Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: An-Nisā’   Ayah:

Ниса

Ilan sa mga Layon ng Surah:
تنظيم المجتمع المسلم وبناء علاقاته، وحفظ الحقوق، والحث على الجهاد، وإبطال دعوى قتل المسيح.
Мусулман коомчулугун тартиптөө, мамилелерин куруу, укуктарды сактоо, жихадка кызыктыруу жана Иса пайгамбарды өлтүрүү дооматын жокко чыгаруу.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمُ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ وَخَلَقَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا وَبَثَّ مِنۡهُمَا رِجَالٗا كَثِيرٗا وَنِسَآءٗۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِي تَسَآءَلُونَ بِهِۦ وَٱلۡأَرۡحَامَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَيۡكُمۡ رَقِيبٗا
Оо, адамдар, Жаратуучуңардан корккула. Ал силерди бир жандан, тагыраагы Адам атадан жаратты. Адам атадан анын жубайы, силердин энеңер Хаваны жаратты. Анан ал экөөнөн жер бети толо эркек, аялдарды таратты. Аллахтан корккула, Анын аты менен бири-бириңден бир нерсе сурайсыңар, башкача айтканда, Аллахтын аты менен сураймын, мага мындай жардам берчи деп айтасыңар. Ортоңордо байланышы бар туугандыкты үзүүдө да Аллахтан корккула. Аллах Таала чынында силерди көзөмөлдөп турат, силердин кылганыңар Анын көзөмөлүнөн сыртта калбайт. Баарын эсептеп, ошого жараша сый же жаза берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَءَاتُواْ ٱلۡيَتَٰمَىٰٓ أَمۡوَٰلَهُمۡۖ وَلَا تَتَبَدَّلُواْ ٱلۡخَبِيثَ بِٱلطَّيِّبِۖ وَلَا تَأۡكُلُوٓاْ أَمۡوَٰلَهُمۡ إِلَىٰٓ أَمۡوَٰلِكُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ حُوبٗا كَبِيرٗا
Оо, осуят кылынгандар, жетимдердин (жетим - балакат жашына жете элек атасынан ажыраган бал же кыз) малын алар балакатка жетип, оз алдынча жол таап калганда отлук кайтарып бергиле. Арамды адалга аралаштырбагыла; б.а. жетимдердин жакшы мал-мүлкүн алып, кийин аны кайра бергенден анын ордуна өзүңөрдүн жаман мал-мүлкүңөрдөн бербегиле. Ошондой эле жетимдердин мал-мүлкүн өзүңөрдүкүнө кошуп алып жебегиле. Бул Аллахка өтө чоң күнөө
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِنۡ خِفۡتُمۡ أَلَّا تُقۡسِطُواْ فِي ٱلۡيَتَٰمَىٰ فَٱنكِحُواْ مَا طَابَ لَكُم مِّنَ ٱلنِّسَآءِ مَثۡنَىٰ وَثُلَٰثَ وَرُبَٰعَۖ فَإِنۡ خِفۡتُمۡ أَلَّا تَعۡدِلُواْ فَوَٰحِدَةً أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَلَّا تَعُولُواْ
Эгер кепилдигиңердеги жетим кыздарга үйлөнүүдө аларга адилет боло албайм деп, же аларга берчү махыр акысын толук бере албай калам деп, же аларга мамиле кылууда кемчилик кетирем деп корксоңор, анда алардан башка аялдарга кааласаңар экөөнө, үчөөнө же төртөөнө үйлөнгүлө. А эгер булардын ортосунда адилеттүү боло албайм деп корксоңор, анда бирөө менен чектелгиле же кол алдыңардагы күң аялдарды алгыла (пайдалангыла). Анткени, күңдөрдө эркин аялдарда сакталчу укуктардын көбү жок. Ушул жогоруда айтылган жетимдерге адилеттүү болуу, бир аял менен чектелүү, күң аялдарды пайдалануу зыян тартып калбооңорго себеп болчу амалдар
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَءَاتُواْ ٱلنِّسَآءَ صَدُقَٰتِهِنَّ نِحۡلَةٗۚ فَإِن طِبۡنَ لَكُمۡ عَن شَيۡءٖ مِّنۡهُ نَفۡسٗا فَكُلُوهُ هَنِيٓـٔٗا مَّرِيٓـٔٗا
Аялдарыңарга берилүүсү милдеттүү болгон махыр акысын бергиле.Махырынан бир нерсени силерге өзү ыраазы болуп, жек көрбөстөн берсе, аны жей бергиле, анда эч жамандык жок
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَا تُؤۡتُواْ ٱلسُّفَهَآءَ أَمۡوَٰلَكُمُ ٱلَّتِي جَعَلَ ٱللَّهُ لَكُمۡ قِيَٰمٗا وَٱرۡزُقُوهُمۡ فِيهَا وَٱكۡسُوهُمۡ وَقُولُواْ لَهُمۡ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا
Оо, кепилдикке алгандар, жетимдердин мал-мүлкүн али иштетүүгө күч-кудурети жете элегинде аларга бербегиле. Бул малды Аллах Таала алардын жашоо-турмушун тикелей турган, адамдардын ортосундагы мамилени бекемдей турган себеп кылып койгон. Ал акылы жете электер, малын сактоону билбейт. Ошон үчүн аларды өзүнүн малдарынан жедирип-ичирип, кийинткиле. Аларга жакшы сөз айткыла. Балакатка жетип, ак-караны ажыратып калганыңарда мал-мүлкүңөрдү өзүңөргө берем деп кубанткыла.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَٱبۡتَلُواْ ٱلۡيَتَٰمَىٰ حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغُواْ ٱلنِّكَاحَ فَإِنۡ ءَانَسۡتُم مِّنۡهُمۡ رُشۡدٗا فَٱدۡفَعُوٓاْ إِلَيۡهِمۡ أَمۡوَٰلَهُمۡۖ وَلَا تَأۡكُلُوهَآ إِسۡرَافٗا وَبِدَارًا أَن يَكۡبَرُواْۚ وَمَن كَانَ غَنِيّٗا فَلۡيَسۡتَعۡفِفۡۖ وَمَن كَانَ فَقِيرٗا فَلۡيَأۡكُلۡ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ فَإِذَا دَفَعۡتُمۡ إِلَيۡهِمۡ أَمۡوَٰلَهُمۡ فَأَشۡهِدُواْ عَلَيۡهِمۡۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبٗا
Оо, кепилдикке алгандар, жетимдерди алар балакатка жеткенде мал-мүлкүнөн бир аз берип, сынап, текшерип көргүлө. Эгер аны туура пайдаланып, иштете алса, буга силердин көзүңөр жетсе, анда алардын мал-мүлкүн толук өткөрүп бергиле. Муктаждыкта жегиле деп Аллах уруксат берген өлчөмдөн ашырып алардын мал-мүлкүн жебегиле. Булар балакатка жеткенде бергичем же турайын деп алардын мал-мүлкүн жегенге шашылбагыла. Эгер силерде өзүңөргө жетерлик мал-мүлкүңөр болсо, жетимдердин малына түк тийбегиле. А эгер жакыр болсоңор, өзүңөрдо мал жок болсо, анда муктаждыкка жараша жетимдердин малынан жеп турсаңар болот. Качан алар балакатка жетип, мал-мүлк пайдаланууну билип калганда алардын мал-мүлкүн бергиле жана бергениңерге бирөөлөрдү күбө кылгыла. Күбө укуктун сакталуусуна, кийин талаш-тартыш болбоосуна себеп болот. Буга күбө болууда жана пенделерин амалына жараша эсеп кылууда Аллах жетиштүү
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الأصل الذي يرجع إليه البشر واحد، فالواجب عليهم أن يتقوا ربهم الذي خلقهم، وأن يرحم بعضهم بعضًا.
Адамзаттын жаралышы да, кайтчу жери да бир. Жараткан Жаратуучусунан коркуу, бири-бирин урматтоо адам баласына важыб, милдет.

• أوصى الله تعالى بالإحسان إلى الضعفة من النساء واليتامى، بأن تكون المعاملة معهم بين العدل والفضل.
Аллах Таала аялдарга жана жетимдерге жакшы мамиле кылууну осуят кылды. Аларга адил, жакшы мамиле кылуу зарыл.

• جواز تعدد الزوجات إلى أربع نساء، بشرط العدل بينهن، والقدرة على القيام بما يجب لهن.
Төрт аял алууга уруксат, бирок баарына адилет болуу шарт жана алардын акысын берүүгө кудурети жетүүсү кажет.

• مشروعية الحَجْر على السفيه الذي لا يحسن التصرف، لمصلحته، وحفظًا للمال الذي تقوم به مصالح الدنيا من الضياع.
Малды туура пайдалана албаган акыл-эси кем адамдын мал-мүлкүн убактылуу алып турууга шариятта уруксат. Анткени, жашоого зарыл болгон мал-мүлкүн жоготуп алуу коркунучу бар жана буга жол бербүүгө болбойт

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: An-Nisā’
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara