Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: Taha   Ajeti:
كَذَٰلِكَ نَقُصُّ عَلَيۡكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ مَا قَدۡ سَبَقَۚ وَقَدۡ ءَاتَيۡنَٰكَ مِن لَّدُنَّا ذِكۡرٗا
Оо, пайгамбар! Сенин көңүлүңдү көтөрүш үчүн Биз сага Муса менен Фараондун жана алардын коомдорунун окуясын айтып бергенибиз сыяктуу сага мурунку пайгамбарлар менен коомдордун кабарларын да айтып беребиз. Биз сага адамдарды эскертиш үчүн Өз алдыбыздан Куранды бердик.
Tefsiret në gjuhën arabe:
مَّنۡ أَعۡرَضَ عَنۡهُ فَإِنَّهُۥ يَحۡمِلُ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وِزۡرًا
Ким сага түшкөн бул Курандан жүз бурса, ага ыйман келтирбесе жана андагы айтылгандарды аткарбаса, анда ал кыямат күнү оор күнөөлөрдү көтөргөн жана кыйноочу азапка татыктуу болгон абалда келет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
خَٰلِدِينَ فِيهِۖ وَسَآءَ لَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ حِمۡلٗا
Алар ал азапта түбөлүк болушат. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман!
Tefsiret në gjuhën arabe:
يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِۚ وَنَحۡشُرُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ يَوۡمَئِذٖ زُرۡقٗا
Ал күнү кайра тирилтүү үчүн периште сур кернейин экинчи жолу тартат. Биз ошол күнү каапырлар акырет коркунучтарынын катаалдыгын көрүшкөндө өңдөрү жана көздөрү өзгөргөнүнөн көкмөк болуп калган кейипте чогултабыз.
Tefsiret në gjuhën arabe:
يَتَخَٰفَتُونَ بَيۡنَهُمۡ إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا عَشۡرٗا
Алар бири-бирине шыбырап айтышат: «Силер өлгөндөн кийинки абалда он күндөй эле турдуңар окшойт».
Tefsiret në gjuhën arabe:
نَّحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَقُولُونَ إِذۡ يَقُولُ أَمۡثَلُهُمۡ طَرِيقَةً إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا يَوۡمٗا
Биз алардын сыр кылып сүйлөшүп жаткандарын жакшы билебиз. Алардын эч бири бизге жашыруун эмес. Ошондо алардын акылдуурагы: «Силер өлгөндөн кийинки абалда бир эле күн турдуңар» – дейт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡجِبَالِ فَقُلۡ يَنسِفُهَا رَبِّي نَسۡفٗا
Оо, пайгамбар! Алар сенден кыяматта тоолор кандай абалда болорун сурашат. Аларга айт: «Раббим тоолорду түбүнөн жулат жана аларды чаңдай сапырат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَيَذَرُهَا قَاعٗا صَفۡصَفٗا
Ал эми аларды көтөргөн Жерди эч кандай курулуштары жана өсүмдүктөрү жок тептегиз кылып таштайбыз.
Tefsiret në gjuhën arabe:
لَّا تَرَىٰ فِيهَا عِوَجٗا وَلَآ أَمۡتٗا
Эй, назар салуучу! Сен жердин ушунчалык тегиздигинен андан эч кандай ийриликти, бийиктикти жана ойдуңду көрбөйсүң.
Tefsiret në gjuhën arabe:
يَوۡمَئِذٖ يَتَّبِعُونَ ٱلدَّاعِيَ لَا عِوَجَ لَهُۥۖ وَخَشَعَتِ ٱلۡأَصۡوَاتُ لِلرَّحۡمَٰنِ فَلَا تَسۡمَعُ إِلَّا هَمۡسٗا
Ошол күнү адамдар сурак майданын көздөй жарчынын үнүн ээрчип жөнөшөт. Аны ээрчүүдөн аларды эч ким бурбайт. Ырайымдуунун урматы үчүн коркунучтан эч кандай үндөр чыкпай калат. Ал күнү шыбыраган үндөр гана угулат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
يَوۡمَئِذٖ لَّا تَنفَعُ ٱلشَّفَٰعَةُ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَرَضِيَ لَهُۥ قَوۡلٗا
Ал улуу күндө Аллах шапаат кылууга уруксат бергендерге гана жана шапаат кылууда, сөзүнө ыраазы болгондорго гана шапаат берилип, ал шапаат ошолорго гана пайда берет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡ وَلَا يُحِيطُونَ بِهِۦ عِلۡمٗا
Аллах кыяматтын качан болору сыяктуу адамдардын келечек иштерин да, алардын өтүп кеткен дүйнө иштерин да билет. Бардык пенделердин илими Аллахтын затын жана сыпаттарын камтый албайт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
۞ وَعَنَتِ ٱلۡوُجُوهُ لِلۡحَيِّ ٱلۡقَيُّومِۖ وَقَدۡ خَابَ مَنۡ حَمَلَ ظُلۡمٗا
Пенделердин жүздөрү эч качан өлбөгөн түбөлүк Тирүүгө жана пенделердин иштерин башкарып Туруучуга баш ийишет. Өзүн-өзү кыйроого туш кылып күнөөлөрдү көтөргөн адам кыйрады.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَمَن يَعۡمَلۡ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَا يَخَافُ ظُلۡمٗا وَلَا هَضۡمٗا
Ким Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган болсо, анда ал сыйлыгын толук алат. Ал өзү кылбаган күнөөсү үчүн азапталып же кылган жакшылык иштеринин сообу кемитилип зулумдук кылынат деп коркпойт.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَكَذَٰلِكَ أَنزَلۡنَٰهُ قُرۡءَانًا عَرَبِيّٗا وَصَرَّفۡنَا فِيهِ مِنَ ٱلۡوَعِيدِ لَعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ أَوۡ يُحۡدِثُ لَهُمۡ ذِكۡرٗا
Биз абалкылардын окуяларын түшүргөн сыяктуу бул Куранды таза араб тилинде түшүрдүк. Жана алар Аллахтан коркушсун же Курандан үлгү-насаат алышсын деген максатта анын ичинде коркутуп сестентүү сыяктуу эскертүүлөрдүн түрлөрүн баяндадык.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• القرآن العظيم كله تذكير ومواعظ للأمم والشعوب والأفراد، وشرف وفخر للإنسانية.
Улуу Куран – баштан аяк эскертме; элдерге, коомго жана жеке адамдарга карата насааттар; инсаният үчүн кадыр-барк жана сыймык.

• لا تنفع الشفاعة أحدًا إلا شفاعة من أذن له الرحمن، ورضي قوله في الشفاعة.
Ырайымдуу Аллах уруксат берген жана шапаат кылууда сөзүнө Аллах ыраазы болгон адамдардын шапааты гана пайда берет.

• القرآن مشتمل على أحسن ما يكون من الأحكام التي تشهد العقول والفطر بحسنها وكمالها.
Куран эң мыкты өкүмдөрдөрдү өзүнө камтыган. Анын мыктылыгына адамдын акылы жана түпкү табияты күбө болот.

• من آداب التعامل مع القرآن تلقيه بالقبول والتسليم والتعظيم، والاهتداء بنوره إلى الصراط المستقيم، والإقبال عليه بالتعلم والتعليم.
Куранды кабыл алуу, ага моюн сунуу, аны улуктоо, анын нуру менен туура жолго түшүү, аны үйрөнүп жана үйрөтүү менен ага бет алуу – Куран менен болгон мамиленин адептеринен.

• ندم المجرمين يوم القيامة حيث ضيعوا الأوقات الكثيرة، وقطعوها ساهين لاهين، معرضين عما ينفعهم، مقبلين على ما يضرهم.
Кыямат күнү күнөөкөрлөр өкүнүшөт. Анткени алар көп убактысын пайдасыз өткөрүштү, көңүл коштук кылып коротушту, аларга пайда берген нерселерден баш тартышты жана аларга зыян берген нерселерге бет алышты.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: Taha
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll