Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (230) Sura: Al'bakara
فَإِن طَلَّقَهَا فَلَا تَحِلُّ لَهُۥ مِنۢ بَعۡدُ حَتَّىٰ تَنكِحَ زَوۡجًا غَيۡرَهُۥۗ فَإِن طَلَّقَهَا فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَآ أَن يَتَرَاجَعَآ إِن ظَنَّآ أَن يُقِيمَا حُدُودَ ٱللَّهِۗ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِ يُبَيِّنُهَا لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Эгерде күйөөсү ага үчүнчү жолу талак берсе, анда ал аял жалган никени (тахлил) көздөбөстөн, өз каалоосу менен туура жолдо башка эркекке турмушка чыкмайынча жана ошол никеде жыныстык мамиле кылмайынча, аны менен жаңыдан никелешүүгө болбойт. Эгер экинчи күйөөсү ага талак берсе же каза болсо, кийин ал биринчи күйөөсү менен алардан талап кылынган шарият өкүмдөрүн аткарабыз деген ойдо жаңыдан нике кыйдырып, калың төлөп мурунку абалга кайтышса, анда алар үчүн күнөө болбойт. Бул шарият өкүмдөрү Аллах тарабынан Анын өкүмдөрүн жана чектерин билген адамдарга баяндалган. Анткени ошолор гана андан пайда алышат.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• بيَّن الله تعالى أحكام النكاح والطلاق بيانًا شاملًا حتى يعرف الناس حدود الحلال والحرام فلا يتجاوزونها.
Аллах таала адамдар адал менен арамдын чектерин билип, алардын чегинен чыкпоо үчүн аларга нике менен талактын өкүмдөрүн баяндады.

• عظَّم الله شأن النكاح وحرم التلاعب فيه بالألفاظ فجعلها ملزمة، وألغى التلاعب بكثرة الطلاق والرجعة فجعل لها حدًّا بطلقتين رجعيتين ثم تحرم عليه إلا أن تنكح زوجا غيره ثم يطلقها، أو يموت عنها.
Аллах никенин баркын көтөрдү жана ар кандай сөздөр менен аны тамаша тутуудан тыйып, аларды милдеттүү түрдө аткарыла турган кылып койду. Ошондой эле кайра-кайра талак берүүнү жана жарашууну оюн тутуудан токтотуп, аны жарашууга мүмкүн болгон эки талак сөзү менен чектеди, андан кийинкисинде ал башка күйөөгө тийип, аны менен ажырашмайынча же өлмөйүнчө аны менен никелешүүгө болбойт.

• المعاشرة الزوجية تكون بالمعروف، فإن تعذر ذلك فلا بأس من الطلاق، ولا حرج على أحد الزوجين أن يطلبه.
Жубайлардын жашоосу жакшылык менен уланууга тийиш. Эгер бул такыр мүмкүн болбосо, анда ажырашууга уруксат жана жубайлардын бирөөсү ажырашууну талап кылса, ага эч кандай күнөө эмес.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (230) Sura: Al'bakara
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa