Check out the new design

クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) * - 対訳の目次


対訳 章: タ―・ハー章   節:
إِذۡ أَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ أُمِّكَ مَا يُوحَىٰٓ
Ошондо Биз Фараондун айла-амалынан сени сактаган нерселерди апаңдын көңүлүнө илхам кылдык.
アラビア語 クルアーン注釈:
أَنِ ٱقۡذِفِيهِ فِي ٱلتَّابُوتِ فَٱقۡذِفِيهِ فِي ٱلۡيَمِّ فَلۡيُلۡقِهِ ٱلۡيَمُّ بِٱلسَّاحِلِ يَأۡخُذۡهُ عَدُوّٞ لِّي وَعَدُوّٞ لَّهُۥۚ وَأَلۡقَيۡتُ عَلَيۡكَ مَحَبَّةٗ مِّنِّي وَلِتُصۡنَعَ عَلَىٰ عَيۡنِيٓ
Биз ага илхам кылган кезде ага буйрудук: «Ал төрөлгөндөн кийин аны сандыкка салып, аны дарыяга ташта. Кийин дарыя Биздин буйругубуз менен аны жээкке алып чыгат. Ошондо аны Менин жана анын душманы болгон Фараон таап алат». Мен сага Өзүм тараптан сүйүү тартууладым. Ошол себептен сени адамдар жакшы көрөт жана сен Биздин көз алдыбызда, коргообузда жана камкордугубузда тарбияланасың.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِذۡ تَمۡشِيٓ أُخۡتُكَ فَتَقُولُ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ مَن يَكۡفُلُهُۥۖ فَرَجَعۡنَٰكَ إِلَىٰٓ أُمِّكَ كَيۡ تَقَرَّ عَيۡنُهَا وَلَا تَحۡزَنَۚ وَقَتَلۡتَ نَفۡسٗا فَنَجَّيۡنَٰكَ مِنَ ٱلۡغَمِّ وَفَتَنَّٰكَ فُتُونٗاۚ فَلَبِثۡتَ سِنِينَ فِيٓ أَهۡلِ مَدۡيَنَ ثُمَّ جِئۡتَ عَلَىٰ قَدَرٖ يَٰمُوسَىٰ
Ошондо эжең чыгып сандыктын артынан калбай ээрчип, аны алган адамдарга: «Силерге муну бага турган, эмизип тарбиялай турган адамды көргөзөйүнбү?» — деп жатты. Апаң кайгыдан арылып, кубануусу үчүн сени ага кайтарып, Биз сага жакшылык кылдык. Кийин бир коптту бир уруп өлтүрүп койдуң. Ошондо Биз сени жазадан куткарып калдык. Сен туш болгон бардык сыноолордон сени куткардык. Анан ал жактан кетип, Мадиян элинде бир нече жыл туруп калдың. Эй, Муса! Андан соң сени менен сүйлөшүү белгиленген убакытта бул жакка келдиң.
アラビア語 クルアーン注釈:
وَٱصۡطَنَعۡتُكَ لِنَفۡسِي
Мен сага вахий кылган нерсени адамдарга жеткириш үчүн сени пайгамбар кылып тандадык.
アラビア語 クルアーン注釈:
ٱذۡهَبۡ أَنتَ وَأَخُوكَ بِـَٔايَٰتِي وَلَا تَنِيَا فِي ذِكۡرِي
Оо, Муса! Бир тууганың Харун экөөңөр Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерибиз менен баргыла! Мага (динге) чакырууда жана Мени эскерүүдө алсыздык кылбагыла!
アラビア語 クルアーン注釈:
ٱذۡهَبَآ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ
Фараонго баргыла! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти.
アラビア語 クルアーン注釈:
فَقُولَا لَهُۥ قَوۡلٗا لَّيِّنٗا لَّعَلَّهُۥ يَتَذَكَّرُ أَوۡ يَخۡشَىٰ
Ага орой мамиле кылбай, сылык-сыпаа сөз айткыла! Балким ал эсине келип, Аллахтан коркуп тообо кылар.
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَا رَبَّنَآ إِنَّنَا نَخَافُ أَن يَفۡرُطَ عَلَيۡنَآ أَوۡ أَن يَطۡغَىٰ
Муса менен Харун (аларга Аллахтын саламаттыгы, тынтыгы болсун) айтты: «Чындыгында биз ага толук үгүт кыла электе эле жазалап баштоосунан же бизди өлтүрүп чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз».
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ لَا تَخَافَآۖ إِنَّنِي مَعَكُمَآ أَسۡمَعُ وَأَرَىٰ
Аллах аларга айтты: «Коркпогула! Мен силерди колдоп жана кубаттап силер менен бирге болом. Аны менен ортоңордо болгон нерсени угуп, көрүп турам».
アラビア語 クルアーン注釈:
فَأۡتِيَاهُ فَقُولَآ إِنَّا رَسُولَا رَبِّكَ فَأَرۡسِلۡ مَعَنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَلَا تُعَذِّبۡهُمۡۖ قَدۡ جِئۡنَٰكَ بِـَٔايَةٖ مِّن رَّبِّكَۖ وَٱلسَّلَٰمُ عَلَىٰ مَنِ ٱتَّبَعَ ٱلۡهُدَىٰٓ
Ага баргыла да: «Эй, Фараон! Чындыгында биз Раббиңдин элчилерибиз. Исраил урпактарын биз менен коё бер. Алардын балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырып, аларды азаптаба. Биз сага Раббиң тараптан чынчыл экенибизди билдирген далилдер менен келдик. Ыйман келтиргендерге жана Аллахтын туура жолуна ээрчигендерге Аллахтын азабынан кутулуу болот!» – деп айткыла.
アラビア語 クルアーン注釈:
إِنَّا قَدۡ أُوحِيَ إِلَيۡنَآ أَنَّ ٱلۡعَذَابَ عَلَىٰ مَن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ
Чындыгында Аллах бизге вахий кылды: «Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги азап — Аллахтын аяттарын жалганга чыгаргандарга жана пайгамбарлар алып келген нерселерден баш тарткандарга берилет».
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ فَمَن رَّبُّكُمَا يَٰمُوسَىٰ
Фараон алар алып келген нерсени четке кагып: «Эй, Муса! Силерди мага жиберди деп ойлоп жаткан Раббиңер ким?» – деп айтты.
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ رَبُّنَا ٱلَّذِيٓ أَعۡطَىٰ كُلَّ شَيۡءٍ خَلۡقَهُۥ ثُمَّ هَدَىٰ
Муса айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге өзүнө ылайык келбет-шекил берген жана бардык жаратылган нерселерди түпкү жаралган максаттарына багыттаган Зат».
アラビア語 クルアーン注釈:
قَالَ فَمَا بَالُ ٱلۡقُرُونِ ٱلۡأُولَىٰ
Фараон айтты: «Каапырлыкта болгон мурунку элдерге эмне болгонун билесиңби?».
アラビア語 クルアーン注釈:
本諸節の功徳:
• كمال اعتناء الله بكليمه موسى عليه السلام والأنبياء والرسل، ولورثتهم نصيب من هذا الاعتناء على حسب أحوالهم مع الله.
Мусага, пайгамбарларга жана элчилерге болгон Аллахтын камкордугунун толуктугу. Ошондой эле алардын мураскорлору да Аллах менен болгон абалдарына жараша бул камкордукка ээ болушат.

• من الهداية العامة للمخلوقات أن تجد كل مخلوق يسعى لما خلق له من المنافع، وفي دفع المضار عن نفسه.
Жаратылгандардын баарына Аллах тарабынан жашоолорунда жол көрсөтүлгөн. Андыктан ар бир жаратылыштын мүчөсү пайдалуу нерселерге жетүүгө, зыяндуу нерселерди өзүнөн алыстатууга аракет кылат.

• بيان فضيلة الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر، وأن ذلك يكون باللين من القول لمن معه القوة، وضُمِنَت له العصمة.
Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюунун артыкчылыгын баяндоо. Бул нерсе күч-кубатка жана коргоо кепилдигине ээ болгон адамга сылык сөз менен болуусу керек.

• الله هو المختص بعلم الغيب في الماضي والحاضر والمستقبل.
Өткөн чак, учур чак жана келечекке байланыштуу кайып илими Аллахка гана таандык.

 
対訳 章: タ―・ハー章
章名の目次 ページ番号
 
クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳) - 対訳の目次

Tafsir Center for Quranic Studies - 発行

閉じる