Check out the new design

Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht * - Përmbajtja e përkthimeve


Përkthimi i kuptimeve Surja: Jusuf   Ajeti:
۞ وَمَآ أُبَرِّئُ نَفۡسِيٓۚ إِنَّ ٱلنَّفۡسَ لَأَمَّارَةُۢ بِٱلسُّوٓءِ إِلَّا مَا رَحِمَ رَبِّيٓۚ إِنَّ رَبِّي غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Вазирдин аялы сөзүн улап мындай деди: «Жамандык ишти каалаганымды танбайм. Мен муну менен өзүмдү актайын деген оюм жок. Анткени адамдын напсиси өзү каалаганга тартканы үчүн жана аны токтотуш кыйынга турганы үчүн ал жаман иштерге көп буйруйт. Бир гана Аллах ырайым кылган напсилер гана андай кылышпайт. Аллах аларды жамандыкка буюруудан коргоду. Чындыгында Раббим тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу».
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَقَالَ ٱلۡمَلِكُ ٱئۡتُونِي بِهِۦٓ أَسۡتَخۡلِصۡهُ لِنَفۡسِيۖ فَلَمَّا كَلَّمَهُۥ قَالَ إِنَّكَ ٱلۡيَوۡمَ لَدَيۡنَا مَكِينٌ أَمِينٞ
Падыша Юсуфтун күнөөсүз экенин билгенден кийин жардамчыларына: «Аны мага алып келгиле! Мен аны өзүмө жакын алып жүрөйүн" деди. Юсуфту ага алып келишти. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин анын билимдүү жана акылдуу экени анык болду. Падыша ага: «Юсуф! Бүгүнтөн тарта сен биздин алдыбызда кадырлуу, ардактуу жана ишенимдүү адамга айландың» деди.
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالَ ٱجۡعَلۡنِي عَلَىٰ خَزَآئِنِ ٱلۡأَرۡضِۖ إِنِّي حَفِيظٌ عَلِيمٞ
Юсуф падышага: «Мени Мисир жергесинин мал-мүлк жана азык-түлүк казыналарына башчы кылып дайындаңыз. Чындыгында мен ишенимдүү казыначымын жана аткарган ишимди мыкты билемин».
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَكَذَٰلِكَ مَكَّنَّا لِيُوسُفَ فِي ٱلۡأَرۡضِ يَتَبَوَّأُ مِنۡهَا حَيۡثُ يَشَآءُۚ نُصِيبُ بِرَحۡمَتِنَا مَن نَّشَآءُۖ وَلَا نُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Биз Юсуфту актап жана абактан куткарып жакшылык кылганыбыз сыяктуу эле ага Мисирде бийлик кылууну да бердик. Ал өзү каалаган жерине конуп жашай алат. Биз бул дүйнөдө Өзүбүз каалаган пенделерибизге ырайымдуулугубуздан беребиз жана жакшылык кылгандардын сообун жок кылбайбыз. Тескерисинче, аларга соопторун эч кемитбестен толук кылып беребиз.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَأَجۡرُ ٱلۡأٓخِرَةِ خَيۡرٞ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَكَانُواْ يَتَّقُونَ
Аллахка ыйман келтирип, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан коркушкандар үчүн даярдап койгон акыреттеги Аллахтын сообу – бул дүйнө сообунан да жакшыраак.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَجَآءَ إِخۡوَةُ يُوسُفَ فَدَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَعَرَفَهُمۡ وَهُمۡ لَهُۥ مُنكِرُونَ
Юсуфтун бир туугандары Мисир жерине буюм-тайымдары менен келишип анын үстүнө киришкенде анын бир туугандары экенин тааныды. Бирок арадан көп убакыт өтүп, сырткы келбети өзгөргөнү себептүү алар Юсуфту таанышкан жок. Анткени аны кудукка таштаганда кичинекей бала эле.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَلَمَّا جَهَّزَهُم بِجَهَازِهِمۡ قَالَ ٱئۡتُونِي بِأَخٖ لَّكُم مِّنۡ أَبِيكُمۡۚ أَلَا تَرَوۡنَ أَنِّيٓ أُوفِي ٱلۡكَيۡلَ وَأَنَا۠ خَيۡرُ ٱلۡمُنزِلِينَ
Аларга сураган азык-түлүктөрүн бергенде алар аталаш дагы бир тууганы бар экенин жана ал атасы менен калганын айтышканда ал айтты: «Ошол аталаш бир тууганыңарды да алып келгиле, мен силерге дагы бир төөлүк азык кошуп беремин. Көрдүңөр го, силерге өлчөмүн кемитпестен толук ченеп бердим. Мен эң жакшы меймандосмун.
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَإِن لَّمۡ تَأۡتُونِي بِهِۦ فَلَا كَيۡلَ لَكُمۡ عِندِي وَلَا تَقۡرَبُونِ
Эгерде аны алып келбесеңер, анда аталаш бир тууганыбыз бар деген сөзүңөр жалган экени анык болот. Ошондо силерге азык-түлүк да бербейм, менин жериме да жолобойсуңар».
Tefsiret në gjuhën arabe:
قَالُواْ سَنُرَٰوِدُ عَنۡهُ أَبَاهُ وَإِنَّا لَفَٰعِلُونَ
Ошондо бир туугандары ага: «Биз аны атабыздан сурайбыз. Колубуздан келишинче аракет кылабыз. Чындыгында биз сенин буйругуңду кайдыгер карабай аткарабыз» – дешти.
Tefsiret në gjuhën arabe:
وَقَالَ لِفِتۡيَٰنِهِ ٱجۡعَلُواْ بِضَٰعَتَهُمۡ فِي رِحَالِهِمۡ لَعَلَّهُمۡ يَعۡرِفُونَهَآ إِذَا ٱنقَلَبُوٓاْ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمۡ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Юсуф жумушчуларына айтты: «Берген буюмдарын кошо салып койгула. Алар кайтып барышканда биз аларга сатпаганыбызды билишсин. Бул аларды чынчыл экендиктерин тастыкташ үчүн жана алар буюмдарын кайтарыш үчүн дагы бир ирет бир тууганы менен кайтып келүүлөрүнө түртөт».
Tefsiret në gjuhën arabe:
فَلَمَّا رَجَعُوٓاْ إِلَىٰٓ أَبِيهِمۡ قَالُواْ يَٰٓأَبَانَا مُنِعَ مِنَّا ٱلۡكَيۡلُ فَأَرۡسِلۡ مَعَنَآ أَخَانَا نَكۡتَلۡ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ
Алар атасына кайтып келишип Юсуфтун берешендиги тууралуу окуяны кеп кылып мындай дешти: «Оо, атаке! Эгерде биз бир тууганыбызды алып барбасак, бизге азык-түлүк берилбей турган болду. Аны биз менен жибериңиз. Жеибере турган болсоңуз азык топтоп алабыз. Ал сизге эсен-аман кайтып келиши үчүн аны коргойбуз деп сизге убада беребиз».
Tefsiret në gjuhën arabe:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• من أعداء المؤمن: نفسه التي بين جنبيه؛ لذا وجب عليه مراقبتها وتقويم اعوجاجها.
Ыймандуунун бирден бир душманы – анын напсиси. Мына ошондуктан ал аны көзөмөлдөөгө жана кемчиликтерин оңдоп түзөөгө буйрулган.

• اشتراط العلم والأمانة فيمن يتولى منصبًا يصلح به أمر العامة.
Жалпы коомчулуктун кызыкчылыгы көздөлгөн бийлик ордуна отурган адамга билим менен аманаттын шарт кылынышы.

• بيان أن ما في الآخرة من فضل الله، إنما هو خير وأبقى وأفضل لأهل الإيمان.
Акыретте болуучу нерселер Аллахтын жакшылыктарынан экенин баяндоо. Чындыгында бул ыймандуулар үчүн эң жакшы, эң абзел жана түбөлүктүү.

• جواز طلب الرجل المنصب ومدحه لنفسه إن دعت الحاجة، وكان مريدًا للخير والصلاح.
Эгерде адам жакшылыкты жана пайда алып келүүнү көздөгөн болсо, анда ал өзүн бийлик ордуна сунуштаса жана зарылдык болсо өзүн мактаса да уруксат.

 
Përkthimi i kuptimeve Surja: Jusuf
Përmbajtja e sureve Numri i faqes
 
Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht - Përmbajtja e përkthimeve

Botuar nga Qendra e Tefsirit për Studime Kuranore.

Mbyll