Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഹിജ്ർ   ആയത്ത്:
قَالَ هَٰٓؤُلَآءِ بَنَاتِيٓ إِن كُنتُمۡ فَٰعِلِينَ
Конокторунун алдында кечирим сурап Лут аларга айтты: «Бул кыздар силердин аялдарыңардан. Эгерде шакыбат каалооңорду ишке ашыргыңар келсе, анда аларга үйлөнгүлө!»
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
لَعَمۡرُكَ إِنَّهُمۡ لَفِي سَكۡرَتِهِمۡ يَعۡمَهُونَ
Оо, пайгамбар! Жашооңо ант болсун! Чындыгында Луттун коому ашып ташкан шакыбаттарында темселеп жүрүшөт.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ مُشۡرِقِينَ
Күн чыгар маалда аларды өлтүрүүчү ачуу кыйкырык алды.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَجَعَلۡنَا عَٰلِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِمۡ حِجَارَةٗ مِّن سِجِّيلٍ
Анан Биз алардын шаарын астын-үстүн кылып салдык. Алардын үстүнө катып калган чопо таштарды жаадырдык.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّلۡمُتَوَسِّمِينَ
Чындыгында Луттун коомуна түшкөн кыйроо тууралуу бул айтылган нерселерде ой жүгүрткөндөр үчүн белгилер бар.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَإِنَّهَا لَبِسَبِيلٖ مُّقِيمٍ
Чындыгында Луттун шаары жолдун боюнда жайгашкан. Ал жерден өткөн жолоочулар аны көрүшөт.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ
Албетте бул болгон окуяда андан сабак ала турган ыймандуулар үчүн белгилер бар.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَإِن كَانَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأَيۡكَةِ لَظَٰلِمِينَ
Чырмалып өскөн дарактуу шаардын жашоочулары Шуайбдын коому залымдар болушкан. Анткени алар Аллахка каапырлык кылышты жана алардын пайгамбары Шуайбды жалганга чыгарышты.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَٱنتَقَمۡنَا مِنۡهُمۡ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٖ مُّبِينٖ
Биз аларды азапка салып өч алдык. Чындыгында Луттун коомунун шаары жана Шуайбдын элинин жашаган жерлери ал жерден өткөндөрдүн кең жолунун боюнда.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَلَقَدۡ كَذَّبَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡحِجۡرِ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Хижаз менен Шамдын ортосунда жайгашкан Хижрдин жашоочулары Самуд да өздөрүнүн пайгамбары Салихти жалганга чыгаруу менен бардык пайгамбарларды жалганга чыгарышты.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَءَاتَيۡنَٰهُمۡ ءَايَٰتِنَا فَكَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ
Ал Раббиси тараптан алып келген нерселерде чынчыл экендигине аларга далилдерди жана белгилерди бердик. Ошолордун бири төө эле. Алар бул белгилерден сабак алышпады жана көңүл бурушпады.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَكَانُواْ يَنۡحِتُونَ مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتًا ءَامِنِينَ
Алар үй кылыш үчүн тоолорду оюшуп, ал жерде корккон нерселеринен коопсуздукта жашашчу.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ مُصۡبِحِينَ
Таңга маал аларды ач айкырып азабы алды.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَمَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Алардын иштеп тапкан байлыктары жана турак-жайлары аларды Аллахтын азабынан коргой алган жок.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۗ وَإِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَأٓتِيَةٞۖ فَٱصۡفَحِ ٱلصَّفۡحَ ٱلۡجَمِيلَ
Биз асмандар менен Жерди жана ал экөөсүнүн ортосундагы нерселерди себепсиз жөн эле жараткан жокпуз. Биз алардын баарысын акыйкат менен гана жараттык. Албетте кыямат сааты сөзсүз келүүчү. Эй, пайгамбар! Сени жалганга чыгаргандардан жүз бур жана аларды жакшылык менен кечир.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ ٱلۡخَلَّٰقُ ٱلۡعَلِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң – Ал бүткүл нерселерди Жаратуучу жана аларды Билүүчү.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَٰكَ سَبۡعٗا مِّنَ ٱلۡمَثَانِي وَٱلۡقُرۡءَانَ ٱلۡعَظِيمَ
Биз сага жети аяттан турган фатиханы бердик. Ал – улуу Куран.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
لَا تَمُدَّنَّ عَيۡنَيۡكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعۡنَا بِهِۦٓ أَزۡوَٰجٗا مِّنۡهُمۡ وَلَا تَحۡزَنۡ عَلَيۡهِمۡ وَٱخۡفِضۡ جَنَاحَكَ لِلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз кээ бир каапырларга берген убактылуу жыргалчылыктарга кызыгып караба! Алардын жалганга чыгаргандарына кайгырба жана ыймандууларга кичипейил бол!
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَقُلۡ إِنِّيٓ أَنَا ٱلنَّذِيرُ ٱلۡمُبِينُ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында мен азапты анык эскертүүчүмүн.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
كَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَى ٱلۡمُقۡتَسِمِينَ
Мен силерди Аллахтын китептерин бөлүктөргө бөлгөндөрдүн башына Аллах түшүргөн нерсе силерге да жетишинен эскертемин. Алар кээ бирине ыйман келтирип, кээ бирине каапыр болушкан.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• أن الله تعالى إذا أراد أن يهلك قرية ازداد شرهم وطغيانهم، فإذا انتهى أوقع بهم من العقوبات ما يستحقونه.
Эгерде Аллах таала жамандыгы көбөйгөн жана чектен чыккан кайсы бир шаарды кыйратууну каалап, алар чегине жетишсе, анда алар татыктуу болгон жазаларды түшүрөт.

• كراهة دخول مواطن العذاب، ومثلها دخول مقابر الكفار، فإن دخل الإنسان إلى تلك المواضع والمقابر فعليه الإسراع.
Азап болгон жерлерге кирүү жакшы эмес. Ошол сыяктуу эле каапырлардын көрүстөнүнө кирүүгө болбойт. Эгерде адам ошондой жерлерге же көрүстөнгө кирсе, анда ал жерден тез кетүүсү керек.

• ينبغي للمؤمن ألا ينظر إلى زخارف الدنيا وزهرتها، وأن ينظر إلى ما عند الله من العطاء.
Ыймандуу мусулмандарга бул дүйнөнүн кооздугуна кароо зарыл эмес, Аллахтын алдында аларга берилчү сооп-сыйга кароо зарыл.

• على المؤمن أن يكون بعيدًا من المشركين، ولا يحزن إن لم يؤمنوا، قريبًا من المؤمنين، متواضعًا لهم، محبًّا لهم ولو كانوا فقراء.
Ыймандуу адам мушриктерден алыс болуусу керек. Эгерде алар ыйман келтиришпесе, анда ал үчүн кайгырышпайт. Ошондой эле ыймандуулар кедей болушса дагы аларды жакын тутуп, аларга кичипейил болуп жана аларды жакшы көрүүсү керек.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഹിജ്ർ
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അവസാനിപ്പിക്കുക