Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (20) Sura: Al'kahf
إِنَّهُمۡ إِن يَظۡهَرُواْ عَلَيۡكُمۡ يَرۡجُمُوكُمۡ أَوۡ يُعِيدُوكُمۡ فِي مِلَّتِهِمۡ وَلَن تُفۡلِحُوٓاْ إِذًا أَبَدٗا
Эгерде элиңер силердин турган жериңерди билип калышса, анда силерди таш баранга алып өлтүрүшөт же алар силерге Аллах силерге туура жолду бергенге чейин жүргөн туура эмес диндерине кайтарышат. Эгерде ал динге кайтып кетсеңер, анда бул дүйнөдө жана акыретте эч качан ийгиликке жетпейсиңер. Анда акыйкат жолун таштаганыңар үчүн жана туура эмес диниңерге кайтып кеткендигиңер себептүү эки дүйнөдө чоң зыянга учурайсыңар.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• من حكمة الله وقدرته أن قَلَّبهم على جنوبهم يمينًا وشمالًا بقدر ما لا تفسد الأرض أجسامهم، وهذا تعليم من الله لعباده.
Аллах даанышмандуулугу менен жана кудурети менен жер адамдын денесин чиритип жибербеш үчүн адамды уктаганда оң жагына жана сол жагына оодарып турат.

• جواز اتخاذ الكلاب للحاجة والصيد والحراسة.
Үй-жайды кайтаруу үчүн, ууга чыгуу үчүн жана башка муктаждык үчүн ит бакса уруксат.

• انتفاع الإنسان بصحبة الأخيار ومخالطة الصالحين حتى لو كان أقل منهم منزلة، فقد حفظ ذكر الكلب لأنه صاحَبَ أهل الفضل.
Адам такыба жана жакшы адамдар менен туура мамиледе болуш керек. Алардан даражасы төмөн болсо да алар менен бирге жүрүү керек. Анткени бул окуяда айтылган ит такыба адамдар менен бирге болгондуктан, ал туурасында Куранда айтылып калды.

• دلت الآيات على مشروعية الوكالة، وعلى حسن السياسة والتلطف في التعامل مع الناس.
Бул аяттар соодада башка бирөөнү өкүл кылуу уруксат экендигине далил болот. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөз менен жана жумшак мамиледе болууга үндөйт.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (20) Sura: Al'kahf
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa