Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-An‘ām   Ayah:
وَمَا عَلَى ٱلَّذِينَ يَتَّقُونَ مِنۡ حِسَابِهِم مِّن شَيۡءٖ وَلَٰكِن ذِكۡرَىٰ لَعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болгондор бутпарастар үчүн жооп бербейт, болгону алардын моюнунда туура эмес иштен кайтаруу гана бар, мүмкүн бутпарастар да, буйруктарды аткарып, күнөөдөн тыйылып такыба болуп калаар
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَذَرِ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ دِينَهُمۡ لَعِبٗا وَلَهۡوٗا وَغَرَّتۡهُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَاۚ وَذَكِّرۡ بِهِۦٓ أَن تُبۡسَلَ نَفۡسُۢ بِمَا كَسَبَتۡ لَيۡسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٞ وَلَا شَفِيعٞ وَإِن تَعۡدِلۡ كُلَّ عَدۡلٖ لَّا يُؤۡخَذۡ مِنۡهَآۗ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ أُبۡسِلُواْ بِمَا كَسَبُواْۖ لَهُمۡ شَرَابٞ مِّنۡ حَمِيمٖ وَعَذَابٌ أَلِيمُۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡفُرُونَ
Оо, элчи, диндерин оюн-тамашага айлантып, шылдың, келеке кылган бутпарастардан алыс бол, аларды дүйнө жашоосу жана андагы убактылуу кызыктар азгырып койгон. Эй, пайгамбар, адамдарга Куран менен насаат кыл, кылган күнөөлөрү себептүү өздөрүн кыйроого дуушар кылып албасын. Ага жардам бере турган Аллахтан башка жардамчы болбойт жана Кыямат күнү аны Аллахтын азабынан арачалай турган колдоочу да болбойт. Азаптан кутулуу үчүн жаза акысына эмнени бербесин, баары бир кабыл кылынбайт. Булар күнөөгө баткан себептүү өз жандарын кыйроого учураткандар, Кыямат күнү алардын каапырлыгы үчүн ысыктыгы акыркы чегине жеткен ичимдиктер берилип, жан кейиткен азап менен азапталат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قُلۡ أَنَدۡعُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُنَا وَلَا يَضُرُّنَا وَنُرَدُّ عَلَىٰٓ أَعۡقَابِنَا بَعۡدَ إِذۡ هَدَىٰنَا ٱللَّهُ كَٱلَّذِي ٱسۡتَهۡوَتۡهُ ٱلشَّيَٰطِينُ فِي ٱلۡأَرۡضِ حَيۡرَانَ لَهُۥٓ أَصۡحَٰبٞ يَدۡعُونَهُۥٓ إِلَى ٱلۡهُدَى ٱئۡتِنَاۗ قُلۡ إِنَّ هُدَى ٱللَّهِ هُوَ ٱلۡهُدَىٰۖ وَأُمِرۡنَا لِنُسۡلِمَ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Аллахтан башка, пайда берүүгө да, зыян берүүгө да ээлик кыла албаган бут-айкелдерге сыйыналыбы. Аллах Таала туура жолго салып койгондон кийин динден кайтып, шайтандар адаштырып, туура жолун таппай акылы айран болгон кишиге окшойлубу. Анын түз жолдогу жолдоштору бар, алар аны чындыкка чакырат, ал болсо алардын чакырыгына жооп бере албайт. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Чынында Аллахтын жолу мына ушул туура жол, Аллах бизди Анын Жалгыздыгын моюндап, Ага ибадат кылып моюн сунууга буйруган, Ал ааламдардын Жаратуучусу
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَأَنۡ أَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَٱتَّقُوهُۚ وَهُوَ ٱلَّذِيٓ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ
Чынында бизди намазды толук кандуу окууга буйруду, Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып, такыба болууга буйруду. Ал Жалгыз, кыямат күнү пенделер топтолуп, кылган иштерине эсеп-кысап берүү үчүн Ага барат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَهُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۖ وَيَوۡمَ يَقُولُ كُن فَيَكُونُۚ قَوۡلُهُ ٱلۡحَقُّۚ وَلَهُ ٱلۡمُلۡكُ يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِۚ عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِۚ وَهُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡخَبِيرُ
Ал асман-жерди чындык менен жараткан кемчиликсиз Аллах Таала. Аллах бир нерсеге бол деген күнү ал болуп калат. Кыямат күнү тургула дегенде турушат. Анын сөзү сөзсүз боло турган чындык. Кыямат күнү Исрафил периште сурнайын экинчи жолу үйлөгөндө бардык падышалык Ага таандык болот. Ал кайыпты да, көрүнүп турганды Билүүчү, жаратууда жана башкарууда Даанышман, эч нерсе жашыруун болбогон Кабардар, иштердин ички сыры Ага сыртында көрүнүп тургандай эле маалым
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الداعية إلى الله تعالى ليس مسؤولًا عن محاسبة أحد، بل هو مسؤول عن التبليغ والتذكير.
Аллах Таалага чакыруучу адам башка бирөө үчүн суралбайт, ал жеткирүү жана эскертүүдө суралат

• الوعظ من أعظم وسائل إيقاظ الغافلين والمستكبرين.
Капылеттеги кайдыгер жана текеберлерди ойготуунун негизги ыкмасы насаат кылуу

• من دلائل التوحيد: أن من لا يملك نفعًا ولا ضرًّا ولا تصرفًا، هو بالضرورة لا يستحق أن يكون إلهًا معبودًا.
Пайда бербеген, зыян ийгизбеген, өз башынча иш кыла албаган нерсе, зарылдыкта сыйынылуучу кудай боло албайт, Аллахтын жалгыздыгынын бир далили ушу

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-An‘ām
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara