Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Luqmān   Ayah:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِيٓ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى وَأَنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Көрбөдүңбү, Аллах күн узак болуш үчүн түндү кыскартты жана түн узак болуш үчүн күндү кыскартты. Ошондой эле Күн менен Айдын жүрүшүн белгилеп койду. Ал экөөсү өз орбитасында белгилүү мөөнөттө айланышат. Чындыгында Аллах силердин кылганыңардан кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ
Мына ушул башкаруу жана өлчөө Аллахтын жалгыз акыйкат экенине күбө болот. Ал Өз Затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде акыйкат. Ал эми мушриктер сыйынган Андан башка нерселер эч кандай негизи жок жалган. Аллах гана бүткүл жаратылыштан Өз Заты, үстөмдүгү жана урматы менен Бийик. Андан бийик эч нерсе жок, Ал бардык нерседен Улук.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱلۡفُلۡكَ تَجۡرِي فِي ٱلۡبَحۡرِ بِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ لِيُرِيَكُم مِّنۡ ءَايَٰتِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ
Кемелер деңизде Анын мээримдүүлүгү жана жеңилдетүүсү менен сүзүп жүргөнүн көрбөдүңбү?! Эй, адамдар! Ал муну силерге Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана мээримин билдирген керемет-белгилерин көргөзүш үчүн кылды. Чындыгында бул нерседе кыйынчылыкта сабыр кылуучулар жана жакшылыкта шүгүр кылуучулар үчүн Анын кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِذَا غَشِيَهُم مَّوۡجٞ كَٱلظُّلَلِ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ فَمِنۡهُم مُّقۡتَصِدٞۚ وَمَا يَجۡحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا كُلُّ خَتَّارٖ كَفُورٖ
Качан аларды бүт тараптан тоолордой жана булуттардай толкундар ороп калганда гана алар жалгыз Аллахка чын ыкластан дуба кылып жана сыйынып жалбарышат. Качан Аллах алардын дубасына жооп берип, аларды чөгүүдөн сактап, кургактыкка чыгарса, алардын кээ бирлери ортолукту карманып, аларга милдет болгондой толук түрдө шүгүр кылышпайт, ал эми кээ бирлери Аллахтын жакшылыгын четке кагышат. Биздин керемет-белгилерибизди бардык кыянатчылар (мисалы, эгер Аллах бизди куткарса, анда сөзсүз шүгүр келтирүүчүлөрдөн болобуз деп убада кылгандар), Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылбай аларды четке каккандар гана жокко чыгарышат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡ وَٱخۡشَوۡاْ يَوۡمٗا لَّا يَجۡزِي وَالِدٌ عَن وَلَدِهِۦ وَلَا مَوۡلُودٌ هُوَ جَازٍ عَن وَالِدِهِۦ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ
Эй, адамдар! Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Жана атасы баласына, баласы атасына эч пайда келтире албаган күндүн азабынан корккула! Чындыгында Аллахтын кыямат күнүндөгү сыйлык же жаза тууралуу берген убадасы анык жана сөзсүз болот. Андыктан силерди дүйнө жашоосунун ырахаттары жана жыргалчылыктары азгырып койбосун жана шайтан силерди Аллахтын токтоолугу жана азапты кечиктирүүсү менен алдап койбосун.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ ٱلۡغَيۡثَ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلۡأَرۡحَامِۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسٞ مَّاذَا تَكۡسِبُ غَدٗاۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسُۢ بِأَيِّ أَرۡضٖ تَمُوتُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرُۢ
Чындыгында кыяматтын качан болорун жалгыз Аллах гана билет. Ал качан кааласа жамгыр жаадырат. Жана жатындагы түйүлдүк бала же кыз экенин, бактылуу же бактысыз экенин Өзү билет. Эч бир жан эртең кандай жакшылык же жамандык кыларын билбейт. Эч бир жан кайсы жерде өлөрүн да билбейт. Мунун баарын Аллах гана билет. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү, Кабардар. Булардын эч бири Ага жашыруун эмес.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• نقص الليل والنهار وزيادتهما وتسخير الشمس والقمر: آيات دالة على قدرة الله سبحانه، ونعمٌ تستحق الشكر.
Түн менен күндүн узарышы жана кыскарышы, Күн менен Айдын кызмат кылуусу – Аллахтын кудуреттүүлүгүн билдирген керемет-белгилерден жана шүгүр кылууну талап кылган жакшылыктардан.

• الصبر والشكر وسيلتان للاعتبار بآيات الله.
Сабырдуулук жана шүгүр кылуу – Аллахтын керемет-белгилеринен ибарат алууга себеп болот.

• الخوف من القيامة يقي من الاغترار بالدنيا، ومن الخضوع لوساوس الشياطين.
Кыяматтан коркуу дүйнөгө азгырылуудан жана шайтандын азгырыктарын ээрчүдөн сактайт.

• إحاطة علم الله بالغيب كله.
Аллах кайыптын баарын билет.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Luqmān
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara