Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'ahkab   Aya:
وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ إِحۡسَٰنًاۖ حَمَلَتۡهُ أُمُّهُۥ كُرۡهٗا وَوَضَعَتۡهُ كُرۡهٗاۖ وَحَمۡلُهُۥ وَفِصَٰلُهُۥ ثَلَٰثُونَ شَهۡرًاۚ حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ أَشُدَّهُۥ وَبَلَغَ أَرۡبَعِينَ سَنَةٗ قَالَ رَبِّ أَوۡزِعۡنِيٓ أَنۡ أَشۡكُرَ نِعۡمَتَكَ ٱلَّتِيٓ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ وَعَلَىٰ وَٰلِدَيَّ وَأَنۡ أَعۡمَلَ صَٰلِحٗا تَرۡضَىٰهُ وَأَصۡلِحۡ لِي فِي ذُرِّيَّتِيٓۖ إِنِّي تُبۡتُ إِلَيۡكَ وَإِنِّي مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Биз инсанга ата-энесин тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин шариятка каршы келбеген деңгээлде сыйлап, аларга жакшылык кылууга кескин буйрук бердик. Айрыкча энеси аны кыйынчылык менен боюнда көтөрдү жана кыйналып төрөдү. Аны боюнда көтөрүү жана эмчектен чыгаруу мөөнөтү отуз ай созулат. Ошентип ал акыл жана дене жактан кубаттуу болуп кырк жашка толгондо айтты: «Раббим! Сен мага жана ата-энеме кылган жакшылыгыңа шүгүр кылууну жана Сени ыраазы кылган жакшылык иштерди кылууну көңүлүмө сал жана аларды менден кабыл кыл. Бала-чакамды оңдой көр. Мен Сага күнөөлөрүм үчүн тообо кылдым жана Сага баш ийип, буйруктарыңа моюн сунамын».
Tafsiran larabci:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ نَتَقَبَّلُ عَنۡهُمۡ أَحۡسَنَ مَا عَمِلُواْ وَنَتَجَاوَزُ عَن سَيِّـَٔاتِهِمۡ فِيٓ أَصۡحَٰبِ ٱلۡجَنَّةِۖ وَعۡدَ ٱلصِّدۡقِ ٱلَّذِي كَانُواْ يُوعَدُونَ
Биз алардын кылган эң жакшы иш-аракеттерин кабыл кылып, күнөөлөрүн кечиребиз, алар үчүн жазалабайбыз. Алар бейиштик адамдардын катарында болушат. Аларга берилген бул убада – жакында сөзсүз ишке ашуучу чыныгы убада.
Tafsiran larabci:
وَٱلَّذِي قَالَ لِوَٰلِدَيۡهِ أُفّٖ لَّكُمَآ أَتَعِدَانِنِيٓ أَنۡ أُخۡرَجَ وَقَدۡ خَلَتِ ٱلۡقُرُونُ مِن قَبۡلِي وَهُمَا يَسۡتَغِيثَانِ ٱللَّهَ وَيۡلَكَ ءَامِنۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ فَيَقُولُ مَا هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Ал эми ата-энесине мындай деп айтканы бар: «Куруп кеткиле! Экөөңөр мени өлгөндөн кийин кабырымдан кайра тирилип чыгат деп ойлоп жатасыңарбы? Канча деген муундар өттү, ал муундарда адамдар өлүштү. Алардан эч ким тирилген жок го?». Ата-энеси Аллахтан аны ыйманга келтирүүгө жардам сурап баласына: «Кайра тирилүүгө ыйман келтирбесең куруп кетесиң. Андыктан ага ыйман келтир. Аллахтын кайра тирилүү тууралуу убадасы шек-күмөнсүз чындык» – дешет. Ошондо ал кайта тирилүүнү дагы четке кагып мындай дейт: «Кайра тирилүү тууралуу айтылган сөздөр байыркылардын жазган китептеринен алынган. Аллахтан экендигини тастыкталган эмес».
Tafsiran larabci:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ حَقَّ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقَوۡلُ فِيٓ أُمَمٖ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهِم مِّنَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ خَٰسِرِينَ
Аларга жиндер менен адамдардан болгон коомдордун катарында азап милдет болду. Чындыгында алар өздөрүн жана үй-бүлөлөрүн тозокко киргизип жоготууга учурагандар.
Tafsiran larabci:
وَلِكُلّٖ دَرَجَٰتٞ مِّمَّا عَمِلُواْۖ وَلِيُوَفِّيَهُمۡ أَعۡمَٰلَهُمۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Ар бир топко, тагыраак айтканда бейиш тобу менен тозок тобуна Аллах алардын кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын толук бериш үчүн иш-аракеттерине жараша даражалар бар. Бейиштегилердин даражалары бийик, тозоктогулардын даражалары төмөн. Аларга кыямат күнү сооптору кемитилип жана күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.
Tafsiran larabci:
وَيَوۡمَ يُعۡرَضُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ عَلَى ٱلنَّارِ أَذۡهَبۡتُمۡ طَيِّبَٰتِكُمۡ فِي حَيَاتِكُمُ ٱلدُّنۡيَا وَٱسۡتَمۡتَعۡتُم بِهَا فَٱلۡيَوۡمَ تُجۡزَوۡنَ عَذَابَ ٱلۡهُونِ بِمَا كُنتُمۡ تَسۡتَكۡبِرُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَبِمَا كُنتُمۡ تَفۡسُقُونَ
Аллахка каапырлык кылып, пайгамбарларды жалганга чыгаргандар азапталыш үчүн тозокко алып келинген күнү аларга жеме катары мындай деп айтылат: «Силер жакшылыктарыңарды дүйнө жашоосунда короттуңар жана ал жактагы жыргалчылыктарды пайдаландыңар. Эми бүгүн болсо жер бетиндеги себепсиз текеберлигиңер, ошондой эле Аллахка каапырлык жана күнөөлөрдү кылып Ага моюн сунбаганыңар себептүү кордоочу азап менен жазаланасыңар».
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• بيان مكانة بِرِّ الوالدين في الإسلام، بخاصة في حق الأم، والتحذير من العقوق.
Ата-энеге, айрыкча энеге карата жакшы мамиле кылуунун Исламдагы ордун баяндоо жана аларга баш ийбестик кылуудан эскертүү.

• بيان خطر التوسع في ملاذّ الدنيا؛ لأنها تشغل عن الآخرة.
Дүйнө жыргалчылыктарынын көптүгүнүн коркунучун баяндоо. Анткени ал акыреттен алаксытат.

• بيان الوعيد الشديد لأصحاب الكبر والفسوق.
Текебер жана бузуку адамдарга катаал эскертүүнү баяндоо.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'ahkab
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa