Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'ma'ida   Aya:
قَالُواْ يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّا لَن نَّدۡخُلَهَآ أَبَدٗا مَّا دَامُواْ فِيهَا فَٱذۡهَبۡ أَنتَ وَرَبُّكَ فَقَٰتِلَآ إِنَّا هَٰهُنَا قَٰعِدُونَ
Мусанын коому ага каршы чыгуусун улантып: Шаарда күч-кубаттуу адамдар турганда биз ага кирбейбиз, эй, Муса, бар, Жаратуучуң экөөң алар менен согуша бергиле, биз ушул ордубузда силердин согушуңардан ыраак туралы дешти
Tafsiran larabci:
قَالَ رَبِّ إِنِّي لَآ أَمۡلِكُ إِلَّا نَفۡسِي وَأَخِيۖ فَٱفۡرُقۡ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Муса Жаратуучусуна айтты: Оо, Жараткан, мен бир тууганым Харун менен өзүмдөн башка эч кимге тилим өтпөй калыптыр, Сага жана Сенин элчиңе баш ийбеген бул коом менен биздин арабызды ажырат
Tafsiran larabci:
قَالَ فَإِنَّهَا مُحَرَّمَةٌ عَلَيۡهِمۡۛ أَرۡبَعِينَ سَنَةٗۛ يَتِيهُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ فَلَا تَأۡسَ عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Аллах Таала пайгамбары Мусага айтты: Аллах Таала Исраил урпактарына бул ыйык жерге кирүүгө кырк жылга тыюу салды. бул жылдары алар чөлдө акылы айран болуп жол таппай адашып жүрүшөт. Эй, Муса Аллахтын буйругуна баш ийбеген коомдун абалына сен кыжалат болбо, алардын башына түшкөн балээ күнөө-каталары себептүү болууда
Tafsiran larabci:
۞ وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ ٱبۡنَيۡ ءَادَمَ بِٱلۡحَقِّ إِذۡ قَرَّبَا قُرۡبَانٗا فَتُقُبِّلَ مِنۡ أَحَدِهِمَا وَلَمۡ يُتَقَبَّلۡ مِنَ ٱلۡأٓخَرِ قَالَ لَأَقۡتُلَنَّكَۖ قَالَ إِنَّمَا يَتَقَبَّلُ ٱللَّهُ مِنَ ٱلۡمُتَّقِينَ
Оо, элчи, тиги көралбас, залым яхудилерге Адам атанын эки баласы Кабыл менен Хабылдын эч жалган аралашпаган чын окуясын аңгемелеп бер. Алар Аллах Таалага курбандык кылышканда, Аллах Таала Хабылдын курбандыгын кабыл кылды, анткени ал такыба болчу. А Кабылдын курбандыгын кабыл кылбады, анткени ал такыба эмес эле. Кабыл Хабылдын курбандыгы кабыл болгонун көрө албай, аны четке кагып: Эй, Хабыл мен сени өлтүрөм деди. Хабыл: Аллах Таала ким Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып, такыба болсо, ошонун курбандыгын кабыл кылат деди.
Tafsiran larabci:
لَئِنۢ بَسَطتَ إِلَيَّ يَدَكَ لِتَقۡتُلَنِي مَآ أَنَا۠ بِبَاسِطٖ يَدِيَ إِلَيۡكَ لِأَقۡتُلَكَۖ إِنِّيٓ أَخَافُ ٱللَّهَ رَبَّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Эгер өлтүрүүнү максат кылып мага кол салсаң да, мен сен кылган ишти кылбайм, бул менин коркоктугумдан эмес, мен бардык жаратылыштын Жаратуучусу Аллахтан корком
Tafsiran larabci:
إِنِّيٓ أُرِيدُ أَن تَبُوٓأَ بِإِثۡمِي وَإِثۡمِكَ فَتَكُونَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلنَّارِۚ وَذَٰلِكَ جَزَٰٓؤُاْ ٱلظَّٰلِمِينَ
Аны коркутуп мындай деди: өзүңдүн мурдагы күнөөлөрүңө, залымдык, душмандык менен мени өлтүргөн күнөөң кошулуп кайтып, кыямат күнү тозокко кирүүчүлөрдөн болууңду каалайм. Бул жаза күнөөкөрлөрдүн жазасы, мен болсо, сени өлтүрүү себептүү аларга кошулуп калууну каалабайм.
Tafsiran larabci:
فَطَوَّعَتۡ لَهُۥ نَفۡسُهُۥ قَتۡلَ أَخِيهِ فَقَتَلَهُۥ فَأَصۡبَحَ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Бузуку напсиси Кабылды агасы Хабылды залымдык менен өлтүрүүгө түрттү жана ал аны өлтүрдү, ошол себептүү өзүнүн дүйнө-акыреттеги үлүшүн кемитип алуучулардын катарында болуп калды
Tafsiran larabci:
فَبَعَثَ ٱللَّهُ غُرَابٗا يَبۡحَثُ فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيُرِيَهُۥ كَيۡفَ يُوَٰرِي سَوۡءَةَ أَخِيهِۚ قَالَ يَٰوَيۡلَتَىٰٓ أَعَجَزۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِثۡلَ هَٰذَا ٱلۡغُرَابِ فَأُوَٰرِيَ سَوۡءَةَ أَخِيۖ فَأَصۡبَحَ مِنَ ٱلنَّٰدِمِينَ
Аллах ага бир тууганынын денесин кантип жашырууну үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. Ошондо өлтүрүүчү (Кабыл) айтты: «Оо, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн экинчи өлүк карганы көмгөн ушул каргачалык көмө албадымбы?” – деп, аны жерге көмдү да кайгыруучулардан болду.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• مخالفة الرسل توجب العقاب، كما وقع لبني إسرائيل؛ إذ عاقبهم الله تعالى بالتِّيه.
Элчилерге каршы чыгуу азапка дуушар кылат, Исраил урпактары дуушар болгон сыяктуу; Аллах Таала аларды адаштыруу менен азаптады

• قصة ابني آدم ظاهرها أن أول ذنب وقع في الأرض - في ظاهر القرآن - هو الحسد والبغي، والذي أدى به للظلم وسفك الدم الحرام الموجب للخسران.
Адам атанын балдарынын окуясы жер бетиндеги алгачкы күнөөнү чагылдырат, бул көралбастык күнөөсү, ошонун айынан залым кылып, аягы өкүнүч боло турган кан төгүүгө барды.

• الندامة عاقبة مرتكبي المعاصي.
Өкүнүү - бул, күнөөкөрлөрдүн азабы

• أن من سَنَّ سُنَّة قبيحة أو أشاع قبيحًا وشجَّع عليه، فإن له مثل سيئات من اتبعه على ذلك.
Ким жаман ишти баштаса, же жамандыкты таратса, же аны кылууга шыктандырса, ошол жамандыкты кылгандардын күнөөсү ага да жазылат

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'ma'ida
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa