Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: 高壁章   節:
قَالَ مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسۡجُدَ إِذۡ أَمَرۡتُكَۖ قَالَ أَنَا۠ خَيۡرٞ مِّنۡهُ خَلَقۡتَنِي مِن نَّارٖ وَخَلَقۡتَهُۥ مِن طِينٖ
Аллах Таала Ибилисти жемелеп: "Адамга сажда кыл деген буйругумду аткаруудан сени эмне тоту?" деди. Ибилис Раббисине жооп кылып: "мени тоскон нерсе - мен андан жакшымын, мени оттон жараткансың, а, аны болсо, ылайдан жараттың. От ылайдан кадырлуу" деди
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ فَٱهۡبِطۡ مِنۡهَا فَمَا يَكُونُ لَكَ أَن تَتَكَبَّرَ فِيهَا فَٱخۡرُجۡ إِنَّكَ مِنَ ٱلصَّٰغِرِينَ
Аллах ага мындай деди: "Бейиштен чык, сага бейиште текеберленип жүрүүгө болбойт. Анткени, бейиш жакшы, тазалардын жайы. Сага анда жүрүүгө уруксат эмес. Сен, эй, ибилис, өзүңдү адамдан кадырлуумун деп эсептесең, анда жек көрүлгөн, митаамдардансың".
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ أَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ
Ибилис минтип айтты: Адамдардын арасындагы мен адаштыра ала турган адамдарды адаштыруу үчүн Раббим, мага кайра тирилүү күнүнө чейин тирүү болууга мөөнөт бер.
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ إِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ
Аллах ага минтип айтты: "Эй, ибилис, сен, биринчи сурнай тартылып, бардык жаратылгандар өлүп, бир гана Жаратуучуң кала турган күнгө чейин тирүү калуу мөөнөтү берилгендерденсиң".
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ فَبِمَآ أَغۡوَيۡتَنِي لَأَقۡعُدَنَّ لَهُمۡ صِرَٰطَكَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ
Ибилис минтип айтты: "Мен Сенин адамга сажда кыл деген буйругуңду аткарбай, Сен мени адаштырганың себептүү, мен эми Сенин туура жолуңда адам балдарын карап отурамын, мени алардын атасына сажда кылууда адаштырганың сыяктуу мен да аларды туура жолдон тайдырып, адаштырамын".
アラビア語 クルアーン注釈:
ثُمَّ لَأٓتِيَنَّهُم مِّنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ وَعَنۡ أَيۡمَٰنِهِمۡ وَعَن شَمَآئِلِهِمۡۖ وَلَا تَجِدُ أَكۡثَرَهُمۡ شَٰكِرِينَ
Мен аларга ар тарабынан келип, акыреттен көңүлүн буруп, дүйнөгө кызыктырамын, күмөнгө киргизем, кумардуу иштерди жакшы көрсөтөм. О, Рабби, алар каапырлыкка ийилип, көбү Сага шүгүр кылбаганын көрөсүң.
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ ٱخۡرُجۡ مِنۡهَا مَذۡءُومٗا مَّدۡحُورٗاۖ لَّمَن تَبِعَكَ مِنۡهُمۡ لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنكُمۡ أَجۡمَعِينَ
Аллах минтип айтты: "Эй, ибилис, бейиштен кор болуп, Аллахтын ырайымынан куулган абалда бейиштен чык! Кыяматта сени жана сени ээрчип, сага баш ийип Раббисине күнөөкөр болгондордун баарын тозокко киргизип, тозокту толтурамын"
アラビア語 クルアーン注釈:
وَيَٰٓـَٔادَمُ ٱسۡكُنۡ أَنتَ وَزَوۡجُكَ ٱلۡجَنَّةَ فَكُلَا مِنۡ حَيۡثُ شِئۡتُمَا وَلَا تَقۡرَبَا هَٰذِهِ ٱلشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Алла Адамга минтип айтты: "Эй, Адам, аялың Хава экөөң бейиште тургула. андагы таза нерселерден каалаганыңарды жегиле. Бирок, мобу (Аллах дайындап көрсөткөн) даракка жакындабагыла. Тыйылганыңардан кийин ал дарактын мөмөсүнөн жесеңер, анда Аллахтын чегинен чыгуучулардан болосуңар".
アラビア語 クルアーン注釈:
فَوَسۡوَسَ لَهُمَا ٱلشَّيۡطَٰنُ لِيُبۡدِيَ لَهُمَا مَا وُۥرِيَ عَنۡهُمَا مِن سَوۡءَٰتِهِمَا وَقَالَ مَا نَهَىٰكُمَا رَبُّكُمَا عَنۡ هَٰذِهِ ٱلشَّجَرَةِ إِلَّآ أَن تَكُونَا مَلَكَيۡنِ أَوۡ تَكُونَا مِنَ ٱلۡخَٰلِدِينَ
Аларга авреттери ачылып калганын көрсөтүү үчүн, ибилис аларга жашыруун сөз таштап, мындай деди: "Аллах силерди бул дарактан жеп, периште болуп калбооңор үчүн, же бейиште түбөлүк жашап калуучулардан болбооңор үчүн мунун мөмөсүнөн жегенге тыюу салды".
アラビア語 クルアーン注釈:
وَقَاسَمَهُمَآ إِنِّي لَكُمَا لَمِنَ ٱلنَّٰصِحِينَ
Аларга Аллахтын аты менен ант берип: "Эй, Адам жана Хава, мен силерге муну айтып насаат кылып жатамын" деди.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَدَلَّىٰهُمَا بِغُرُورٖۚ فَلَمَّا ذَاقَا ٱلشَّجَرَةَ بَدَتۡ لَهُمَا سَوۡءَٰتُهُمَا وَطَفِقَا يَخۡصِفَانِ عَلَيۡهِمَا مِن وَرَقِ ٱلۡجَنَّةِۖ وَنَادَىٰهُمَا رَبُّهُمَآ أَلَمۡ أَنۡهَكُمَا عَن تِلۡكُمَا ٱلشَّجَرَةِ وَأَقُل لَّكُمَآ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ لَكُمَا عَدُوّٞ مُّبِينٞ
Аларды куулук жана алдоо менен турган даражаларынан түшүрдү. Аларга жегенге тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн жээр замат, авреттери ачык болуп көрүнүп калды. Бейиштеги жалбырактар менен авреттерин жабышты. Анан аларга Раббиси кайрылып: "Силерди бул дарактан жегенге тыйбадым беле жана силерди эскертип: шайтан силерге душмандыгы анык болгон душман деп айтпадым беле" деди.
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• دلّت الآيات على أن من عصى مولاه فهو ذليل.
Аятттар, ким башчысына баш ийбесе, кор болорун айгинелеп турат.

• أعلن الشيطان عداوته لبني آدم، وتوعد أن يصدهم عن الصراط المستقيم بكل أنواع الوسائل والأساليب.
Шайтан адам баласына душман экенин жарыя кылган жана аларды ар түрдүү себеп жана жолдор менен түз жолдон адаштырарын убада кылган.

• خطورة المعصية وأنها سبب لعقوبات الله الدنيوية والأخروية.
Күнөөлөр коркунучтуу, анткени ал Аллахтын дүйнө жана акыреттеги азабына дуушар кылат.

 
対訳 章: 高壁章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる