Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (73) Sura: Al'bakara
فَقُلۡنَا ٱضۡرِبُوهُ بِبَعۡضِهَاۚ كَذَٰلِكَ يُحۡيِ ٱللَّهُ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَيُرِيكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ
Анан Биз: «Силерге сойгула деп буйруган уйдун бир бөлүгү менен өлүктү ургула, ошондо өлтүргөн адам ким экенин айтуу үчүн Аллах аны тирилтет» – дедик. Алар ошондой кылышты, ал аны ким өлтүргөнүн айтып берди. Аллах ошол өлүктү тирилткен сыяктуу, кыямат күнү да өлүктөрдү тирилтет жана силерге Өз кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдерди көрсөтөт. Балким ал тууралуу акыл жүгүртүп, Аллахка чындап ыйман келтиресиңер.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• أن بعض قلوب العباد أشد قسوة من الحجارة الصلبة؛ فلا تلين لموعظة، ولا تَرِقُّ لذكرى.
Кээ бир адамдардын жүрөгү катуу таштан да катуураак, насаатка жумшарбайт, эскертмеге жибибейт.

• أن الدلائل والبينات - وإن عظمت - لا تنفع إن لم يكن القلب مستسلمًا خاشعًا لله.
Эгер жүрөк Аллахка өзүн толук арнап, моюн сунбаса, анда далилдер жана айкын белгилер канчалык күчтүү болсо да эч кандай пайда алып келбейт.

• كشفت الآيات حقيقة ما انطوت عليه أنفس اليهود، حيث توارثوا الرعونة والخداع والتلاعب بالدين.
Бул аяттар жөөттөрдүн ичинде катылган чындыкты ачып берди. Анткени алар кем акылдыкты, алдамчылыкты жана динге шылдың мамиле кылууну муундан-муунга мураска калтырышты.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (73) Sura: Al'bakara
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa