Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: En Nisa   Ajeti:
وَإِنۡ أَرَدتُّمُ ٱسۡتِبۡدَالَ زَوۡجٖ مَّكَانَ زَوۡجٖ وَءَاتَيۡتُمۡ إِحۡدَىٰهُنَّ قِنطَارٗا فَلَا تَأۡخُذُواْ مِنۡهُ شَيۡـًٔاۚ أَتَأۡخُذُونَهُۥ بُهۡتَٰنٗا وَإِثۡمٗا مُّبِينٗا
Оо, күйөөлөр, эгер аялыңарга талак берүүнү кааласаңар жана ордун башка бирөөнү алмакчы болсоңор; бул силерге күнөө эмес. Бирок, анын махырына көп мал-мүлк берген болсоңор, аны кайра алып калбагыла, аны алып калуу анык доомат жана ачык күнөө
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَكَيۡفَ تَأۡخُذُونَهُۥ وَقَدۡ أَفۡضَىٰ بَعۡضُكُمۡ إِلَىٰ بَعۡضٖ وَأَخَذۡنَ مِنكُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا
Мына ошол махыр себептүү аялдарга ээ болгонсуңар, Аллахтын сөзү менен аялдар силерге адал болгон жана аларды камкордугуңарга алууга ант бергенсиңер, анан кантип берген махырды кайра алып каласыңар, бул жаман көрүлгөн, туура эмес иш
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَا تَنكِحُواْ مَا نَكَحَ ءَابَآؤُكُم مِّنَ ٱلنِّسَآءِ إِلَّا مَا قَدۡ سَلَفَۚ إِنَّهُۥ كَانَ فَٰحِشَةٗ وَمَقۡتٗا وَسَآءَ سَبِيلًا
Атаңар үйлөнүп, кийин алардан калган аялдарга үйлөнбөгүлө, бул арам. А эгер бул иш жахилиятта, караңгылыкта болгон болсо, ал кечиримдүү. Атанын аялдарына баланын үйлөнүп алуусу жаман ыпылас иш. Мындай кылгандарга Аллах катуу ачууланат
Tefsiret në gjuhën arabe:
حُرِّمَتۡ عَلَيۡكُمۡ أُمَّهَٰتُكُمۡ وَبَنَاتُكُمۡ وَأَخَوَٰتُكُمۡ وَعَمَّٰتُكُمۡ وَخَٰلَٰتُكُمۡ وَبَنَاتُ ٱلۡأَخِ وَبَنَاتُ ٱلۡأُخۡتِ وَأُمَّهَٰتُكُمُ ٱلَّٰتِيٓ أَرۡضَعۡنَكُمۡ وَأَخَوَٰتُكُم مِّنَ ٱلرَّضَٰعَةِ وَأُمَّهَٰتُ نِسَآئِكُمۡ وَرَبَٰٓئِبُكُمُ ٱلَّٰتِي فِي حُجُورِكُم مِّن نِّسَآئِكُمُ ٱلَّٰتِي دَخَلۡتُم بِهِنَّ فَإِن لَّمۡ تَكُونُواْ دَخَلۡتُم بِهِنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ وَحَلَٰٓئِلُ أَبۡنَآئِكُمُ ٱلَّذِينَ مِنۡ أَصۡلَٰبِكُمۡ وَأَن تَجۡمَعُواْ بَيۡنَ ٱلۡأُخۡتَيۡنِ إِلَّا مَا قَدۡ سَلَفَۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Аллах Таала силерге энеңерге никеленүүнү арам кылды, ошондой эле бул канча өйдөлөсө да арам; б.а. таене, анын энеси чоң эне ж.б. Кыздарыңарга никеленүү да арам, канча ылдыйласа да; б.а. кыз, анын кызы, анын кызынын кызы ж.б. Ошондой эле балаңардын жана кызыңардын кыздарына никеленүү арам. Өзүңөрдүн бир тууган эже-карындаштарыңарга жана ата-энеңердин бир тууган эже-карындаш же эже-сиңдилерине никеленүү арам. Бир тууганыңардын кыздарына жана алардын кыздарына, ошондо эле силерге сүтүн эмизген эмчек энеңерге, ошол аялды эмген эмчектеш эже-карындаштарыңарга никеленүү арам. Аялыңардын энеси, кайненеңер, ал аялыңарга жакындык кылсаңар да, кылбасаңар да баары бир никеленүү арам. Аялыңар башка күйөөсүнөн ээрчитип келген кызга никеленүүңөр арам, эгер ал кыздын энесине жакындык кылсаңар, а эгер энесине жакындык кылбасаңар, анда аны талак кылган соң, анын кызына никеленсеңер боло берет. Дагы өзүңөрдүн балаңардын аялына никеленүү арам, бул өкүмгө эмчектеш жагынан болгон балаңардын аялы да тиешелүү. Дагы эки бир тууган эже-сиңдини, мейли алар эмчектеш жагынан болсун чогуу бир ниекеге алуу да арам, бирок бул исламга чейин болсо, аны Аллах кечирет. Аллах тообо кылган пенделерин кечирүүчү, аларга ырайымдуу. Ошондой эле хадистерде аял менен анын атасынын эжесин же таежесин чогуу бир никеге алуу арам экендиги айтылган.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• إذا دخل الرجل بامرأته فقد ثبت مهرها، ولا يجوز له التعدي عليه أو الطمع فيه، حتى لو أراد فراقها وطلاقها.
Эркек никеден кийин аялга жакындык кылса, демек ага махыр берүү бекемделет, кийин аны менен ажырашууну кааласа, махырын кайра алып калууга болбойт

• حرم الله تعالى نكاح زوجات الآباء؛ لأنه فاحشة تمقتها العقول الصحيحة والفطر السليمة.
Атанын аялдарына үйлөнүүнү Аллах Таала арам кылды, анткени, бул ыплас иш, акыл-эс кемийт, табият бузулат

• بين الله تعالى بيانًا مفصلًا من يحل نكاحه من النساء ومن يحرم، سواء أكان بسبب النسب أو المصاهرة أو الرضاع؛ تعظيمًا لشأن الأعراض، وصيانة لها من الاعتداء.
Аллах Таала аялдардын абийрин коргогондуктан алардын кимисине никеленүү адал, кимисине арам экенин, мейли тек жагынан, мейли никеге туруу жагынан, мейли эмчектеш жагынан болсун, баарын кенен-чонон баяндады.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: En Nisa
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll