Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាន់នីសាក   អាយ៉ាត់:
۞ لَّا خَيۡرَ فِي كَثِيرٖ مِّن نَّجۡوَىٰهُمۡ إِلَّا مَنۡ أَمَرَ بِصَدَقَةٍ أَوۡ مَعۡرُوفٍ أَوۡ إِصۡلَٰحِۭ بَيۡنَ ٱلنَّاسِۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ ٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِ ٱللَّهِ فَسَوۡفَ نُؤۡتِيهِ أَجۡرًا عَظِيمٗا
Алардын (кыянатчылардын) көп отуруш-чогулуштарында жакшылык жок. Ал эми, садагага, жакшы үрп-адатка буюрган же адамдардын арасын оңдоо үчүн (чогулган адамдардын отуруштарында жакшылык болот). Ким ушуну (аталган жакшылыктарды) Аллахтын ыраазылыгын каалап жасаса, ал адамга жакында чоң сооп беребиз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَمَن يُشَاقِقِ ٱلرَّسُولَ مِنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُ ٱلۡهُدَىٰ وَيَتَّبِعۡ غَيۡرَ سَبِيلِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ نُوَلِّهِۦ مَا تَوَلَّىٰ وَنُصۡلِهِۦ جَهَنَّمَۖ وَسَآءَتۡ مَصِيرًا
Кимде-ким, өзүнө туура жол анык болгондон кийин, пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолду ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн койобуз. Жана аны тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغۡفِرُ أَن يُشۡرَكَ بِهِۦ وَيَغۡفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُۚ وَمَن يُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا
Албетте, Аллах (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
إِن يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦٓ إِلَّآ إِنَٰثٗا وَإِن يَدۡعُونَ إِلَّا شَيۡطَٰنٗا مَّرِيدٗا
Алар Аллахтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылат[1] жана өзүнүн сөзүнөн баш тартуучу шайтанга дуба кылышат.
[1] Араб мушриктери өз талап максаттарын сураган “Лат”, “Манат”, “Узза” сыяктуу буттарын аял жынысындагылардын аты (женский род) менен аташкан.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لَّعَنَهُ ٱللَّهُۘ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنۡ عِبَادِكَ نَصِيبٗا مَّفۡرُوضٗا
Аллах ага (шайтанга) наалат-каргыш жаадырганда ал: “Мен Сенин пенделериңдин арасынан тийиштүү насибимди алаармын" деп айткан.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَأُضِلَّنَّهُمۡ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمۡ وَلَأٓمُرَنَّهُمۡ فَلَيُبَتِّكُنَّ ءَاذَانَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ وَلَأٓمُرَنَّهُمۡ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلۡقَ ٱللَّهِۚ وَمَن يَتَّخِذِ ٱلشَّيۡطَٰنَ وَلِيّٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِ فَقَدۡ خَسِرَ خُسۡرَانٗا مُّبِينٗا
Ошондой эле аларды жолдон адаштырып, куру кыялдарды жүрөктөрүнө салаармын. Алар менин буйругум менен малдарынын кулактарын кесет[1] жана менин гана буйругум менен Аллахтын жаратканын өзгөртүшөт!” Ким Аллахты коюп, шайтанды дос - башчы кылып алса, ал анык зыяндын зыянына түшүптүр!
[1] Шайтандын азгырыгынын бири – ырым-жырым кылып жаныбарлардын кулагын кесүү. Исламдан илгерки (жахилият) доорундагы араб мушриктери кол астындагы төөлөрүнөн кээ бирлерин бут-статуяларына арнап, алардын кулагын кесип, белгилүү кылып коюшкан. Алар аны иштетпей, союп да жебей бош коюшчу. Ар кандай себептер менен, ырым-жырым кылып, кээ бир төөлөрдүн этин өздөрүнө арам кылып алышчу.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَعِدُهُمۡ وَيُمَنِّيهِمۡۖ وَمَا يَعِدُهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ إِلَّا غُرُورًا
(Шайтан) аларга убадаларды берет, жүрөктөрүнө куру кыялдарды салат. Шайтан аларга жалгандан башка убада бербейт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
أُوْلَٰٓئِكَ مَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُ وَلَا يَجِدُونَ عَنۡهَا مَحِيصٗا
Ошолордун (шайтанга ээрчигендердин) жайы тозок! Алар өздөрүн андан куткаруучуну таппай (ал жерде түбөлүк) калышат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាន់នីសាក
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ