Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ហាទីត   អាយ៉ាត់:
لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَنزَلۡنَا مَعَهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمِيزَانَ لِيَقُومَ ٱلنَّاسُ بِٱلۡقِسۡطِۖ وَأَنزَلۡنَا ٱلۡحَدِيدَ فِيهِ بَأۡسٞ شَدِيدٞ وَمَنَٰفِعُ لِلنَّاسِ وَلِيَعۡلَمَ ٱللَّهُ مَن يَنصُرُهُۥ وَرُسُلَهُۥ بِٱلۡغَيۡبِۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٞ
Биз пайгамбарларыбызды анык далилдер менен жиберип, алар менен Китепти жана адилетти түшүрдүк, адамдар теңдик менен (жашап) туруулары үчүн. Дагы Биз (аларга асмандан) темирди түшүрдүк – анда күч-кубат жана адамдар үчүн (көп) пайдалар бар – Аллах (ошол темир-курал менен) Өзүнө жана пайгамбарларына (алар) жокто[1] жардам берген адамдарды билиши үчүн. Аллах Кудуреттүү, Жеңилгис.
[1] Мунафыктар пайгамбар катышкан согуштарга катышып, ал жокто согушка катышпайт болчу. Аяттын дагы бир маанисинде «жардам берген адамдардан» Аллахты жана пайгамбарларын көрбөй туруп жихад кылган адамдар түшүнүлөт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحٗا وَإِبۡرَٰهِيمَ وَجَعَلۡنَا فِي ذُرِّيَّتِهِمَا ٱلنُّبُوَّةَ وَٱلۡكِتَٰبَۖ فَمِنۡهُم مُّهۡتَدٖۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ
Биз Нухту жана Ибрахимди пайгамбар кылып жибердик жана алардын урпактарынын арасында(гы тандалган адамдарга ар кайсы мезгилдерде) пайгамбарлык менен (ыйык) китепти бердик. Анан ал урпактардын арасынан кээ бирөөлөр туура жол табышты. Бирок, көпчүлүгү бузукулар эле.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ثُمَّ قَفَّيۡنَا عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِم بِرُسُلِنَا وَقَفَّيۡنَا بِعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡإِنجِيلَۖ وَجَعَلۡنَا فِي قُلُوبِ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُ رَأۡفَةٗ وَرَحۡمَةٗۚ وَرَهۡبَانِيَّةً ٱبۡتَدَعُوهَا مَا كَتَبۡنَٰهَا عَلَيۡهِمۡ إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ رِضۡوَٰنِ ٱللَّهِ فَمَا رَعَوۡهَا حَقَّ رِعَايَتِهَاۖ فَـَٔاتَيۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنۡهُمۡ أَجۡرَهُمۡۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ
Кийин алардын изинен (башка) пайгамбарларыбызды жибердик. Марямдын уулу Исаны да алардын артынан жиберип, ага Инжилди бердик жана ага ээрчиген адамдардын жүрөгүнө ырайым-мээрим салдык. Ал эми, кечилдикти болсо, Биз парыз кылбасак деле, Аллахты ыраазы кылабыз деп өздөрү ойлоп табышты. Бирок, аны чындап аткара алышпады. Биз алардын арасынан (Аллахка жана Мухаммадга) ыйман келтиргендерге соопторун беребиз. Алардан көпчүлүгү бузукулар.[1]
[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарчылыгын четке кагышат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَءَامِنُواْ بِرَسُولِهِۦ يُؤۡتِكُمۡ كِفۡلَيۡنِ مِن رَّحۡمَتِهِۦ وَيَجۡعَل لَّكُمۡ نُورٗا تَمۡشُونَ بِهِۦ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, (Мусага жана Исага) ишенгендер! Аллахтан корккула жана Анын пайгамбарына (Мухаммадга) да ыйман келтиргиле! Ошондо силерге Өз ырайымынан эки эсе берет,[1] аны менен (Кыямат караңгылыгында) жүрө турган нур тартуулайт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.
[1] Бири Муса менен Исага ыйман келтиргени үчүн болсо, экинчиси Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды тастыктаганы үчүн.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لِّئَلَّا يَعۡلَمَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ أَلَّا يَقۡدِرُونَ عَلَىٰ شَيۡءٖ مِّن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱلۡفَضۡلَ بِيَدِ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ
(Мухаммадга ыйман келтирбеген) китеп элдери билип алышсын: алар Аллахтын пазилетинен эч нерсеге ээ эмес. Пазилет Аллахтын гана Колунда, аны каалаган пендесине берет.[1] Аллах улук пазилет Ээси!
[1] Ибрахим пайгамбардан бери өздөрүнүн арасынан удаама-удаа пайгамбарлар чыгышына көнүп калган яхуди улутундагы иудейлер менен христиандар акыркы пайгамбарлык арабдар арасындагы Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга берилсе, көралбастык менен ага ыйман келтирүүдөн караманча баш тартышкан эле.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ហាទីត
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ