Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 舍尔拉仪   段:
وَٱتَّقُواْ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ وَٱلۡجِبِلَّةَ ٱلۡأَوَّلِينَ
Силерди жана мурунку муундарды жараткан Аллахтын силерге жазасы түшүүдөн корккула.
阿拉伯语经注:
قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلۡمُسَحَّرِينَ
Шуайбдын эли ага айтты: «Чындыгында сен көп жолу сыйкырланып, акыры ал сыйкыр сенин акылыңа үстөмдүк кылып, аны кетирди.
阿拉伯语经注:
وَمَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا وَإِن نَّظُنُّكَ لَمِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Сен бизге окшогон эле адамсың. Бизден эч кандай артыкчылыгың деле жок. Анан кантип пайгамбар болмок элең? Биз сенин пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүңдө анык эле жалганчысың деген ойдобуз.
阿拉伯语经注:
فَأَسۡقِطۡ عَلَيۡنَا كِسَفٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Эгерде айткан сөзүңдө чынчыл болсоң, анда биздин үстүбүзгө асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи.
阿拉伯语经注:
قَالَ رَبِّيٓ أَعۡلَمُ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Шуайб аларга айтты: «Раббим силер кылып жаткан ширкти жана күнөөлөрдү эң жакшы билет. Силердин кылган ишиңердин эч бири Ага жашыруун эмес».
阿拉伯语经注:
فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمۡ عَذَابُ يَوۡمِ ٱلظُّلَّةِۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٍ
Алар жалганга чыгарышканын токтоткон жок. Анан аларга аптаптуу күндүн артынан булут көлөкөлөгөн азап келди. Ошондо алардын үстүнөн от жаап, аларды күйгүзүп салды. Чындыгында алар кыйраган күн – чоң коркунучка толгон күн болду.
阿拉伯语经注:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ
Чындыгында бул айтылган Шуайбдын элинин кыйроосунда адамдар үчүн үлгү-сабактар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Чындыгында Мухаммадга (ага Аллахтын саламы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) түшкөн бул Куран – макулуктардын Раббиси тарабынан түштү.
阿拉伯语经注:
نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلۡأَمِينُ
Аны аманаткөй Жебреил алып келди.
阿拉伯语经注:
عَلَىٰ قَلۡبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُنذِرِينَ
Оо, пайгамбар! Ал аны сен адамдарды эскерткен жана аларды Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбарлардан болушуң үчүн сенин жүрөгүңө алып келди.
阿拉伯语经注:
بِلِسَانٍ عَرَبِيّٖ مُّبِينٖ
Ал аны ачык-айкын түшүнүктүү болгон араб тилинде алып келди.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّهُۥ لَفِي زُبُرِ ٱلۡأَوَّلِينَ
Чындыгында бул Куран асмандан түшкөн абалкылардын китептеринде эскерилип, ал тууралуу куш кабарлар айтылган.
阿拉伯语经注:
أَوَلَمۡ يَكُن لَّهُمۡ ءَايَةً أَن يَعۡلَمَهُۥ عُلَمَٰٓؤُاْ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Сага түшкөн нерсенин акыйкат экенин Абдуллах ибн Салам сыяктуу Исраил урпактарынын аалымдарынын билүүсү – ал жалганчылар үчүн сенин чынчылдыгыңа далил боло албайбы?
阿拉伯语经注:
وَلَوۡ نَزَّلۡنَٰهُ عَلَىٰ بَعۡضِ ٱلۡأَعۡجَمِينَ
Эгерде Биз бул Куранды араб тилинде сүйлөбөгөн араб эмес элдерге түшүргөн болсок
阿拉伯语经注:
فَقَرَأَهُۥ عَلَيۡهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ مُؤۡمِنِينَ
жана аларга аны окуп берсе, алар ыйман келтиришмек эмес. Себеби алар: «Биз муну түшүнгөн жокпуз» – дешмек. Андыктан алар Аллахка шүгүр кылышсын, анткени аны алардын тилинде түшүрдү.
阿拉伯语经注:
كَذَٰلِكَ سَلَكۡنَٰهُ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Ошондой эле Биз күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрүнө (Куранга болгон) жалган менен каапырлыкты киргиздик.
阿拉伯语经注:
لَا يُؤۡمِنُونَ بِهِۦ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ
Алар кыйноочу азапты көрүшмөйүнчө каапырлыктан кайтышпайт жана ыйман келтиришпейт.
阿拉伯语经注:
فَيَأۡتِيَهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Ал азап аларга капыстан келет. Ал аларга күтүүсүз келгенге чейин алар анын келерин билишпейт.
阿拉伯语经注:
فَيَقُولُواْ هَلۡ نَحۡنُ مُنظَرُونَ
Аларга азап күтүүсүз келгенде катуу өкүнүчтөн мындай дешет: «Бизге мөөнөт берилер бекен, биз Аллахка тообо кылалы?».
阿拉伯语经注:
أَفَبِعَذَابِنَا يَسۡتَعۡجِلُونَ
Ал каапырлар Биздин азабыбызды шаштырып: «Сен биздин үстүбүзгө асмандын бир бөлүгүн түшүрмөйүнчө биз сага ыйман келтирбейбиз» – деп жатышабы?!
阿拉伯语经注:
أَفَرَءَيۡتَ إِن مَّتَّعۡنَٰهُمۡ سِنِينَ
Оо, пайгамбар! Айтчы Мага, эгерде Биз сен алып келген нерседен баш тарткан каапырларга узак убакыт бою жакшылыктарды берип жыргаткан болсок,
阿拉伯语经注:
ثُمَّ جَآءَهُم مَّا كَانُواْ يُوعَدُونَ
андан соң алар ошол жакшылыктарга жеткен замандан кийин аларга убада кылынган азап келген болсо,
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• كلما تعمَّق المسلم في اللغة العربية، كان أقدر على فهم القرآن.
Мусулман адам араб тилин канчалык терең үйрөнгөн сайын Куранды да терең түшүнө баштайт.

• الاحتجاج على المشركين بما عند المُنْصِفين من أهل الكتاب من الإقرار بأن القرآن من عند الله.
Китеп ээлеринин арасындагы калыс адамдардын Куран Аллах тараптан экендигин моюнга алууларын мушриктерге каршы далил катары колдонуу.

• ما يناله الكفار من نعم الدنيا استدراج لا كرامة.
Бул дүйнөдө каапырларга берилген жакшылыктар – аларга карата сый-урмат эмес, аларды акырындык менен жазалоо.

 
含义的翻译 章: 舍尔拉仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭