллахка сыйынбайсыңарбы?!
Arabic explanations of the Qur’an:
يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ثُمَّ يَعۡرُجُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥٓ أَلۡفَ سَنَةٖ مِّمَّا تَعُدُّونَ
Аллах асмандар менен жердеги бүткүл жандуу-жансыздардын иштерин Өзү башкарып турат. Эй, адамдар! Кийин силердин эсебиңерде миң жылга тете болгон бир күндө ал иштер Ага карай көтөрүлөт.
Arabic explanations of the Qur’an:
ذَٰلِكَ عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Мына ошонун баарын башкарып туруучу – Ал кайыпты да, ашкерени да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, Ал өз душмандарынан өч алам десе, эч ким тосо албайт. Ал Өзүнүн ыймандуу пенделерине Ырайымдуу.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱلَّذِيٓ أَحۡسَنَ كُلَّ شَيۡءٍ خَلَقَهُۥۖ وَبَدَأَ خَلۡقَ ٱلۡإِنسَٰنِ مِن طِينٖ
Ал бүткүл нерселерди эң сонун көрүнүштө жараткан жана Адамды мурда болбогондой калыпта ылайдан жаратып баштаган.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ جَعَلَ نَسۡلَهُۥ مِن سُلَٰلَةٖ مِّن مَّآءٖ مَّهِينٖ
Кийин аны улай урпактарын андан бөлүнүп чыккан бел суудан жаратты.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ سَوَّىٰهُ وَنَفَخَ فِيهِ مِن رُّوحِهِۦۖ وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَۚ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ
Кийин инсанды толук көркөм келбетте жаратты жана жан салууга жоопкер болгон периштеге буйруу менен ага Өз рухунан үйлөп жан салды. Эй, адамдар! Ал силерге угуш үчүн кулактарды, көрүш үчүн көздөрдү, акыл жүгүртүш үчүн жүрөктөрдү берди. Аллахтын силерге берген бул жакшылыктарына аз шүгүр кылып жатасыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالُوٓاْ أَءِذَا ضَلَلۡنَا فِي ٱلۡأَرۡضِ أَءِنَّا لَفِي خَلۡقٖ جَدِيدِۭۚ بَلۡ هُم بِلِقَآءِ رَبِّهِمۡ كَٰفِرُونَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер айтышат: «Биз өлүп, жерге көмүлүп, денелерибиз топуракка айланып кетсе, анан кантип кайрадан тирилмек элек?!». Буга акылдары жетпейт. Тескерисинче алар акыйкатта кайра тирилүүгө ыйман келтирбей каапырлык кылышкандар.
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ قُلۡ يَتَوَفَّىٰكُم مَّلَكُ ٱلۡمَوۡتِ ٱلَّذِي وُكِّلَ بِكُمۡ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمۡ تُرۡجَعُونَ
Эй, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктерге айт: «Аллах силердин жаныңарды алууга дайындаган өлүм периштеси жаныңарды алат. Андан соң кыямат күнү сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн бизге гана кайтып келесиңер».
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الحكمة من بعثة الرسل أن يهدوا أقوامهم إلى الصراط المستقيم.
Пайгамбарлардын жиберилишинин түпкү сыры – коомдорду туура жолго салуу болуп эсептелет.

• ثبوت صفة الاستواء لله من غير تشبيه ولا تمثيل.
Аллах Аршка көтөрүлүү сыпатына ээ экендигин эч бир нерсеге окшоштурбастан, мисал келтирбестен тастыктоо.

• استبعاد المشركين للبعث مع وضوح الأدلة عليه.
Мушриктерге кайра тирилүүгө ачык далилдер келтирилсе да андай болушу мүмкүн эмес деп айтышат.

وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلۡمُجۡرِمُونَ نَاكِسُواْ رُءُوسِهِمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ رَبَّنَآ أَبۡصَرۡنَا وَسَمِعۡنَا فَٱرۡجِعۡنَا نَعۡمَلۡ صَٰلِحًا إِنَّا مُوقِنُونَ
Жакында кыямат күнү күнөөкөрлөргө баары ачык болгондо, алар кайра тирилүүгө каапырлык кылышканы себептүү кордуктан баштарын жерге салып кордолгон абалда турушканда айтышат: «Раббибиз! Биз жалганга чыгарган кайра тирилүүнү өз көзүбүз менен көрдүк, Сен тараптан пайгамбарлар алып келген нерселердин чындык экенин өз кулагыбыз менен уктук. Эми бизди дүйнө жашоосуна кайтар, биз Сени ыраазы кылган жакшылык иштерди кылалы. Биз кайра тирилүүгө жана пайгамбарлар алып келген нерселердин чындык экенине эми ишендик». Эгер сен күнөөкөрлөрдүн мына ошондой абалда болгондорун көрсөң, абалдары кандай гана оор болгондугун көрөсүң.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَوۡ شِئۡنَا لَأٓتَيۡنَا كُلَّ نَفۡسٍ هُدَىٰهَا وَلَٰكِنۡ حَقَّ ٱلۡقَوۡلُ مِنِّي لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ أَجۡمَعِينَ
Эгер Биз ар бир жанга тууралыкты, ийгиликти берүүнү кааласак, анда Биз аны ошого алып бармакпыз. Бирок даанышмандыктан жана адилеттиктен Менин: «Кыямат күнү тозокту каапыр адамдар жана каапыр жиндер менен сөзсүз толтурамын. Анткени алар ыйман жана тууралык жолду таштап, каапырлык жана адашуу жолун тандашты» деген сөзүм сөзсүз ишке ашат.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَذُوقُواْ بِمَا نَسِيتُمۡ لِقَآءَ يَوۡمِكُمۡ هَٰذَآ إِنَّا نَسِينَٰكُمۡۖ وَذُوقُواْ عَذَابَ ٱلۡخُلۡدِ بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Кыямат күнү айыптоо максатта аларга мындай деп айтылат: «Кыямат күнүндө сурак бериш үчүн Аллах менен жолугушууну дүйнө жашоосунда унутканыңар себептүү азапты тарткыла! Чындыгында Биз силерди кыйналганыңарга карабастан азапка таштайбыз. Дүйнөдө күнөөлөрдү, каапырлыкты кылганыңар себептүү эч качан бүтпөгөн түбөлүк азапты тарткыла».
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّمَا يُؤۡمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُواْ بِهَا خَرُّواْۤ سُجَّدٗاۤ وَسَبَّحُواْ بِحَمۡدِ رَبِّهِمۡ وَهُمۡ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ۩
Чындыгында Биз пайгамбарларыбызга түшүргөн аяттарыбызга, алар насаат кылынганда Аллахты мактоо менен аруулап сажда кылгандар, Аллахка сыйынуудан жана кандай абалда болсо да сажда кылуудан текеберлик кылбагандар ыйман келтиришет.
Arabic explanations of the Qur’an:
تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمۡ عَنِ ٱلۡمَضَاجِعِ يَدۡعُونَ رَبَّهُمۡ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ
Алар уйкусунан ойгонуп капталдап жаткан жеринен төшөктөн турушат жана Аллахка бет алышып, намаздарында жана башка ибадаттарында Анын азабынан коркуу менен, Анын ырайымын үмүт кылуу менен дуба кылышат. Ошондой эле алар Биз берген мал-мүлктөрдү Аллах жолунда сарпташат.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَلَا تَعۡلَمُ نَفۡسٞ مَّآ أُخۡفِيَ لَهُم مِّن قُرَّةِ أَعۡيُنٖ جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы катары Аллах алар үчүн көздөрдү кубанткан кандай гана нерселерди даярдап койгондугун эч бир жан билбейт. Ал сыйлык аябагандай бийик-чоң, Анын акыйкатын бир гана Аллах билет.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَفَمَن كَانَ مُؤۡمِنٗا كَمَن كَانَ فَاسِقٗاۚ لَّا يَسۡتَوُۥنَ
Аллахка ыйман келтирип, Анын буйруктарын аткарган жана тыйгандарын таштаган адам Ага моюн сунуудан баш тарткан адамдай эмес. Бул эки тарап сыйлык же жаза алууда Аллахтын алдында бирдей эмес.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَلَهُمۡ جَنَّٰتُ ٱلۡمَأۡوَىٰ نُزُلَۢا بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга даярдалган алардын сыйлыгы бейиштер болот. Алар ал жайда Аллахтын берешендиги менен туруктуу жашашат. Бул алардын дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأَمَّا ٱلَّذِينَ فَسَقُواْ فَمَأۡوَىٰهُمُ ٱلنَّارُۖ كُلَّمَآ أَرَادُوٓاْ أَن يَخۡرُجُواْ مِنۡهَآ أُعِيدُواْ فِيهَا وَقِيلَ لَهُمۡ ذُوقُواْ عَذَابَ ٱلنَّارِ ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ
Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу менен Аллахка баш ийбегендер үчүн кыямат күнү даярдалган жайлары тозок болот. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Алар ал жерден чыгууга аракет кылышса, кайра ага кайтарылат жана айыптоо катары аларга айтылат: «Дүйнөдө пайгамбарларыңар силерди эскерткен кезде аны жалганга чыгарган тозок азабын тарткыла».
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• إيمان الكفار يوم القيامة لا ينفعهم؛ لأنها دار جزاء لا دار عمل.
Кыяматта каапырлардын ыйман келтирүүсү аларга пайда бербейт. Анткени ал жак иш-аракет кыла турган жай эмес, сыйлык же жаза ала турган жай.

• خطر الغفلة عن لقاء الله يوم القيامة.
Кыямат күнү Аллах менен жолугушууну унутуунун коркунучу.

• مِن هدي المؤمنين قيام الليل.
Түнкү намазды окуу ыймандуулардын тутунган жолу.

وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَدۡنَىٰ دُونَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَكۡبَرِ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Биз Аллахка баш ийбеген ал жалганчыларды эгер алар тообо кылышпаса, акыретте даярдалган чоң азапка чейин бул дүйнөдө кыйынчылыктарды жана балээлерди тарттырабыз. Балким алар Раббисине баш ийип кайтышар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن ذُكِّرَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِۦ ثُمَّ أَعۡرَضَ عَنۡهَآۚ إِنَّا مِنَ ٱلۡمُجۡرِمِينَ مُنتَقِمُونَ
Аллахтын аяттары эскертүү катары айтылганда андан сабак албастан, көңүл бурбастан жүз бурган адамдан өткөн залым эч ким жок. Чындыгында Биз Аллахтын аяттарынан жүз буруп каапырлык жана күнөөлөрдү кылган кылмышкерлерден сөзсүз өч алабыз.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ فَلَا تَكُن فِي مِرۡيَةٖ مِّن لِّقَآئِهِۦۖ وَجَعَلۡنَٰهُ هُدٗى لِّبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Биз Мусага Тооратты бердик. Эй, пайгамбар! Сен Исра жана Мираж түнүндө Муса менен жолукканыңа шектенбегин. Биз Мусага түшкөн китепти Исраил урпактарын адашуудан туура жолго багыттоочу кылдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَجَعَلۡنَا مِنۡهُمۡ أَئِمَّةٗ يَهۡدُونَ بِأَمۡرِنَا لَمَّا صَبَرُواْۖ وَكَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يُوقِنُونَ
Биз, Исраил урпактарынан адамдар аларды акыйкат жолунда ээрчий турган, өздөрү да акыйкат жолго баштай турган башчыларды кылдык. Анткени, алар Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып, ыйманга чакыруудагы кыйынчылыктарга сабыр кылышкан. Алар пайгамбарларына түшкөн Аллахтын аяттары чындык экенине толук ишенишкен.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَفۡصِلُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң алардын бул дүйнөдө талашып тартышкан маселелерин кыямат күнү калыстык менен чечип берет. Кимиси чынчыл, кимиси жалганчы экенин ачык билдирет жана ар бирине татыктуу сыйлыгын же жазасын берет.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَوَلَمۡ يَهۡدِ لَهُمۡ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَبۡلِهِم مِّنَ ٱلۡقُرُونِ يَمۡشُونَ فِي مَسَٰكِنِهِمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٍۚ أَفَلَا يَسۡمَعُونَ
Эмне алар Биз мурунку коомдорду жок кылганыбызды көрүшпөй сокур болуп калыштыбы?! Мына ошолордун жок кылынганга чейинки жашашкан турак-жайларында басып жүрүшөт го! Алардын абалдарын көрүп сабак алышкан жок. Чындыгында ал коомдор каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү жок кылынуусунда үлгү-сабактар бар. Бул аларга пайгамбарлары Аллах тараптан алып келген нерсе чындык экендигине далил болот. Ал жалганчылар Аллахтын аяттарын кабыл алуу жана үлгү алуу менен угушпайбы?!
Arabic explanations of the Qur’an:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا نَسُوقُ ٱلۡمَآءَ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡجُرُزِ فَنُخۡرِجُ بِهِۦ زَرۡعٗا تَأۡكُلُ مِنۡهُ أَنۡعَٰمُهُمۡ وَأَنفُسُهُمۡۚ أَفَلَا يُبۡصِرُونَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар көрүшпөйбү, Биз эч кандай өсүмдүк өспөгөн кургак жерге жамгырдын суусун жаадырып, ал суу менен алардын төөлөрү, уйлары, койлору жана алар өздөрү да жеген эгиндерди чыгардык го?! Алар муну көрүшпөйбү, кургак жерди өндүргөн Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин аңдап билишпейби?!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡفَتۡحُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар азапты шаштырып мындай дешет: «Кыямат күнү биз менен силердин ортобузду бөлөт, анан биз тозокко түшүп, силерди бейишке киргизет деп силер ойлоп жаткан өкүм качан болот?».
Arabic explanations of the Qur’an:
قُلۡ يَوۡمَ ٱلۡفَتۡحِ لَا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِيمَٰنُهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ
Эй, пайгамбар! Аларга айт: «Бул убада кыямат күнү болот. Чындыгында ал пенделердин ортосун бөлгөн күн. Ал кезде дүйнөдө Аллахка каапырлык кылгандар кыямат күнүн өз көзү менен көргөндөн кийин чындыкты тастыктагандары аларга пайда бербейт жана алар Раббисине тообо кылып кайтуулары үчүн мөөнөт да берилбейт».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَعۡرِضۡ عَنۡهُمۡ وَٱنتَظِرۡ إِنَّهُم مُّنتَظِرُونَ
Эй, пайгамбар! Алар адашууга батып кеткен соң сен алардан жүзүңдү бур жана алардын башына түшө турган нерсени күт! Алар да убада кылынган азапты күтүшсүн.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• عذاب الكافر في الدنيا وسيلة لتوبته.
Каапырдын бул дүйнөдө азапталышы анын тообо кылуусуна себеп болот.

• ثبوت اللقاء بين نبينا صلى الله عليه وسلم وموسى عليه السلام ليلة الإسراء والمعراج.
Пайгамбарыбыз менен Муса пайгамбардын Исра жана Мираж түнүндө жолугушкандыгынын аныктыгы.

• الصبر واليقين صفتا أهل الإمامة في الدين.
Сабырдуулук жана күмөнсүз терең ишеним диндеги башчылык кылгандардын сыпаттарынан.

 
Translation of the meanings Surah: As-Sajdah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close