Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Luqmān   Ayah:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا لُقۡمَٰنَ ٱلۡحِكۡمَةَ أَنِ ٱشۡكُرۡ لِلَّهِۚ وَمَن يَشۡكُرۡ فَإِنَّمَا يَشۡكُرُ لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ حَمِيدٞ
Биз Лукманга диндеги туура түшүнүктү жана иштердин тууралыгын билүүнү бердик жана ага айттык: «Эй, Лукман! Раббиң сени Өзүнө моюн сунууга ийгилик берип кылган жакшылыгына шүгүр кыл! Кимде-ким Раббисине шүгүр кылса, чындыгында анын кылган шүгүрү өзүнө гана кайтат. Аллах анын шүгүрүнө муктаж эмес. Ал эми ким Аллахтын берген жакшылыгын четке кагып, Ага каапырлык кылса, чындыгында анын каапырлыгынын зыянын өзү тартат. Ал Аллахка эч кандай зыян бербейт. Ал жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес жана бүткүл абалда мактоого татыктуу».
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِذۡ قَالَ لُقۡمَٰنُ لِٱبۡنِهِۦ وَهُوَ يَعِظُهُۥ يَٰبُنَيَّ لَا تُشۡرِكۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّ ٱلشِّرۡكَ لَظُلۡمٌ عَظِيمٞ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Лукман баласын жакшылыкка үндөп, жамандыктан эскертип мындай деди: «Оо, балам! Аллах менен катар башкага сыйынба! Чындыгында Аллах менен катар башка кудайларга сыйынуу – адамдын чоң зулумдугу. Анткени ал түбөлүк тозокко алып бара турган чоң күнөөнү кылды».
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ حَمَلَتۡهُ أُمُّهُۥ وَهۡنًا عَلَىٰ وَهۡنٖ وَفِصَٰلُهُۥ فِي عَامَيۡنِ أَنِ ٱشۡكُرۡ لِي وَلِوَٰلِدَيۡكَ إِلَيَّ ٱلۡمَصِيرُ
Биз инсанга Аллахтын алдында күнөө болбогон иште ата-энесине баш ийүүнү, аларга жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны өз курсагында кыйынчылык артынан кыйынчылык тартып көтөрдү жана аны эмчектен чыгаруу эки жыл. Биз ага айттык: «Аллах сага кылган жакшылыктар үчүн Ага шүгүр кыл жана сага тарбия берген, камкордук кылган ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар, ошондо Мен ар бириңерге татыктуу сыйлыгын же жазасын берем».
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِن جَٰهَدَاكَ عَلَىٰٓ أَن تُشۡرِكَ بِي مَا لَيۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٞ فَلَا تُطِعۡهُمَاۖ وَصَاحِبۡهُمَا فِي ٱلدُّنۡيَا مَعۡرُوفٗاۖ وَٱتَّبِعۡ سَبِيلَ مَنۡ أَنَابَ إِلَيَّۚ ثُمَّ إِلَيَّ مَرۡجِعُكُمۡ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Эгерде ата-энең күчкө салып сени Аллахка ширк кылдырууга болушунча аракет кылып мажбурлашса да, сен бул нерседе аларга баш ийбе! Анткени Жаратуучунун алдында күнөө болгон иште инсанга, пендеге баш ийүү жок. А, бирок дүйнөдө ал экөөсүн урматтап сыйла, мамилеңди бекемде жана жакшылык кыл! Мени жалгыз деп билген жана баш ийүү менен Мага кайткан адамдардын жолун ээрчи! Кийин кыямат күнү баарыңар Мага гана кайтасыңар. Ошондо Мен силерге бул дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын билдирем жана анын сыйлыгын же жазасын берем.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰبُنَيَّ إِنَّهَآ إِن تَكُ مِثۡقَالَ حَبَّةٖ مِّنۡ خَرۡدَلٖ فَتَكُن فِي صَخۡرَةٍ أَوۡ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ أَوۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ يَأۡتِ بِهَا ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٞ
Оо, балам! Чындыгында жакшылык же жамандык иш сары кычынын данынын салмагындай кичине болуп, эч ким көрбөгөн аска таштын ичинде болсо да, же болбосо асмандардын же Жердин кайсы жеринде болбосун, Аллах аны кыямат күнү сөзсүз алып келет жана пендеге анын сыйлыгын же жазасын берет. Чындыгында Аллах Баамчыл, Ага бүткүл нерселер ийне-жибине чейин белгилүү. Ал Кабардар, бүткүл нерселердин акыйкатын жана ордун билет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰبُنَيَّ أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ وَأۡمُرۡ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَٱنۡهَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَآ أَصَابَكَۖ إِنَّ ذَٰلِكَ مِنۡ عَزۡمِ ٱلۡأُمُورِ
Оо, балам! Намазды толук түрдө аткар, жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар жана бул нерседе сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл. Чындыгында сага буйрулган бул нерселерди Аллах сенин аткарууңду буйурду жана сага бул нерседе эч кандай тандоо бербеди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَا تُصَعِّرۡ خَدَّكَ لِلنَّاسِ وَلَا تَمۡشِ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَحًاۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخۡتَالٖ فَخُورٖ
Жана текеберленип адамдардан жүзүңдү бурба! Ошондой эле жер үстүндө менменсинип керсейип баспа! Чындыгында берилген жакшылыктар менен адамдарга текеберленип, ал үчүн Аллахка шүгүр кылбай мактанып менменсинген адамдардын эч бирин Аллах жакшы көрбөйт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَٱقۡصِدۡ فِي مَشۡيِكَ وَٱغۡضُضۡ مِن صَوۡتِكَۚ إِنَّ أَنكَرَ ٱلۡأَصۡوَٰتِ لَصَوۡتُ ٱلۡحَمِيرِ
Шашылбастан, өтө жай да эмес салабаттуулукту көрсөтүп бир калыпта бас жана зыян бере турганчалык үнүңдү катуу чыгарба! Чындыгында үндөрдүн эң жаманы – эшектин айкырганы. Анткени анын үнү катуу чыгат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• لما فصَّل سبحانه ما يصيب الأم من جهد الحمل والوضع دلّ على مزيد برّها.
Аллах эненин кош бойлуулуктан жана төрөттөн тарткан кыйынчылыктарын баяндоо менен ага ашыкча жакшылык кылууга жол көргөздү.

• نفع الطاعة وضرر المعصية عائد على العبد.
Ибадаттын пайдасы жана күнөөнүн зыяны пенденин өзүнө кайтат.

• وجوب تعاهد الأبناء بالتربية والتعليم.
Балдарга таалим-тарбия берүүнүн милдеттүүлүгү.

• شمول الآداب في الإسلام للسلوك الفردي والجماعي.
Ислам дининдеги адептер өз ичине жеке жана коомдук жүрүм-турумдарды камтыйт.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Luqmān
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara