Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: El A’raf   Ajeti:
قَالَ ٱدۡخُلُواْ فِيٓ أُمَمٖ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِكُم مِّنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ فِي ٱلنَّارِۖ كُلَّمَا دَخَلَتۡ أُمَّةٞ لَّعَنَتۡ أُخۡتَهَاۖ حَتَّىٰٓ إِذَا ٱدَّارَكُواْ فِيهَا جَمِيعٗا قَالَتۡ أُخۡرَىٰهُمۡ لِأُولَىٰهُمۡ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ أَضَلُّونَا فَـَٔاتِهِمۡ عَذَابٗا ضِعۡفٗا مِّنَ ٱلنَّارِۖ قَالَ لِكُلّٖ ضِعۡفٞ وَلَٰكِن لَّا تَعۡلَمُونَ
Периштелер аларга: "Эй, бутпарастар, силерден мурда каапырлык жана адашуу менен өткөн жин жана инсандардын жамааты менен бирге тозокко киргиле" деп айтышат. Ар бир үммөт тозокко кирген сайын, аларды ушул жолго баштаган, мурдараак тозокко кирген жол башчыларына каргыш айтышат. Баары тозокко киргенден кийин, мурдагыларды кем акылдык менен ээрчип, анан тозокко акыры болуп киргендер, мурда кирген башчы, чоңдоруна карап, (анан Раббисине): "Эй, Раббибиз, мына ушул чоңдорубуз бизди туура жолдон адаштырган, бизге адашууну кооздоп көрсөткөнү үчүн алардын азабына катуу кыл" дешет. Аллах аларга жооп кылып:Силердин ар бириңерге тиешелүү күчөтүлгөн азап бар, бирок, силер аны билбейсиңер.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَقَالَتۡ أُولَىٰهُمۡ لِأُخۡرَىٰهُمۡ فَمَا كَانَ لَكُمۡ عَلَيۡنَا مِن فَضۡلٖ فَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡسِبُونَ
Чоңдору артынан ээрчигендерине: "Эй, ээрчүүчүлөр, силердин азабыңарды жеңилдеткидей, силер бизден артык эмессиңер, кылган ишиңердин натыйжасы ушул, жалганды ээрчигениңер үчүн силерге кечирим жок, эй, ээрчүүчүлөр, каапырлыгыңар жана күнөөкөрлүгүңөр себептүү биз сыяктуу эле силер да азаптын даамын таткыла" дейшет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَٱسۡتَكۡبَرُواْ عَنۡهَا لَا تُفَتَّحُ لَهُمۡ أَبۡوَٰبُ ٱلسَّمَآءِ وَلَا يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ حَتَّىٰ يَلِجَ ٱلۡجَمَلُ فِي سَمِّ ٱلۡخِيَاطِۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Биздин ачык-айкын аяттарыбызды жалганга чыгарганы, текеберлик кылып баш ийбегени үчүн жакшылыктан куру калгандарга, каапырлыгы себептүү алардын кылган иштерине жана алар өлгөндө алардын рухтарына асман эшиктери ачылбайт. Жан-жаныбарлардын чоңу болгон төө буюмдардын эң кичинекейи болгон ийненин көзүнөн өтө албаган сыяктуу, алар да эч качан бейишке кире албайт. Төөнүн ийненин көзүнөн өтүүсү мүмкүн бологон сыяктуу алардын бейишке кирүүсү да мүмкүн эмес. Аллах аларды күнөөлөрү өтө чоң болгону үчүн ушинтип жазалайт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
لَهُم مِّن جَهَنَّمَ مِهَادٞ وَمِن فَوۡقِهِمۡ غَوَاشٖۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلظَّٰلِمِينَ
Бул текебер жалганчылар үчүн тозок отунан төшөнчү жана жууркан болот. Мындай жаза менен Аллахка каапырлык кылып, Андан жүз буруп, Анын чегинен чыккандарды жазалайбыз.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Раббисине ыйман келтирип, колунан келишинче жакшы иштерди жасагандар бейишке кирип, анда түбөлүк калышат. Аллах эч кимди колунан келбеген ишке буйрубайт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلّٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمُ ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَقَالُواْ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي هَدَىٰنَا لِهَٰذَا وَمَا كُنَّا لِنَهۡتَدِيَ لَوۡلَآ أَنۡ هَدَىٰنَا ٱللَّهُۖ لَقَدۡ جَآءَتۡ رُسُلُ رَبِّنَا بِٱلۡحَقِّۖ وَنُودُوٓاْ أَن تِلۡكُمُ ٱلۡجَنَّةُ أُورِثۡتُمُوهَا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Бейиштеги жакшылыктардын кемчиликсиздиги ушул, анда адамдардын жүрөгүндөгү жек көрүү, кектер алынып салынат, алардын бут алдынан дарыялар агып турат. Алар Аллахтын аларга берген жакшылыктарын моюндап: "Биздин ушул жайга кирүүбүзгө себеп болгон жакшы иштерди аткарууга багыт берген Аллахка мактоо болсун. Раббибиздин элчилери эч шеги жок акыйкатты, бейиш жана тозок тууралуу чын убадаларды алып келишкен экен" дешет. Анан аларга мындай деген үн угулат: "Бул силерге Менин элчилерим кабарын берген - бейиш. Муну Аллах силерге, Аллахтын ыраазылыгы үчүн дүйнө жашоосунда жакшы иштерди кылганыңардын сыйы катары берди.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• المودة التي كانت بين المكذبين في الدنيا تنقلب يوم القيامة عداوة وملاعنة.
Жалганчылардын бул дүйнөдөгү достугу, кыяматта душмандыкка айланат.

• أرواح المؤمنين تفتح لها أبواب السماء حتى تَعْرُج إلى الله، وتبتهج بالقرب من ربها والحظوة برضوانه.
Ыймандуулардын рухтарына асман эшиктери ачылып, Аллахка көтөрүлөт, Раббисине жакын болгонуна жана Анын ыраазылыгына киргенине кубанат.

• أرواح المكذبين المعرضين لا تفتح لها أبواب السماء، وإذا ماتوا وصعدت فهي تستأذن فلا يؤذن لها، فهي كما لم تصعد في الدنيا بالإيمان بالله ومعرفته ومحبته، فكذلك لا تصعد بعد الموت، فإن الجزاء من جنس العمل.
Тоң моюн, жалганчылардын рухтарына асман эшиктери ачылбайт. Алар өлгөндө рухтары көтөрүлүп кирүүгө уруксат сурайт, бирок, уруксат берилбейт. Бул дүйнөдө да алар Аллахка ыйман келтирүү, Аны таануу жана сүйүү менен көтөрүлгөн эмес. Ар бир ишке өзүнө жараша жаза каралат.

• أهل الجنة نجوا من النار بعفو الله، وأدخلوا الجنة برحمة الله، واقتسموا المنازل وورثوها بالأعمال الصالحة وهي من رحمته، بل من أعلى أنواع رحمته.
Бейишке кирүүчүлөр Аллахтын кечирими менен тозоктон кутулуп, Аллахтын ырайымы менен бейишке киришет.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: El A’raf
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll