Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (213) Sura: Al'bakara
كَانَ ٱلنَّاسُ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ فَبَعَثَ ٱللَّهُ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ وَأَنزَلَ مَعَهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ لِيَحۡكُمَ بَيۡنَ ٱلنَّاسِ فِيمَا ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِۚ وَمَا ٱخۡتَلَفَ فِيهِ إِلَّا ٱلَّذِينَ أُوتُوهُ مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۖ فَهَدَى ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لِمَا ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِ مِنَ ٱلۡحَقِّ بِإِذۡنِهِۦۗ وَٱللَّهُ يَهۡدِي مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٍ
Адамдар түпкү атасы Адамдын динине ылайык туура жолдогу бирдиктүү үммөт болгон. Акыры шайтан аларды адаштырып, алардын ортосунда ыймандуу жана каапыр болуп пикир келишпестик жаралды. Мына ушул себептен Аллах ыймандуу жана моюн сунган адамдарга Өз ырайымы менен даярдап койгон нерселерди сүйүнчүлөш үчүн жана каапырларга убада кылган катаал азапты эскертиш үчүн элчилерди жиберди. Жана адамдар өз ара талашып-тартышкан нерселерде өкүм чыгаруулары үчүн Өзүнүн элчилери менен бирге эч кандай шек-күмөнү жок акыйкатты камтыган китептерди түшүрдү. Тоораттын илими берилген жөөттөр гана ал Аллах тараптан түшкөн акыйкат экендигине Анын далилдери келгенден кийин дагы зулумдуктан улам ал тууралуу талашып-тартышууну токтотушпады. Аллах Өзүнүн уруксаты жана каалоосу менен ыймандууларга туура жолду адашуудан айырмалап билүүгө ийгилик берди. Аллах кимди кааласа, эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салат. Ал – ыйман жолу.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• ترك شكر الله تعالى على نعمه وترك استعمالها في طاعته يعرضها للزوال ويحيلها بلاءً على صاحبها.
Аллах тааланын жакшылыктарына шүгүр кылбоо жана аларды Ага моюн сунуу үчүн пайдаланбоо аларды жок кылат жана ээси үчүн балээге айланат.

• الأصل أن الله خلق عباده على فطرة التوحيد والإيمان به، وإبليس وأعوانه هم الذين صرفوهم عن هذه الفطرة إلى الشرك به.
Негизи Аллах пенделерин табияттан жалгыз кудайга сыйынуу жана Ага ыйман келтирүү ишениминде жараткан. Ал эми Иблис жана анын жан-жөкөрлөрү аларды бул түпкү табияттан ширк кылууга бурушат.

• أعظم الخذلان الذي يؤدي للفشل أن تختلف الأمة في كتابها وشريعتها، فيكفّر بعضُها بعضًا، ويلعن بعضُها بعضًا.
Ийгиликсиздикке алып бара турган эң чоң жоготуу – үммөт өз китеби жана шарияты тууралуу пикир келишпестикте болуп, бири-бирин каапырга чыгаруусу жана бири-бирине каргыш айтуусу.

• الهداية للحق الذي يختلف فيه الناس، ومعرفة وجه الصواب بيد الله، ويُطلب منه تعالى بالإيمان به والانقياد له.
Адамдардын арасында талаш-тартышты жараткан акыйкатка туура жол көрсөтүү жана туурасын билүү Аллахтын колунда жана аны Аллахка ыйман келтирип, Ага ээрчүү менен суроо керек.

• الابتلاء سُنَّة الله تعالى في أوليائه، فيبتليهم بقدر ما في قلوبهم من الإيمان به والتوكل عليه.
Аллахтын Өзүнүн сүйүктүү пенделерин сыноосу – Анын тутунган жолу. Ал аларды жүрөктөрүндөгү Ага болгон ыйманга жана тобокелге жараша сынайт.

• من أعظم ما يعين على الصبر عند نزول البلاء، الاقتداء بالصالحين وأخذ الأسوة منهم.
Сыноо келгенде сабыр кылууга жардам берген нерселердин эң чоңу – такыба адамдарды ээрчүү жана алардан үлгү алуу.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (213) Sura: Al'bakara
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa