Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាន់នីសាក   អាយ៉ាត់:
۞ لَّا يُحِبُّ ٱللَّهُ ٱلۡجَهۡرَ بِٱلسُّوٓءِ مِنَ ٱلۡقَوۡلِ إِلَّا مَن ظُلِمَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعًا عَلِيمًا
Аллах (ар кандай) жаман сөздүн ашкере айтылуусун сүйбөйт. Бир гана залым көргөн адамдар үчүн (заалымды каргап, тескери дуба кылуулары) мүмкүн. Аллах Угуучу, Билүүчү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
إِن تُبۡدُواْ خَيۡرًا أَوۡ تُخۡفُوهُ أَوۡ تَعۡفُواْ عَن سُوٓءٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَفُوّٗا قَدِيرًا
Эгер жакшылыкты (ал сөзбү, ишпи, ичкиби, сырткыбы, парзбы, же башкабы) ашкере же жашыруун кылсаңар же жамандыкты кечирсеңер, (билип алгыла) Аллах дагы Кечиримдүү, Кудуреттүү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡفُرُونَ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَيُرِيدُونَ أَن يُفَرِّقُواْ بَيۡنَ ٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَيَقُولُونَ نُؤۡمِنُ بِبَعۡضٖ وَنَكۡفُرُ بِبَعۡضٖ وَيُرِيدُونَ أَن يَتَّخِذُواْ بَيۡنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا
Аллахка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллах менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дегендер жана эки анжы жолду карманууну каалагандар…
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰفِرُونَ حَقّٗاۚ وَأَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٗا مُّهِينٗا
ошолор гана чыныгы каапырлар. Жана Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَلَمۡ يُفَرِّقُواْ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ أُوْلَٰٓئِكَ سَوۡفَ يُؤۡتِيهِمۡ أُجُورَهُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Аллахка жана Анын (бардык) пайгамбарларына ыйман келтирген жана алардан эч биринин арасын ажыратпаган адамдарга Биз жакында (тиешелүү) соопторун беребиз. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَسۡـَٔلُكَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ أَن تُنَزِّلَ عَلَيۡهِمۡ كِتَٰبٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِۚ فَقَدۡ سَأَلُواْ مُوسَىٰٓ أَكۡبَرَ مِن ذَٰلِكَ فَقَالُوٓاْ أَرِنَا ٱللَّهَ جَهۡرَةٗ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ بِظُلۡمِهِمۡۚ ثُمَّ ٱتَّخَذُواْ ٱلۡعِجۡلَ مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ فَعَفَوۡنَا عَن ذَٰلِكَۚ وَءَاتَيۡنَا مُوسَىٰ سُلۡطَٰنٗا مُّبِينٗا
(О, Мухаммад!) Китеп ээлери (яхудилер) сенден аларга Китепти (Куранды) асмандан (толук бойдон) түшүрүп берүүңдү сурашат. Алар Мусадан мындан да чоңураак нерсени сурап: “Бизге Аллахты анык көргөзөсүң” дешкен. Кийин, (ушул) залымдыктары себептүү аларды чагылган урган. Андан соң алар, өздөрүнө анык далилдер келсе да, музоону кудай кылып алышты. Биз муну кечирдик. Жана Мусага анык далилдерди (мыйзамдарды) бердик.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَرَفَعۡنَا فَوۡقَهُمُ ٱلطُّورَ بِمِيثَٰقِهِمۡ وَقُلۡنَا لَهُمُ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡبَابَ سُجَّدٗا وَقُلۡنَا لَهُمۡ لَا تَعۡدُواْ فِي ٱلسَّبۡتِ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا
Биз алардын ант-убадасын алуу үчүн баштарына Тур тоосун көтөрдүк.[1] Жана аларга: “Бул (шаар) дарбазасынан баш ийип киргиле” дедик. Жана “Алтынчы күндө чектен чыкпагыла” - деп, алардан катуу ант-убада алдык.
[1] Адашкан Кадияния, Ахмадия (Лахория) жамааттары жана алардын Мирзо Гулам Ахмад, Нуруддин, Мухаммад Али сыяктуу жетекчилери Курани Карим аяттарын бурмалап тафсир жазышкан. Ошол тафсирлеринде «Алардын үстүнө Тур тоосун көтөрдүк» деген аятты бурмалашып, «Аллах Тур тоосун көтөргөн эмес, яхудийлер Тур тоосунун этегинде жашаганы үчүн гана Аллах таала ушундай деген» дешет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាន់នីសាក
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ