Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាស់សាជដះ   អាយ៉ាត់:

сажда

الٓمٓ
Алиф, Лаам, Миим.[1]
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ لَا رَيۡبَ فِيهِ مِن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
(Бул) китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда (эч бир) шек-күмөн жок.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۚ بَلۡ هُوَ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٖ مِّن قَبۡلِكَ لَعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ
Же болбосо алар (Мекке мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес.[1] Кана эми, туура жолго түшүп калышса.
[1] Исмаил пайгамбардан Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга чейин Мекке арабтарына эскертүүчү-пайгамбар келбеген эле.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ مَا لَكُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِيّٖ وَلَا شَفِيعٍۚ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ
Аллах асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык жандуу-жансыз) нерселерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду.[1] Силер үчүн Аллахтан башка колдоочу да шапаат кылуучу да жок. Эсиңерге келбейсиңерби?
[1] Ханафий мазхабынын имамдарынын бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ ثُمَّ يَعۡرُجُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥٓ أَلۡفَ سَنَةٖ مِّمَّا تَعُدُّونَ
Асмандан жерге чейин (бардык) ишти (Аллах Өз өкүмү менен) башкарат. Кийин силердин эсебиңерде миң жылга барабар болгон бир эле күндө (ал өкүмдөрдүн жыйынтыгы, пенделердин иштери) Өзүнө көтөрүлөт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ذَٰلِكَ عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Ушул (Аллах) кайыпты да ашкерени да билүүчү Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ٱلَّذِيٓ أَحۡسَنَ كُلَّ شَيۡءٍ خَلَقَهُۥۖ وَبَدَأَ خَلۡقَ ٱلۡإِنسَٰنِ مِن طِينٖ
Ал ар бир нерсени эң мыкты жараткан жана инсандын алгачкы жаралышын ылайдан жасаган.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ثُمَّ جَعَلَ نَسۡلَهُۥ مِن سُلَٰلَةٖ مِّن مَّآءٖ مَّهِينٖ
Кийин анын урпактарын (бүткүл денеден суурулуп чыккан) бел суудан жаратты.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ثُمَّ سَوَّىٰهُ وَنَفَخَ فِيهِ مِن رُّوحِهِۦۖ وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَۚ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ
Кийин аны (кадыресе адам кейипинде) келишкен келбетте кылды жана ага Өзүнүн Рухунан үйлөп[1] жан салды. Жана (Аллах) силерге кулактарды, көздөрдү жана жүрөктөрдү жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар.
[1] Түйүлдүк сөөк этабынан өтүп, үстүнө эт капталып адамдык кейип-шекил алганда, Аллахтын периштеси келип, ичине үйлөп жан киргизет. Ушул жараян аятта «Өзүнүн Рухунан үйлөдү» таризинде айтылууда.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَقَالُوٓاْ أَءِذَا ضَلَلۡنَا فِي ٱلۡأَرۡضِ أَءِنَّا لَفِي خَلۡقٖ جَدِيدِۭۚ بَلۡ هُم بِلِقَآءِ رَبِّهِمۡ كَٰفِرُونَ
(Мушриктер) айтышат: «Эгер биз жерде (чирип) жок болуп кетсек да жаңыдан жаратылат бекенбиз?!» Жок! Алар Раббилерине жолугууга ишенишпейт!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
۞ قُلۡ يَتَوَفَّىٰكُم مَّلَكُ ٱلۡمَوۡتِ ٱلَّذِي وُكِّلَ بِكُمۡ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمۡ تُرۡجَعُونَ
Сен айткын: «Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси[1] жаныңарды алат. Кийин (кыяматта кайра тирилип) Раббиңерге кайтарыласыңар».
[1] Жандарды алуучу өлүм периштесин кээ бир адабияттарда «Азраил» деп айтылат. Бирок, Куран менен Сахих Сүннөттө бул ысым жолукпайт. Ошондуктан, өлүм периштесин Куран-Хадисте аталгандай «Өлүм периштеси» же болбосо «Жан алгыч периште» деп атаганыбыз дурус.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាស់សាជដះ
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ