Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (197) Sura: Al'bakara
ٱلۡحَجُّ أَشۡهُرٞ مَّعۡلُومَٰتٞۚ فَمَن فَرَضَ فِيهِنَّ ٱلۡحَجَّ فَلَا رَفَثَ وَلَا فُسُوقَ وَلَا جِدَالَ فِي ٱلۡحَجِّۗ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ يَعۡلَمۡهُ ٱللَّهُۗ وَتَزَوَّدُواْ فَإِنَّ خَيۡرَ ٱلزَّادِ ٱلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُونِ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Ажылык убагы белгилүү айлар, Шаввал айынан башталып, Зулхижжа айынын онунчу күнү бүтөт. Ким ушул айларда ажылык кылууну өзүнө милдет кылса жана ихрамга кирсе, ал үчүн жыныстык мамиле жана ага алып бара турган иштерди кылуу арам болот. Убакыттын жана жердин улуктугунан улам күнөө кылып Аллахка баш ийбей кетүүнүн арамдыгы анын акысында күчтүүрөөк болот. Ошондой эле ачууланууга жана душмандыкка алып баруучу талаш-тартыштар да ал үчүн арам. Кандай жакшылык кылсаңар да, Аллах аны билет жана анын сыйлыгын берет. Ажылык кылууга жардам суроо менен өзүңөргө керектүү тамак-аш жана суусундуктарды алгыла. Билгиле, бардык ишиңерде жардам катары колдоно тургандардын эң жакшысы – Аллах таалага такыбалык кылуу. Оо, тунук акыл ээлери! Буйруктарымды аткарып, тыйгандарымды таштоо менен Менден корккула.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• يجب على المؤمن التزود في سفر الدنيا وسفر الآخرة، ولذلك ذكر الله أن خير الزاد هو التقوى.
Ыймандуу адам дүйнө жана акырет сапары үчүн азык камдоого тийиш. Ошол себептен Аллах азыктын эң жакшысы – такыбалык деп айтты.

• مشروعية الإكثار من ذكر الله تعالى عند إتمام نسك الحج.
Ажы ибадаттары толук бүткөндө Аллахты көп зикир кылуу шариятта келген.

• اختلاف مقاصد الناس؛ فمنهم من جعل همّه الدنيا، فلا يسأل ربه غيرها، ومنهم من يسأله خير الدنيا والآخرة، وهذا هو الموفَّق.
Адамдардын максаттары ар түрдүү болгондуктан, алардын кээ бирлери дүйнөнү гана көздөп, Раббисинен андан башканы сурашпайт. Ал эми кээ бирлери Андан дүйнө жана акырет жакшылыктарын сурашат. Мына ушунусу ийгиликке жетет.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (197) Sura: Al'bakara
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa