Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-An‘ām   Ayah:

Анъам

Ilan sa mga Layon ng Surah:
تقرير عقيدة التوحيد والرد على ضلالات المشركين.
Тавхид акыйдасын баяндоо жана мушриктердин адашууларына каяша жооп берүү.

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَجَعَلَ ٱلظُّلُمَٰتِ وَٱلنُّورَۖ ثُمَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡ يَعۡدِلُونَ
Жакшы көрүү менен айтылган, өтө көркөм, толук сыпатталган мактоолор Аллахка гана тиешелүү. Ал мурда эч окшошу болбогон асман жана жерди жаратты, бири-биринин артынан ээрчип жүргөн түн менен күндүздү жаратты. Түндү караңгы, күндүздү жарык кылды. Ушуга карабастан, каапырлар Ага башка нерсени теңеп, шерик кошуп алышты.
Ang mga Tafsir na Arabe:
هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن طِينٖ ثُمَّ قَضَىٰٓ أَجَلٗاۖ وَأَجَلٞ مُّسَمًّى عِندَهُۥۖ ثُمَّ أَنتُمۡ تَمۡتَرُونَ
Эй, адамдар, Ал кемчиликсиз Зат атаңар Адамды (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жаратканда силерди топурактан жаратты. Кийин дүйнө жашоосунда жашап турууңар үчүн силерге мөөнөт берди. анан кыямат күнү силерди кайра тирилтип чыгаруу үчүн Өзүнөн башка эч ким билбеген ажал мөөнөтүн берди. Ушундан кийин да Аллахтын кайра тирилтүүчү кудуретине ишенбей шектенесиңер.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَهُوَ ٱللَّهُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَفِي ٱلۡأَرۡضِ يَعۡلَمُ سِرَّكُمۡ وَجَهۡرَكُمۡ وَيَعۡلَمُ مَا تَكۡسِبُونَ
Ал кемчиликсиз Зат асман-жердегинин баары Ага ибадат кылуусуна татыктуу, Ага эч нерсе жашыруун боюнча калбайт, Ал силер ниетиңерди, сөзүңөрдү, ишиңерди жашырсаңар да, ачык кылсаңара да билип турат. Кийин ошого жараша сыйлайт же азаптайт
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ
Бутпарастарга Жаратуучуңардан далил, белги келсе, ага көңүл бурбастан таштап коюшту. Чынында аларга Аллахтын жалгыздыгын далидеген айдан ачык бир канча далил, белгилер келди, Аллахтын элчисинин чындык экенине бир канча далиллдер келди. Ошого карабастан кош көңүлдүк менен жүз буруп, тескери кетишти.
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَقَدۡ كَذَّبُواْ بِٱلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمۡ فَسَوۡفَ يَأۡتِيهِمۡ أَنۢبَٰٓؤُاْ مَا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Алар ачык-айкын далил, белгилерден баш тартуу менен андан да ачык болгон нерседен баш тартып алышты. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, салматтыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген Куранды жалган дешти. Жакында кыямат күнү азапты көргөндө аларга келген чындыкты шылдыңдаган кандай болорун билишет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَلَمۡ يَرَوۡاْ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَبۡلِهِم مِّن قَرۡنٖ مَّكَّنَّٰهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَا لَمۡ نُمَكِّن لَّكُمۡ وَأَرۡسَلۡنَا ٱلسَّمَآءَ عَلَيۡهِم مِّدۡرَارٗا وَجَعَلۡنَا ٱلۡأَنۡهَٰرَ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمۡ فَأَهۡلَكۡنَٰهُم بِذُنُوبِهِمۡ وَأَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قَرۡنًا ءَاخَرِينَ
Заалым үммөттөрдү кыйратып жок кылчу Аллахтын жолун бул каапырлар билбейби? Чынында Аллах Таала бул каапырларга бербеген жерди берген, булрада жок күчтү берген канчалаган элдерди жок кылды. Аларга асмандан утуру жамгыр жаадырып турчу, турган жерлерин аралай дарыяларды агызып койгон эле. Кийин алар Аллахка күнөөкөр болушту, күнөөгө баткандыгы үчүн аларды кыйратып жок кылды, анан алардын ордуна башка элдерди жаратты
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَوۡ نَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ كِتَٰبٗا فِي قِرۡطَاسٖ فَلَمَسُوهُ بِأَيۡدِيهِمۡ لَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
Оо, элчи, эгер сага барактарга жазылган китепти түшүрсөк, алар аны өз көзү менен көрүп, анан колдору менен кармап көргөнүн тастыктаса да, баары бир аны тан албай, ишенбей коймок жана: сен алып келген нерсе анык сыйкыр экен, биз буга эч ишенбейбиз деп айтышмак.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ مَلَكٞۖ وَلَوۡ أَنزَلۡنَا مَلَكٗا لَّقُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ ثُمَّ لَا يُنظَرُونَ
Тиги каапырлар: Эгер Аллах Таала Мухаммадга бир периштени түшүрүп, ал анын чындык экенине күбө өтүп бизге сүйлөгөндө, ошондо ага ишенмекпиз дешет. Эгер алар сыпаттагандай периштени түшүргөнүбүздө да ишенишпесе, аларды кыйратып жок кылмакпыз, анда аларга тообо кылууга мөөнөт да берилмек эмес.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• شدة عناد الكافرين، وبيان إصرارهم على الكفر على الرغم من قيام الحجة عليهم بالأدلة الحسية.
Каапырлардын өтө кежирдиги, аларга даана сезиле турган ачык-айкын далилдер көрсөтүлсө да каапырлыгын уланта берери баян кылынды

• التأمل في سنن الله تعالى في السابقين لمعرفة أسباب هلاكهم والحذر منها.
Мурдагы коомдордун кыйратылып жок болгон себебин билип, андан сак болуу үчүн Аллах Тааланын мурдагыларга болгон сүннөт-жолуна ой жүгүртүү керек

• من رحمة الله بعباده أن لم ينزل لهم رسولًا من الملائكة لأنهم لا يمهلون للتوبة إذا نزل.
Аллах Тааланын пенделерине болгон дагы бир ырайымы - аларга периштени элчи кылып түшүрбөгөнү, эгер түшүргөндө анда аларга тообо кылууга мүмкүнчүлүк берилмек эмес.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-An‘ām
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara