Check out the new design

Përkthimi i Kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi Tefsir el-Kuran el-Kerim - Përkthimi Kirgizisht * - Indeksi i Përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: Ez Zuhruf   Ajeti:
وَكَذَٰلِكَ مَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ فِي قَرۡيَةٖ مِّن نَّذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتۡرَفُوهَآ إِنَّا وَجَدۡنَآ ءَابَآءَنَا عَلَىٰٓ أُمَّةٖ وَإِنَّا عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِم مُّقۡتَدُونَ
Оо, пайгамбар! Булар жалганга чыгарып, ата-бабаларын ээрчүүнү бетке кармашканы сыяктуу Биз сенден мурун кайсы гана шаарга болбосун, элин эскертсин деп пайгамбар жибербейли, алардын бай башчылары жана чоңдору: «Биз ата-бабаларыбызды ушул динде тапканбыз жана биз алардын жолун жолдойбуз» – деп айтышкан. Бул нерседе сенин коомуң биринчи болуп жаткан жок.
Tefsiret në gjuhën arabe:
۞ قَٰلَ أَوَلَوۡ جِئۡتُكُم بِأَهۡدَىٰ مِمَّا وَجَدتُّمۡ عَلَيۡهِ ءَابَآءَكُمۡۖ قَالُوٓاْ إِنَّا بِمَآ أُرۡسِلۡتُم بِهِۦ كَٰفِرُونَ
Аларга пайгамбары: «Мен силерге ата-бабаларыңардын дининен да жакшысын алып келсем да аларды ээрчийсиңерби?» – деп айтканда алар айтышты: «Чындыгында биз сен алып келген жана сенден мурунку пайгамбарлар алып келишкен нерсеге каапырлык кылдык».
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَٱنتَقَمۡنَا مِنۡهُمۡۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِينَ
Биз сенден мурунку пайгамбарларды жалганга чыгарган коомдордон өч алып, аларды жок кылдык. Пайгамбарларын жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонун ойлонуп көрчү. Алардын акыбети өкүнүчтүү болду.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِيمُ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦٓ إِنَّنِي بَرَآءٞ مِّمَّا تَعۡبُدُونَ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим атасына жана элине мындай деп айтты: «Мен силер Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайларыңарга эч катышым жок.
Tefsiret në gjuhën arabe:
إِلَّا ٱلَّذِي فَطَرَنِي فَإِنَّهُۥ سَيَهۡدِينِ
Мени жараткан Аллахка гана сыйынам. Ал мени Өзүнүн туура динине ээрчитип, пайдалуу нерсеге багыттайт».
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَجَعَلَهَا كَلِمَةَۢ بَاقِيَةٗ فِي عَقِبِهِۦ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Ибрахим алар ширкти жана күнөөлөрдү таштап, Аллахка тообо кылып кайтышат деген үмүттө «Лаа илааха иллаллах» деген Аллахты жалгыздоо келмесин өзүнөн кийинки урпактарына калтырып кетти. Алардын арасында Аллахка ширк кылбай, жалгыз Ага сыйынгандар дагы деле бар.
Tefsiret në gjuhën arabe:
بَلۡ مَتَّعۡتُ هَٰٓؤُلَآءِ وَءَابَآءَهُمۡ حَتَّىٰ جَآءَهُمُ ٱلۡحَقُّ وَرَسُولٞ مُّبِينٞ
Мен ал жалганчы мушриктерди жок кылууга шашкан жокмун. Тескерисинче аларга Куран жана баяндоочу пайгамбар Мухаммад келгенге чейин Мен аларды бул дүйнөдө жашатып жыргаттым жана алардан мурунку ата-бабаларын да жыргаттым.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلۡحَقُّ قَالُواْ هَٰذَا سِحۡرٞ وَإِنَّا بِهِۦ كَٰفِرُونَ
Качан аларга эч кандай шек-күмөнү жок бул Куран келгенде алар айтышты: «Бул сыйкыр! Мухаммад аны менен бизди сыйкырлап койду. Биз ага каапырлык кылдык жана эч качан ишенбейбиз».
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَقَالُواْ لَوۡلَا نُزِّلَ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانُ عَلَىٰ رَجُلٖ مِّنَ ٱلۡقَرۡيَتَيۡنِ عَظِيمٍ
Жалганчы мушриктер айтты: «Аллах бул Куранды жакыр жана жетим Мухаммадга түшүргөндүн ордуна Мекке же Таифтен болгон эки улуу адамдын бирине түшүрсө болбойт беле?!».
Tefsiret në gjuhën arabe:
أَهُمۡ يَقۡسِمُونَ رَحۡمَتَ رَبِّكَۚ نَحۡنُ قَسَمۡنَا بَيۡنَهُم مَّعِيشَتَهُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۚ وَرَفَعۡنَا بَعۡضَهُمۡ فَوۡقَ بَعۡضٖ دَرَجَٰتٖ لِّيَتَّخِذَ بَعۡضُهُم بَعۡضٗا سُخۡرِيّٗاۗ وَرَحۡمَتُ رَبِّكَ خَيۡرٞ مِّمَّا يَجۡمَعُونَ
Оо, пайгамбар! Алар Раббиңдин ырайымын өздөрү каалаганга берип, өздөрү каалагандан тыйып койгудай Анын ырайымын алар бөлүштүрөбү же Аллахпы? Биз дүйнөдө алардын ырыскыларын бөлүштүрүп, алар бири-бирине моюн сунсун деп аларды бай-кедей кылдык. Акыретте Раббиңдин пенделерине болгон ырайымы алардын убактылуу дүйнөдө топтогон нерселеринен жакшыраак.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَوۡلَآ أَن يَكُونَ ٱلنَّاسُ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ لَّجَعَلۡنَا لِمَن يَكۡفُرُ بِٱلرَّحۡمَٰنِ لِبُيُوتِهِمۡ سُقُفٗا مِّن فِضَّةٖ وَمَعَارِجَ عَلَيۡهَا يَظۡهَرُونَ
Эгерде адамдардын баарысы каапырлыкта бир коом болбогондо, анда Биз Аллахка каапырлык кылгандардын үйлөрүнүн чатырларын күмүштөн кылып, алар ага чыга тургандай тепкичтерди кылмакпыз.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• التقليد من أسباب ضلال الأمم السابقة.
Мурункуларды эрчүү – мурунку коомдордун адашуу себептеринен.

• البراءة من الكفر والكافرين لازمة.
Каапырлыктан жана каапырлардан баш тартуу милдет.

• تقسيم الأرزاق خاضع لحكمة الله.
Ырыскылардын бөлүнүшү Аллахтын даанышмандыгына көз каранды.

• حقارة الدنيا عند الله، فلو كانت تزن عنده جناح بعوضة ما سقى منها كافرًا شربة ماء.
Аллахтын алдында дүйнөнүн кордугу. Эгерде ал Анын алдында чиркейдин канатынчалык салмакта болгондо, анда Ал андан каапырга бир уурттам суу да ичирмек эмес.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: Ez Zuhruf
Indeksi i Sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i Kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi Tefsir el-Kuran el-Kerim - Përkthimi Kirgizisht - Indeksi i Përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll