Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: An-Nisā’   Ayah:
وَٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ رِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَلَا يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَلَا بِٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۗ وَمَن يَكُنِ ٱلشَّيۡطَٰنُ لَهُۥ قَرِينٗا فَسَآءَ قَرِينٗا
Ошондой эле, Аллахка да, Кыямат күнүнө да ишенбеген, элге көрүнүү жана алардын мактоосуна татыктуу болуу үчүн мал-мүлкүнөн садага бергендерге да азапты даярдап койгонбуз; аларга ошол кор кылуучу азапты даядаганбыз. Алар шайтанга ээрчиген үчүн гана адашышты. Кимге шайтан дайыма чогуу жүрүүчү жолдош болсо, демек ал эң жаман жолдош
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمَاذَا عَلَيۡهِمۡ لَوۡ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَأَنفَقُواْ مِمَّا رَزَقَهُمُ ٱللَّهُۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِهِمۡ عَلِيمًا
Эгер алар Аллахка жана Кыямат күнгө чындап ыйман келтирип, мал-дүйнөсүн Аллах жакшы көрүп, ыраазы болгон жолго садага кылса, аларга эмне зыянын тийгизмек?! Тескерисинче, жакшылыктын баары ушунда болмок. Аллах Таала аларды Билүүчү, алардын абалы Ага жашыруун эмес, кийин баарын кылган ишине жараша жазалайт же сыйлайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَظۡلِمُ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖۖ وَإِن تَكُ حَسَنَةٗ يُضَٰعِفۡهَا وَيُؤۡتِ مِن لَّدُنۡهُ أَجۡرًا عَظِيمٗا
Аллах Таала чынында Адил, пенделерине залым кылбайт. Алардын жакшы иштеринен кичине кумурскачалык да кемитпейт, күнөөлөрүнө да эч нерсе кошпойт. Эгер пендеде чаңдын кыпынындай жакшылыгы болсо, артыкчылыгы менен аны бир канча эсе көбөйтөт, анан Өзүнөн өтө чоң сооп-сый берет
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَكَيۡفَ إِذَا جِئۡنَا مِن كُلِّ أُمَّةِۭ بِشَهِيدٖ وَجِئۡنَا بِكَ عَلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِ شَهِيدٗا
Оо, элчи, Кыямат күнү ар бир үммөткө алардын эмне кылганына күбө кылып пайгамбарларын алып келгенде, сени да үммөтүңө күбө кылып алып келсек абал кандай болот?!
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَوۡمَئِذٖ يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَعَصَوُاْ ٱلرَّسُولَ لَوۡ تُسَوَّىٰ بِهِمُ ٱلۡأَرۡضُ وَلَا يَكۡتُمُونَ ٱللَّهَ حَدِيثٗا
Ошол азабы катуу күндө (Кыяматта) Аллахка каапыр болуп, Анын элчисине күнөөкөр болгондор топуракка айланып жер менен жексен болуп кетсек экен деп тилешет. Кылган иш-аракеттеринен эч нерсесин Аллахтан жашырып кала албайт; анткени, Аллах Таала алардын тилине мөөр басып, эмне кылганына күбө өтүүгө дене-мүчөлөрүнө уруксат берет
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقۡرَبُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنتُمۡ سُكَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَعۡلَمُواْ مَا تَقُولُونَ وَلَا جُنُبًا إِلَّا عَابِرِي سَبِيلٍ حَتَّىٰ تَغۡتَسِلُواْۚ وَإِن كُنتُم مَّرۡضَىٰٓ أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٍ أَوۡ جَآءَ أَحَدٞ مِّنكُم مِّنَ ٱلۡغَآئِطِ أَوۡ لَٰمَسۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَلَمۡ تَجِدُواْ مَآءٗ فَتَيَمَّمُواْ صَعِيدٗا طَيِّبٗا فَٱمۡسَحُواْ بِوُجُوهِكُمۡ وَأَيۡدِيكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَفُوًّا غَفُورًا
Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген момундар, мас болуп калсаңар, качан соолугуп, эмнени сүйлөп жатканыңарды билмейинче намазга жакындабагыла (окубагыла). Бул өкүм аракты толук бойдон арамга чыгарган өкүмдөн мурда келген. (Кийин бул өкүм күчүн жоготкон). Ошондой эле жунуб болсоңор да, жуунуп тазаланмайынча намаз окубагыла жана мечитке кирбегиле. Бирок көпкө кармалбай кирип чыгып кеткендерге уруксат. Эгер суу менен жуунса күчөп кете турган оору менен оорусаңар, же сапарда болсоңор, же дааратсыз болуп калсаңар, же аялыңар менен кошулсаңар, анан жуунуга же даарат алууга суу таппасаңар, анда ниет кылып таза топуракка колуңарды уруп аны менен бети-колуңарды сүрткүлө. Аллах Таала чынында силердин кемчилигиңерди Өчүрүүчү жана сиерди Кечирүүчү
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ نَصِيبٗا مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ يَشۡتَرُونَ ٱلضَّلَٰلَةَ وَيُرِيدُونَ أَن تَضِلُّواْ ٱلسَّبِيلَ
Оо, элчи, Аллах Таала Тоороттон илим берген яхудилер, туура жолду адашууга алмаштырганын билбейсиңби. Эй, момундар, алар өздөрүнүн ийри жолуна түшүрүү үчүн силерди да элчи-пайгамбар алып келген түз, туура жолдон адаштырууга кызыкдар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• من كمال عدله تعالى وتمام رحمته أنه لا يظلم عباده شيئًا مهما كان قليلًا، ويتفضل عليهم بمضاعفة حسناتهم.
Аллах Тааланын адилдиги жана ырайымдуулугу ушунчалык, пендесине кыпындай залым кылбайт, ал эми жакшылыктарын эселеп көбөйтөт

• من شدة هول يوم القيامة وعظم ما ينتظر الكافر يتمنى أن يكون ترابًا.
Кыяматтын коркунучу жана каапырлар күткөн азап өтө оор болгондуктан, алар топуракка айланып калууну самашат

• الجنابة تمنع من الصلاة والبقاء في المسجد، ولا بأس من المرور به دون مُكْث فيه.
Жунуб болуу намаз окуудан жана мечитке кирүүдөн тыят. Бирок мечитте көпкө турбастан аралап өтө турган болсо, эч нерсе эмес.

• تيسير الله على عباده بمشروعية التيمم عند فقد الماء أو عدم القدرة على استعماله.
Суу табылбаган же сууну иштетүүгө мүмкүн болбогон учурда таямум кылуу бул, пенделерине Аллах Таала шариятты жеңил кылганы

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: An-Nisā’
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara