Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Aya: (81) Sura: Al'nahl
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّمَّا خَلَقَ ظِلَٰلٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلۡجِبَالِ أَكۡنَٰنٗا وَجَعَلَ لَكُمۡ سَرَٰبِيلَ تَقِيكُمُ ٱلۡحَرَّ وَسَرَٰبِيلَ تَقِيكُم بَأۡسَكُمۡۚ كَذَٰلِكَ يُتِمُّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُسۡلِمُونَ
Аллах силерге ысыкта көлөкөлөнүш үчүн бак-дарактарды, турак-жайларды кылды жана силерге сууктан, ысыктан, душмандан коргонуш үчүн тоолорго үнкүрлөрдү кылды. Ошондой эле ысык-сууктан сактаныш үчүн силерге кебезден ж.б. нерселерден кийим-кечектерди кылды жана согушта бири-бириңердин соккуңардан коргонуш үчүн силерди коргогон соот кийимдерди кылды. Алар аркылуу курал денеңерге тешип кире албайт. Ошондой эле Аллах силерге жогорудагы жакшылыктарды берген сыяктуу эле силер жалгыз Ага моюн сунуп, Ага эч бир нерсени шерик кылбашыңарды каалап Ал силерге жакшылыктарын толук кылып берет.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• دلت الآيات على جواز الانتفاع بالأصواف والأوبار والأشعار على كل حال، ومنها استخدامها في البيوت والأثاث.
Бул аяттар бардык абалда малдын жүндөрүн, тыбыттарын жана кылдарын пайдаланууга уруксат экендигине далил болот. Ошондой эле үй ичинде жана эмеректерде пайдаланууга да уруксат.

• كثرة النعم من الأسباب الجالبة من العباد مزيد الشكر، والثناء بها على الله تعالى.
Жакшылыктардын көптүгү пенделерден ашыкча шүгүр кылууну жана ал үчүн Аллахка мактоолорду айтууну талап кылган себептерден.

• الشهيد الذي يشهد على كل أمة هو أزكى الشهداء وأعدلهم، وهم الرسل الذين إذا شهدوا تمّ الحكم على أقوامهم.
Бардык үммөткө күбөгө өткөн адам – эң таза жана адилеттүү күбө. Алар - күбөгө өткөндө коомуна толук өкүм чыгарыла турган пайгамбарлар.

• في قوله تعالى: ﴿وَسَرَابِيلَ تَقِيكُم بِأْسَكُمْ﴾ دليل على اتخاذ العباد عدّة الجهاد؛ ليستعينوا بها على قتال الأعداء.
Аллахтын «соккуңардан сактай турган соот кийимдерди» деген сөзү – пенделер согушка курал-жарактарды камдап жана алардын жардамы менен душмандарга каршы согушууга колдонуусу керектигине далил болот.

 
Fassarar Ma'anoni Aya: (81) Sura: Al'nahl
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa