Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഹിജ്ർ   ആയത്ത്:
قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ
Иблис Адамга сажда кылуудан баш тарткандан кийин Аллах андан: «Менин буйругума баш ийип сажда кылышкан периштелер менен бирге сажда кылуудан сени эмне тосту?» – деп сурады.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالَ لَمۡ أَكُن لِّأَسۡجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقۡتَهُۥ مِن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ
Иблис текеберленип айтты: «Менин адамга сажда кылганым туура эмес. Сен аны кургаган ылайдан жараттың. Ал өзгөргөн кара түстөгү ылай».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ
Аллах Иблиске айтты: «Бейиштен чык! Чындыгында сен куулгандардансың.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَإِنَّ عَلَيۡكَ ٱللَّعۡنَةَ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ
Сен кыяматка чейин Менин каргышыма калдың жана ырайымымдан куулдуң».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ
Иблис айтты: «Оо, Раббим! Анда мага жаратылгандар кайра тирилүүчү күнгө чейин мени өлтүрбөй мөөнөт бер».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ
Аллах ага айтты: «Албетте сен ажалы кечиктирилип мөөнөт берилгендерден болдуң.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ
Сурнай тартылып бардык жаратылгандар өлгөн убакытка чейин».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالَ رَبِّ بِمَآ أَغۡوَيۡتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Иблис айтты: «Оо, Раббим! Сен мени адаштырганың себептүү мен дагы аларга жер бетинде күнөөлөрдү кооз кылып көргөзөм жана алардын баарысын туура жолдон сөзсүз адаштырам.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Бир гана Өзүңө сыйынуу үчүн тандап алган пенделериңден башкасын».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالَ هَٰذَا صِرَٰطٌ عَلَيَّ مُسۡتَقِيمٌ
Аллах айтты: «Бул – Мага жеткирүүчү түз жол.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنَّ عِبَادِي لَيۡسَ لَكَ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٌ إِلَّا مَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡغَاوِينَ
Чындыгында Менин ыкластуу пенделеримди азгырууга кудуретиң жетпейт жана аларды башкара да албайсың. Бирок сени ээрчип адашкандарды гана башкара аласың».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوۡعِدُهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Чындыгында тозок Иблис жана аны ээрчиген бардык адашкандарга убада кылынган жай.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
لَهَا سَبۡعَةُ أَبۡوَٰبٖ لِّكُلِّ بَابٖ مِّنۡهُمۡ جُزۡءٞ مَّقۡسُومٌ
Алар кире турган тозоктун жети эшиги бар. Анын ар бир эшигинен Иблисти ээрчигендерден кире турган белгилүү өлчөм бар.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ
Чындыгында Раббисинин буйруктарына моюн сунуп, тыйгандарынан алыстап Андан корккондор үчүн бейиш бактары жана булактар бар.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
ٱدۡخُلُوهَا بِسَلَٰمٍ ءَامِنِينَ
Алар кирип баратканда аларга айтылат: «Балээ-коркунучтардан кутулуп саламаттыкта бейишке киргиле!»
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلٍّ إِخۡوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ
Биз алардын көкүрөктөрүнөн жек көрүүнү жана душмандыкты алып салдык. Алар бири-бирин жакшы көргөн бир туугандар. Алар бет маңдай бири-бирин карап сөрүлөрдө отурушат.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
لَا يَمَسُّهُمۡ فِيهَا نَصَبٞ وَمَا هُم مِّنۡهَا بِمُخۡرَجِينَ
Алар бейиште чарчашпайт жана ал жактан чыгышпайт. Алар бейиште түбөлүк калышат.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
۞ نَبِّئۡ عِبَادِيٓ أَنِّيٓ أَنَا ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Пенделериме билдир: «Чындыгында алардын тообо кылгандарын Мен гана кечирем жана ырайым кылам».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ ٱلۡعَذَابُ ٱلۡأَلِيمُ
Жана Менин азабым – жан ооруткан азап экенин аларга жеткир. Алар Менин кечиримиме жетип, азабымдан кутулуш үчүн Мага тообо кылышсын.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَنَبِّئۡهُمۡ عَن ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ
Ошондой эле Ибрахимге конок болуп келишкен периштелердин кабарын аларга жеткир. Алар ага балалуу болорун сүйүнчүлөп жана Луттун коомун жок кылуу үчүн келишкен.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• في الآيات دليل على تزاور المتقين واجتماعهم وحسن أدبهم فيما بينهم، في كون كل منهم مقابلًا للآخر لا مستدبرًا له.
Бул аяттар такыба адамдар бири-бири менен көрүшүп, чогулушуп жана бири-бирине артын салбай бет маңдай болуп өз ара жакшы адепте болууларына далил болот.

• ينبغي للعبد أن يكون قلبه دائمًا بين الخوف والرجاء، والرغبة والرهبة.
Пенденин жүрөгү дайым коркунуч менен үмүттүн, каалоо менен коркуунун ортосунда болуш керек.

• سجد الملائكة لآدم كلهم أجمعون سجود تحية وتكريم إلا إبليس رفض وأبى.
Бардык периштелер саламдашуу жана урматтоо саждасы менен Адамга сажда кылышты. Иблис гана сажда кылуудан баш тартты.

• لا سلطان لإبليس على الذين هداهم الله واجتباهم واصطفاهم في أن يلقيهم في ذنب يمنعهم عفو الله.
Аллах туура жолго салып, Өзү тандаган пенделеринин үстүнөн Иблис бийлик кыла албайт. Аларды Аллахтын кечириминен куру калтырган күнөөлөргө түртө албайт.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ഹിജ്ർ
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അവസാനിപ്പിക്കുക