Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: El Bekare   Ajeti:
قَالُواْ ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّن لَّنَا مَا هِيَ إِنَّ ٱلۡبَقَرَ تَشَٰبَهَ عَلَيۡنَا وَإِنَّآ إِن شَآءَ ٱللَّهُ لَمُهۡتَدُونَ
Анан алар кежирликтерин токтотпостон мындай дешти: «Раббиңден бизге сурап бер, уйдун сыпаттарын дагы кененирээк айтып берсин. Анткени жогоруда айтылган сыпаттагы уйлар көп болгондуктан, алардын арасынан тандай албай жатабыз. Алардан сойгула деп талап кылынган уйду (Аллах кааласа) табабыз деп баса белгилешти».
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالَ إِنَّهُۥ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٞ لَّا ذَلُولٞ تُثِيرُ ٱلۡأَرۡضَ وَلَا تَسۡقِي ٱلۡحَرۡثَ مُسَلَّمَةٞ لَّا شِيَةَ فِيهَاۚ قَالُواْ ٱلۡـَٰٔنَ جِئۡتَ بِٱلۡحَقِّۚ فَذَبَحُوهَا وَمَا كَادُواْ يَفۡعَلُونَ
Муса аларга: «Аллах айтып жатат: «Ал уй жер айдоого, сугатчылыкка иштетилип кордук көрбөгөн, эч кандай айыбы жок жана сарыдан башка түстөгү белгилери болбогон сыпатта болуш керек» – деди. Ошондо алар: «Мына эми уйду толук аныктаган так сыпаттама бердиң» – дешти. Бирок алар талаш-тартыштан, кежирликтен улам андай уйду соё албай турган болуп, анан союшту.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَإِذۡ قَتَلۡتُمۡ نَفۡسٗا فَٱدَّٰرَٰءۡتُمۡ فِيهَاۖ وَٱللَّهُ مُخۡرِجٞ مَّا كُنتُمۡ تَكۡتُمُونَ
Эстегилечи, бир кезде өзүңөрдөн бирөөнү өлтүрүп коюп, аны бири-бириңерге түрттүңөр. Ар бири адам өлтүрдү деген жалаадан өзүн коргош үчүн башкаларды айыптап жатып ортоңордо чыр чыгып кетти. Аллах ошол бейкүнөө адамды өлтүргөнгө байланыштуу жашырган нерсеңерди ачыкка чыгарат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَقُلۡنَا ٱضۡرِبُوهُ بِبَعۡضِهَاۚ كَذَٰلِكَ يُحۡيِ ٱللَّهُ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَيُرِيكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ
Анан Биз: «Силерге сойгула деп буйруган уйдун бир бөлүгү менен өлүктү ургула, ошондо өлтүргөн адам ким экенин айтуу үчүн Аллах аны тирилтет» – дедик. Алар ошондой кылышты, ал аны ким өлтүргөнүн айтып берди. Аллах ошол өлүктү тирилткен сыяктуу, кыямат күнү да өлүктөрдү тирилтет жана силерге Өз кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдерди көрсөтөт. Балким ал тууралуу акыл жүгүртүп, Аллахка чындап ыйман келтиресиңер.
Tefsiret në gjuhën arabe:
ثُمَّ قَسَتۡ قُلُوبُكُم مِّنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ فَهِيَ كَٱلۡحِجَارَةِ أَوۡ أَشَدُّ قَسۡوَةٗۚ وَإِنَّ مِنَ ٱلۡحِجَارَةِ لَمَا يَتَفَجَّرُ مِنۡهُ ٱلۡأَنۡهَٰرُۚ وَإِنَّ مِنۡهَا لَمَا يَشَّقَّقُ فَيَخۡرُجُ مِنۡهُ ٱلۡمَآءُۚ وَإِنَّ مِنۡهَا لَمَا يَهۡبِطُ مِنۡ خَشۡيَةِ ٱللَّهِۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Ошондо силердин жүрөгүңөр бул жеткиликтүү насааттардан жана айкын аят-белгилерден кийин таштай болуп катыды, андан дагы катуураак болуп калды. Ал бул абалынан эч качан өзгөрбөйт, ал эми таштар өзгөрөт. Анткени кээ бир таштардан дарыялар атылып чыгат, кээ бири жарылып, жер бетинде аккан булак суулары чыгат, алардан адамдар жана жаныбарлар пайдаланат. Кээ бири Аллахтан коркуп, сестенгенинен тоолордун чокусунан кулайт. А силердин жүрөгүңөр андай эмес. Аллах силердин кылганыңардан бейкапар эмес, Ал аны билет жана жакында силерге анын жазасын берет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
۞ أَفَتَطۡمَعُونَ أَن يُؤۡمِنُواْ لَكُمۡ وَقَدۡ كَانَ فَرِيقٞ مِّنۡهُمۡ يَسۡمَعُونَ كَلَٰمَ ٱللَّهِ ثُمَّ يُحَرِّفُونَهُۥ مِنۢ بَعۡدِ مَا عَقَلُوهُ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ
Оо, ыймандуулар! Жөөттөрдүн чыныгы абалын жана баш ийбестиктерин билгенден кийин, алар силерге ишенип, жооп беришет деп үмүт кылып жатасыңарбы?! Алардын аалымдарынын бир тобу аларга түшкөн Тоораттагы Аллахтын сөзүн угуп туруп, андагы сөздөрдү жана маанилерди түшүнүп билбегенден кийин өзгөртүп жиберишти. Алар өздөрүнүн күнөөсүнүн оордугун билишет.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَإِذَا لَقُواْ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَا بَعۡضُهُمۡ إِلَىٰ بَعۡضٖ قَالُوٓاْ أَتُحَدِّثُونَهُم بِمَا فَتَحَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ لِيُحَآجُّوكُم بِهِۦ عِندَ رَبِّكُمۡۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Жөөттөрдүн карама-каршылыктарынан жана айлакерлигинен, алардын кээ бирлери ыймандууларга жолукса, Мухаммад пайгамбардын чынчылдыгын, анын пайгамбарчылыгынын тууралыгын жана ага Тоорат дагы күбө экендигин моюнга алышат. Бирок жөөттөр бири-бири менен менен жалгыз калганда, минтип моюнга алгандары үчүн бири-бирин айыпташат. Анткени мусулмандар алардын пайгамбарчылыкты чындык экенин моюнга алгандарын өздөрүнө каршы далил кылышат.
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• أن بعض قلوب العباد أشد قسوة من الحجارة الصلبة؛ فلا تلين لموعظة، ولا تَرِقُّ لذكرى.
Кээ бир адамдардын жүрөгү катуу таштан да катуураак, насаатка жумшарбайт, эскертмеге жибибейт.

• أن الدلائل والبينات - وإن عظمت - لا تنفع إن لم يكن القلب مستسلمًا خاشعًا لله.
Эгер жүрөк Аллахка өзүн толук арнап, моюн сунбаса, анда далилдер жана айкын белгилер канчалык күчтүү болсо да эч кандай пайда алып келбейт.

• كشفت الآيات حقيقة ما انطوت عليه أنفس اليهود، حيث توارثوا الرعونة والخداع والتلاعب بالدين.
Бул аяттар жөөттөрдүн ичинде катылган чындыкты ачып берди. Анткени алар кем акылдыкты, алдамчылыкты жана динге шылдың мамиле кылууну муундан-муунга мураска калтырышты.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: El Bekare
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll