Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 舍尔拉仪   段:

Шуара

每章的意义:
بيان آيات الله في تأييد المرسلين وإهلاك المكذبين.
Аллахтын элчилерди колдоп, аларды жалганга чыгаргандарды кыйраткандыгы тууралуу аяттарды баяндоо.

طسٓمٓ
Та-сиим-миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
阿拉伯语经注:
تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ
Булар акыйкатты жалгандан ачыктап көрсөткөн Куран аяттары.
阿拉伯语经注:
لَعَلَّكَ بَٰخِعٞ نَّفۡسَكَ أَلَّا يَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар! Алар туура жолго түшсүн деп жанталашып, кайгырып жүрүп өзүңдү өлтүрүп албасаң болду.
阿拉伯语经注:
إِن نَّشَأۡ نُنَزِّلۡ عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ ءَايَةٗ فَظَلَّتۡ أَعۡنَٰقُهُمۡ لَهَا خَٰضِعِينَ
Эгерде Биз аларга асмандан аят-белгини түшүрүүнү кааласак, аларга түшүрмөкпүз. Ошондо алар ага шылкыйып моюн сунуп калмак. Бирок Биз алар кайыпка ыйман келтирет бекен деп сынаш үчүн муну каалаган жокпуз.
阿拉伯语经注:
وَمَا يَأۡتِيهِم مِّن ذِكۡرٖ مِّنَ ٱلرَّحۡمَٰنِ مُحۡدَثٍ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهُ مُعۡرِضِينَ
Ал мушриктерге Ырайымдуу (Аллах) тараптан Анын жалгыздыгын жана пайгамбарынын чынчылдыгын билдирген кандай гана жаңы эскертме келбесин, алар ага кулак салуудан жана ага ишенүүдөн баш тартышты.
阿拉伯语经注:
فَقَدۡ كَذَّبُواْ فَسَيَأۡتِيهِمۡ أَنۢبَٰٓؤُاْ مَا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Алар болсо пайгамбары алып келген нерсени жалганга чыгарышты. Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин анык кабарлары келет жана аларга азап түшөт.
阿拉伯语经注:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ كَمۡ أَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجٖ كَرِيمٍ
Ал көшөргөндөр каапырлыктан кайтышпайт бекен, алар жерди карашпайбы?! Биз анда ар түрдүү кооз жана пайдасы көп өсүмдүктөрдү өстүрүп койдук.
阿拉伯语经注:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ
Чындыгында жер бетинде түркүн-түрлүү өсүмдүктөрдү өстүрүүдө – аны өстүргөн Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү экендигине ачык-айкын белгилер бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, пенделерине Ырайымдуу.
阿拉伯语经注:
وَإِذۡ نَادَىٰ رَبُّكَ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱئۡتِ ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Эстегин, бир кезде Раббиң Мусага буйруду: «Аллахка каапырлык кылган жана Мусанын элин кул кылган залым коомго бар.
阿拉伯语经注:
قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَۚ أَلَا يَتَّقُونَ
Алар Фараондун коому. Аларга сыпайылык жана жумшактык менен буйру: «Аллахтын буйруктарын аткарып, анын тыйгандарын таштап Андан корккула!».
阿拉伯语经注:
قَالَ رَبِّ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ
Муса айтты: «Чындыгында мен Сен тууралуу аларга жеткирген нерседе мени жалганга чыгарууларынан коркомун.
阿拉伯语经注:
وَيَضِيقُ صَدۡرِي وَلَا يَنطَلِقُ لِسَانِي فَأَرۡسِلۡ إِلَىٰ هَٰرُونَ
Анан алардын мени жалганга чыгаруусунан көкүрөгүм сыгылып, тилим сөзгө келбей калуусу мүмкүн. Ошон үчүн Сен Жебрейилди бир тууганым Харунга жибер, ал мага жардамчы болсун.
阿拉伯语经注:
وَلَهُمۡ عَلَيَّ ذَنۢبٞ فَأَخَافُ أَن يَقۡتُلُونِ
Бир коптту өлтүрүп койгонум үчүн алардын алдында күнөөм бар. Ошол себептен алар мени өлтүрүп коюуларынан коркомун».
阿拉伯语经注:
قَالَ كَلَّاۖ فَٱذۡهَبَا بِـَٔايَٰتِنَآۖ إِنَّا مَعَكُم مُّسۡتَمِعُونَ
Аллах Мусага айтты: «Жок! Алар сени өлтүрө алышпайт. Бир тууганың Харун менен бирге силердин чынчылдыгыңарга далил болгон аят-белгилерибизди алып жөнөгүлө! Чындыгында Биз жардам берип жана колдоп силер менен бирге болобуз, силердин аларга айтканыңарды жана алардын силерге айткандарын угуп турабыз. Биз эч бир нерсени өткөрүп жибербейбиз.
阿拉伯语经注:
فَأۡتِيَا فِرۡعَوۡنَ فَقُولَآ إِنَّا رَسُولُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Фараонго баргыла да минтип айткыла: «Чындыгында биз сага бүткүл жандуу-жансыз ааламдын Раббисининен элчи болуп жиберилдик.
阿拉伯语经注:
أَنۡ أَرۡسِلۡ مَعَنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Сен Исраил урпактарын биз менен коё бер».
阿拉伯语经注:
قَالَ أَلَمۡ نُرَبِّكَ فِينَا وَلِيدٗا وَلَبِثۡتَ فِينَا مِنۡ عُمُرِكَ سِنِينَ
Фараон Мусага айтты: «Биз сени кичинеңден өз алдыбызда тарбияладык, өмүрүңдөн жылдар биз менен чогу жашадың, эми сенин пайгамбармын деген сөзүңө эмне түрткү берди?
阿拉伯语经注:
وَفَعَلۡتَ فَعۡلَتَكَ ٱلَّتِي فَعَلۡتَ وَأَنتَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Сен өз элиңден болгон адамга болушам деп бир коптту өлтүрүп оор иш кылгансың. Сага кылган жакшылыгымды танган адамдардансың».
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• حرص الرسول صلى الله عليه وسلم على هداية الناس.
Адамдардын туура жолго келүүсүнө пайгамбардын умтулган аракети.

• إثبات صفة العزة والرحمة لله.
Аллах таала кудуреттүүлүк жана ырайымдуулук сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо.

• أهمية سعة الصدر والفصاحة للداعية.
Ыйманга чакыруучу адам үчүн көкүрөктүн кеңдиги жана чечендиктиктин маанилүүлүгү.

• دعوات الأنبياء تحرير من العبودية لغير الله.
Пайгамбарлардын чакырыктарынын негизги максаты – Аллахтан башкага кулчулук кылуудан бошотуу.

• احتج فرعون على رسالة موسى بوقوع القتل منه عليه السلام فأقر موسى بالفعلة، مما يشعر بأنها ليست حجة لفرعون بالتكذيب.
Фараон Мусанын пайгамбарлыгына каршы анын адам өлтүргөнүн далил кылганда Муса ал кылганын моюнга алды. Биз мындан бул нерсе Фараондун Мусаны жалганга чыгаруусуна далил болбосун билебиз.

 
含义的翻译 章: 舍尔拉仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭