Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ហាទីត   អាយ៉ាត់:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصِّدِّيقُونَۖ وَٱلشُّهَدَآءُ عِندَ رَبِّهِمۡ لَهُمۡ أَجۡرُهُمۡ وَنُورُهُمۡۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَحِيمِ
Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргендер, ошолор гана сыддыктар![1] Шейиттерге болсо, Раббисинин алдында (өзгөчө) сооптору жана нурлары бар! Ал эми, капыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендер – алар тозок ээлери!
[1] Ыйман-амалы жана илими жогорку деңгээлдеги адамдар.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا لَعِبٞ وَلَهۡوٞ وَزِينَةٞ وَتَفَاخُرُۢ بَيۡنَكُمۡ وَتَكَاثُرٞ فِي ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَوۡلَٰدِۖ كَمَثَلِ غَيۡثٍ أَعۡجَبَ ٱلۡكُفَّارَ نَبَاتُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَىٰهُ مُصۡفَرّٗا ثُمَّ يَكُونُ حُطَٰمٗاۖ وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٞ شَدِيدٞ وَمَغۡفِرَةٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٞۚ وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا مَتَٰعُ ٱلۡغُرُورِ
Билип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллахтан кечирим жана ыразылык бар. (Ошентип) Дүйнө жашоосу азгырык матаадан[1] башка эмес.
[1] "Матаа" арабча "мутьа" - пайдалануу деген сөздөн алынган. Адам перзенти напсине азгырылып, "пайда-пайда" деп, жуткунуп жүрүп акыретти унутуп калат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
سَابِقُوٓاْ إِلَىٰ مَغۡفِرَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ وَجَنَّةٍ عَرۡضُهَا كَعَرۡضِ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ أُعِدَّتۡ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۚ ذَٰلِكَ فَضۡلُ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ
(Эй, момундар!) Раббиңердин кечиримине жана кеңдиги асман менен жердей болгон бейишке шашылгыла! Ал Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргендер үчүн даярдалган. Бул – Аллахтын пазилети. Аны каалаган пенделерине берет. Аллах улук пазилет Ээси.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
مَآ أَصَابَ مِن مُّصِيبَةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِيٓ أَنفُسِكُمۡ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مِّن قَبۡلِ أَن نَّبۡرَأَهَآۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ
Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (Лавхул-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لِّكَيۡلَا تَأۡسَوۡاْ عَلَىٰ مَا فَاتَكُمۡ وَلَا تَفۡرَحُواْ بِمَآ ءَاتَىٰكُمۡۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخۡتَالٖ فَخُورٍ
(Мал-дүйнө, ден-соолук ж.б.у.с.) нерселер силерден кеткени себептүү капаланбашыңар үчүн жана силерге келген нерсеге сүйүнүп-көөп кетпешиңер үчүн (Аллах бардыгын мурдатан Лавхул-Махфузга жазып койгон). Аллах ар бир текебер-мактанчаакты сүйбөйт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ٱلَّذِينَ يَبۡخَلُونَ وَيَأۡمُرُونَ ٱلنَّاسَ بِٱلۡبُخۡلِۗ وَمَن يَتَوَلَّ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Ошолор (садакадан) сараңдык кылышат жана адамдарды дагы сараңдыкка буюрушат. Ким (садакадан) жүз үйрүсө, (билип алгыла) Аллах – Беймуктаж, Макталган.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ហាទីត
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ