Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាស់សាជដះ   អាយ៉ាត់:
وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَدۡنَىٰ دُونَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَكۡبَرِ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Жана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (бул дүйнөдө) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса.[1]
[1] Бул аяттагы чоң азап Кыяматтагы тозок азабы. Ал эми жакыныраак (же төмөнүрөөк) азап жөнүндө кээ бир уламалар барзах (мүрзөдөгү) азап деп түшүндүрсө, башка бирөөлөрү дүйнөдөгү азап-тозоктору деп тафсир кылышат. Дүйнө азабы деп түшүнгөндө, же алардын күнөөсүнө берилген жаза (хадд) же болбосо, Аллахтан келген апаат-балээ түшүнүлөт. Ушул эки мааниден кайсынысын колдонсо да аяттын агымына туура келе берет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن ذُكِّرَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِۦ ثُمَّ أَعۡرَضَ عَنۡهَآۚ إِنَّا مِنَ ٱلۡمُجۡرِمِينَ مُنتَقِمُونَ
Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн залым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ فَلَا تَكُن فِي مِرۡيَةٖ مِّن لِّقَآئِهِۦۖ وَجَعَلۡنَٰهُ هُدٗى لِّبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Биз чынында Мусага китепти (Тооратты) бердик. (Оо, Мухаммад!) сен аны менен жолукканың жөнүндө шек-күмөндө болбогун! Биз Тооратты Исраил урпактарына туура жол кылганбыз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَجَعَلۡنَا مِنۡهُمۡ أَئِمَّةٗ يَهۡدُونَ بِأَمۡرِنَا لَمَّا صَبَرُواْۖ وَكَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يُوقِنُونَ
Жана Биз Исраил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, туура жолго баштаган жолбашчыларды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَفۡصِلُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Албетте, Сенин Раббиң, кыямат күндө алар талашкан маселелерде, алардын арасында бир Өзү өкүмдарлык кылат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
أَوَلَمۡ يَهۡدِ لَهُمۡ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَبۡلِهِم مِّنَ ٱلۡقُرُونِ يَمۡشُونَ فِي مَسَٰكِنِهِمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٍۚ أَفَلَا يَسۡمَعُونَ
Аларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды туура жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллахтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллахтын аяттарына) кулак салышпайбы?!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا نَسُوقُ ٱلۡمَآءَ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡجُرُزِ فَنُخۡرِجُ بِهِۦ زَرۡعٗا تَأۡكُلُ مِنۡهُ أَنۡعَٰمُهُمۡ وَأَنفُسُهُمۡۚ أَفَلَا يُبۡصِرُونَ
Алар ойлонушпайбы, Биз какыраган жерге (булуттарда) суу айдап (жамгыр жаадырып), аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Ушул кудуретибизди) көрүшпөйбү?!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡفَتۡحُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Жана (ыймандууларга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш (кыямат) качан болот?» – дешет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قُلۡ يَوۡمَ ٱلۡفَتۡحِ لَا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِيمَٰنُهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ
Айткын: «Ачылыш (Кыямат) күнү каапырларга ыймандары пайда бербейт жана аларга (тообо кылуу үчүн) да мөөнөт берилбейт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَأَعۡرِضۡ عَنۡهُمۡ وَٱنتَظِرۡ إِنَّهُم مُّنتَظِرُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен алардан жүзүңдү бур жана күтө бер алар да күтүшөт.[1]
[1] Оболу кайра-кайра даават кыл. Кежирлене берсе, сүйлөбөй, тетири карап, өз ишиң менен бол. Жакында же кыяматта аларга Аллахтын бере турган азабын күт. Алар да жөн жаткан жери жок. Мүмкүн болушунча сага бир зыян жеткирүүнүн ыңгайы келип калаар бекен деп күтүшүүдө.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាស់សាជដះ
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ